Загрузка документа…
СЕМЕТЕЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 1-чакырылышынын
1-кезектеги сессиясы
2025-жылдын 30-январы № 22
Суу каналдарын жер аянты менен өткөрүп берүү жөнүндө
Семетей айыл аймагына караштуу СПАларга тиешелүү болгон суу каналдары жана суу каналдары ээлеп турган жер аянттары Мамлекеттик мүлк фонду аркылуу Манас райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүү тууралуу А.Таалайбек уулунун жана Семетей айыл өкмөтүнүн башчысы К.Рыскуловдун кайрылуусун карап, талкуулап, Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 18-беренесинин “Жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндө жергиликтүү кеңештердин компетенциясы” 3-пунктуна ылайык Семетей айыл аймагынын айылдык кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семетей айыл аймагына караштуу баардык СПАларга тиешелүү болгон суу каналдары жана суу каналдары ээлеп турган жер аянттары Мамлекеттик мүлк фонду аркылуу Манас райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Жогорудагы жер аянтына тиешелүү мамлекеттик актылар кабыл алуу өткөрүп берүү актылары менен тиешелүү иш чаралар жүргүзүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Семетей айыл өкмөтүнүн башчысы К.Р.Рыскуловго тапшырылсын.
Төрага |
| Т.У.Джапаркулов |