Загрузка документа…
БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Барпы айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
III сессиясынын
2025-жылынын 18-февралы №3/8
«Жерлерди бир категориядан экинчисине которуу жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Жер кодексин 10-18-статьялары жана Кыргыз Республикасынын Ѳзгѳчѳ кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматынын 29.11.2024-жыл №02-2/3922 сандуу каты, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлүнүн аппараты 02.12.2024-жыл №06-01/7455 сандуу каты, Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын 09.12.2024-жыл №02-14/6571 санду каттары жергиликтүү кеңештин депутаттары таанышып, угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Барпы айыл аймагындагы Боз-Чычкан айылынын №676-контурдагы 41,7га жайыт, №675-контрундагы 0,20га жайыт, №678-контурдагы 52,5га жайыт, №672-контурдагы 5,0га кайракы айдоо жери, №677-контурдагы 0,10га жол, 0,50га башка жерлер категориясындагы жалпы 100,0га жер аянты, айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан, токой фондусу жерлери категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Которууга макулдук берилген 100,0га жер аянтына кетүүчү иш кагаздарын даярдоо жана Сузак райондук мамлекеттик администрациясынан суроо жагы Барпы айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы И.Маматсабировго жүктѳлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзѳмөлдөөнү жер жана суу чарба маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын тѳрагасы А. Жолдубаевге милдеттендирилсин.
Төрага
|
У.А.Абдыкулов |
|
|