Загрузка документа…
СЕМЕТЕЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 1-чакырылышынын
1-кезектеги сессиясы
2025-жылдын 30-январы № 18
КБФнын жерлери жөнүндө
Семетей айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 29-январындагы №01-11/56 сандуу кайрылуусунда көрсөтүлгөн КРнын Өкмөтүнүн №243 токтомунда көрсөтмөсүнө ылайык КБФнын жерлеринин ижара төлөмдөрүнөн түшкөн каражатка КБФнын жерлерине баруучу жолдорго жана арыктарды тазалатууга сметага ылайык акча каражаттарын болүп берүүгө жана ижара келишимдердин баасын бир жолу кароо тууралуу кайрылуусун карап Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 18-беренесинин ”Жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндө жергиликтүү кеңештердин компетенциясы” 3-пунктуна ылайык Семетей айыл аймагынын айылдык кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №243 токтомунда көрсөтмөсүнө ылайык КБФнын жерлеринин ижара төлөмдөрүнөн түшкөн каражаттан КБФнын жерлерине баруучу жолдорго жана арыктарды тазалатууга сметага ылайык акча каражаттарын бөлүп берүүгө жана ижара келишимдердин баасын бир жолу кароого өзгөртүүгө уруксат берилсин.
2. КБФнын жерлеринин максаттуу пайдаланылышына өзгөчө көнүл бурулсун.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Семетей айыл өкмөтүнүн башчысы К.Р.Рыскуловго тапшырылсын.
Төрага |
| Т.У.Джапаркулов |