Загрузка документа…
СЕМЕТЕЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 1-чакырылышынын
1-кезектеги сессиясы
2025-жылдын 30-январы № 21
Жер категориясын которууга макулдук берүү жөнүндө
Семетей айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 29-январындагы №01-11/55 сандуу кайрылуусунда көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, Курулуш жана Турак жай-комуналдык чарба мамлекеттик агенттиги тарабынан 2023-жылдын 24-ноябрында №451-02/2023 шифр номерлүү Семетей айылынын башкы долбоорун карап Семетей айыл өкмөтүнө жер тилке бөлүп берүүгө кайрылган жарандардын саны 1423 жарандан ашкандыктан турак жай курууга жер маселесин чечүү үчүн Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 18-беренесинин “Жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндө жергиликтүү кеңештердин компетенциясы” 3-пунктуна ылайык Семетей айыл аймагынын айылдык кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семетей айыл аймагына караштуу Семетей айылындагы-№837, 838, 829, 882, 883-контурларынан жалпы аянты 124,0га айыл чарба сугат кайра бөлүштүрүү фондунан, №92, 93, 87, 88, 90, 172, 170, 85, 83, 82, 70, 74, 73, 94 – контурларынан жалпы аянты 74,0га жайыт категориясынан баардыгы биригип 198,0га жер аятын калктуу конуштун жерлери категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Жарандарды жер тилке менен камсыздоо багытында иштер жргүзүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Семетей айыл өкмөтүнүн башчысы К.Р.Рыскуловго тапшырылсын.
Төрага |
| Т.У.Джапаркулов |