Загрузка документа…
СЕМЕТЕЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 1-чакырылышынын
1-кезектеги сессиясы
2025-жылдын 30-январы № 17
Жол куруу жөнүндө
Семетей айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 29-январындагы №01-11/56 сандуу кайрылуусунда көрсөтүлгөн 2025-жылы март айларында Талас-Тараз-Суусамыр жолунун курулушу башталышы мененСеметей айылындагы жол тыгымдарынын алдын алуу максатында Р.Джолдошев көчөсү менен М.Кояшев көчөсүн бириктирген жаны көчөнун салынышы тууралуу кайрылуусун карап Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 18-беренесинин ”Жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндө жергиликтүү кеңештердин компетенциясы” 3-пунктуна ылайык Семетей айыл аймагынын айылдык кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семетей айыл аймагына караштуу Семетей айылындагы Р.Джолдошев көчөсү менен М.Кояшев көчөсүн бириктирген жаны жол Семетей айылынын башкы планына ылайык жана сметага ылайык каржыланып жолдун куруу иштерине уруксат берилсин.
2. Жогорудагы жолдун курулушуна өзгөчө көнүл бурулсун.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Семетей айыл өкмөтүнүн башчысы К.Р.Рыскуловго тапшырылсын.
Төрага |
| Т.У.Джапаркулов |