Загрузка документа…
ЫСЫК-КӨЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ЫСЫК-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН XXIХ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН II СЕССИЯСЫ
Т О К Т О М
19.12.2024-ж №2
Жайыт жерлерди пайдаланууга макулдук берүү жөнүндө
Ысык-Көл айыл аймагынын жергиликтүү бюджетин жогорулатуу, жайыт ресурстарын үзгүлтүксүз, сарамжалдуу пайдалануу жана ошондой эле жайкы туризм тармагын өнүктүрүү максатында “КЕДРА” жоопкерчилиги чектелген коомунун кайрылуусун карап Ысык-Көл айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Ысык-Көл айыл аймагына караштуу Ысык-Көл айылынын №421; №422; №424;№425;№364 контурларындагы жалпы 7 га жайыт жерлерин “КЕДРА” жоопкерчилиги чектелген коомуна 20 (жыйырма) жылдык мөөнөткө пайдаланууга берилсин.
2. Бул токтом Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жана катто үчүн Областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын Ысык-Көл айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы У.Бозгуновго жүктөлсүн.
Төрага О.Мукамбетов