Загрузка документа…
|
ЫСЫК-КӨЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ЫСЫК-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН III СЕССИЯСЫ
Т О К Т О М
16.01.2025-ж №7
Ысык-Көл айыл аймагынын Тогуз-Булак айылындагы “Сигма” насостук станциясын Түп райондук суу чарба башкармалыгынын балансына өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндө
Ысык-Көл айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы У.Бозгуновдун кайрылуусун угуп жана ошондой эле айыл аймактагы ирригация түйүндөрүн жакшыртуу максатында Ысык-Көл айыл аймагынын айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ысык-Көл айыл аймагынын Тогуз -Булак айылындагы “Сигма” насостук станциясын Түп райондук суу чарба башкармалыгынын балансына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Бул токтом Ысык-Көл областык юстиция башкармалыгына каттоодон өткөрүү жагы Г.Карымбаевага милдетендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы жер ресурстары , айыл чарба маселелери боюнча адис К.Жумабековага жүктөлсүн.
Төрага О.Мукамбетов