Загрузка документа…
СЕМЕТЕЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 1-чакырылышынын
1-кезектеги сессиясы
2025-жылдын 30-январы № 20
Айыл чарба жерлерин тактоо жөнүндө
Семетей айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 29-январындагы №01-11/56 сандуу кайрылуусунда көрсөтүлгөн 2025-жылдын март айынан баштап Манас райондук статистика бөлүмү жана Талас областтык жерге жайгаштыруу башкармалыгы менен биргеликте айыл чарба жерлерин инвентаризациялоого керектелүүчү акча каражаттарын сметага ылайык бөлүп берүү жөнүндөгү кайрылуусун карап Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 18-беренесинин ”Жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндө жергиликтүү кеңештердин компетенциясы” 3-пунктуна ылайык Семетей айыл аймагынын айылдык кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2025-жылдын март айынан баштап Манас райондук статистика бөлүмү жана Талас облустук жерге жайгаштыруу башкармалыгы менен биргеликте айыл чарба жерлерин инвентаризациялоого керектелүүчү акча каражаттарын сметага ылайык бөлүп берүүгө уруксат берилсин.
2. Айыл чарба жана башка багыттагы жерлерди тактоого көнүл бурулсун.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Семетей айыл өкмөтүнүн башчысы К.Р.Рыскуловго тапшырылсын.
Төрага |
| Т.У.Джапаркулов |