АЙРЫ-ТАМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Айры-Там айылдык кеңешинин I чакырылышынын
кезекcиз V сессиясынын
2025-жылынын 18-марты №5/21
«“Чапчыма Голд” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан долбоорлорду социалдык пакеттин негизинде ишке ашыруу жөнүндө»
Айры-Там айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жана “Чапчыма Голд” жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосундагы кызматташтык макулдашууга ылайык, долбоорлорду ишке ашыруу максатында, Айры-Там айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Камчыбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Айры-Там айылдык кеңешинин депутаттарынын сунуштарын эске алуу менен, Айры-Там айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- “Чапчыма Голд” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан “Мектеп автобусу” долбоорун ишке ашыруу максатында чек арада , тоолу аймакта, мектептен алыс жашаган окуучуларды ташуу үчүн 1564 000 (бир миллион беш жүз алтымыш төрт миң) сом акча каражатын ажыратып берүү суралсын;
- “Чапчыма Голд” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан айыл аймактагы таза суу жана суугат суу тармактарындагы приоритеттүү долбоорлорду ишке ашыруу үчүн 770 190 (жети жүз жетимиш миң бир жүз токсон) сом акча каражаты суралсын;
- “Чапчыма Голд” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан айыл аймагынын социалдык-экономиклык долбоорлорун ишке ашырууда, Айры-Там айыл аймагына “Касапкана”(убойный цех) курууга, материалдык колдоо көрсөтүү жагы суралсын;
- Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүү жагы Айры-Там айылдык кеңешинин катчысына жүктөлсүн;
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңешинин төрагасы | М.Кулуев. |