Загрузка документа…
|
ЫСЫК-КӨЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ЫСЫК-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН III СЕССИЯСЫ
Т О К Т О М
16.01.2025-ж №8
Ынтымак айылындагы мурдагы Күрмөнтү цемент заводуна тиешелүү курулушу баштала элек пансионаттын ордун Ысык-Көл айыл өкмөтүнүн балансына алууга макулдук берүү жөнүндө
Ысык-Көл айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы У.Бозгуновдун малымаатын угуп жана ошондой эле Ынтымак айылындагы көп жылдан бери курулуш иштери башталбай сырткы тосмолору урап кароолчунун үйү талкаланып жок боллуп бара жаткандыгына байланыштуу,жерлерди эффективдүү пайдалануу жана ошондой эле Ысык-Көл айыл өкмөтүнүн бюджетин жакшыртуу максатында Ысык-Көл айыл аймагынын айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ынтымак айылынын №10 контурунда жайгашкан жалпы аянты 57,5 чарчы метр кароолчунун үйүнүн имараты жана курулушу баштала элек пансионаттын 15,0 га жер участогу менен идентификациалык коду (2-05-03-0005-0250) Ысык-Көл айыл өкмөтүнүн балансына алууга макулдук берилсин.
2. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен жердин инфраструктурасын жакшыртууга 1000,0 ( бир миллион) сом акча каражаты бөлүнсүн.
3. Бул токтом Ысык-Көл областык юстиция башкармалыгына каттоодон өткөрүү жагы Г.Карымбаевага милдетендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы жер ресурстары , айыл чарба маселелери боюнча адис К.Жумабековага жүктөлсүн.
Төрага О.Мукамбетов