Загрузка документа…
СЕМЕТЕЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 1-чакырылышынын
1-кезектеги сессиясы
2025-жылдын 30-январы № 24
Ат майданы жөнүндө
Семетей айылындагы “Мукай Аке” ат майданына элге ыңгайлуу шарт менен көрүүгө арналган трибуна жана отургучтары менен орнотуп, ат майданга кум төшөп берүү жөнүндөгү Семетей айылдык кеңештин депутаты Н.Каулбековдун кайрылуусун угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесинин 20-пунктуна ылайыкСеметей айыл аймагынын айылдык кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семетей айылдык кеңештин депутаты Н.Каулбековдун кайрылуусу канааттандырылсын.
2. “Мукай Аке” атмайданына трибуна жана отургучтары менен орнотуп, ат майданга кум төшөп берүүгө 2 000 000сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Семетей айыл өкмөтүнүн башчысы К.Р.Рыскуловго тапшырылсын.
Төрага |
| Т.У.Джапаркулов |