КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
Каракол шаардык Кеӊешинин XXIX чакырылышынын V сессиясы
ТОКТОМ
23 апрель 2025 №29-5/2
Ж-1И зонасынын уруксаат берилген жер тилкесинин пайдалануунун негизги түрлөрүнүн тизмегине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Каракол шаарынын муниципалдык мүлк башкармалыгынын башчысы Т.К.Жумакадыровдун, Ж-1И зонасындагы жер тилкенин бир бѳлʏгʏн башкага которуу жѳнʏндѳгʏ, 2025-жылдын 18-мартындагы, чыг:№01-11/158 катын карап жана талкуулап, жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык Кеӊешинин XXIX чакырылышынын V сессиясы,
токтом кылат:
1. Ж-1И (тарых жана маданият эстеликтерин коргоо шарттарын чектөө менен жеке менчик турак жай курулушунун зонасы) зонасынын уруксат берилген жер тилкесинин пайдалануунун негизги түрлөрүнүн тизмегине, Каракол шаарындагы, Жусаев атындагы №116, 118 даректеринде жайгашкан, аянты 1022,0 м2 болгон жер тилкесин, Ц-1 (шаардын борборунун коомдук, иштиктүү жана коммерциялык активдүүлүк зонасы) зонасына которулсун.
2. Ысык-Көл регионалдык, шаар куруу жана архитектура башкармалыгы:
-Каракол шаарынын курулуш ченемдери жана Эрежелерине көрсөтүлгөн толуктоону киргизсин.
-бул токтомдо, кѳрсѳтʏлгѳн обьектти, максаттуу пайдалануу жагынын, аткаруусун камсыз кылсын.
3. Б.О.Усенбаев, Каракол шаарынын курулуш нормалары жана жерди пайдалануу
эрежелерине ылайык сактасын.
4. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн
областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5. Токтом ММКларда жарыялансын.
6. Токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл жʏргʏзʏʏ жерди пайдалануу, архитектура,Курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын мэрине жʏктѳлсʏн.
Төрага А.А. Сапарбеков