Документке
Мурунку01.07.2025

КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

 

Каракол шаардык Кеӊешинин XXIX чакырылышынын V сессиясы

ТОКТОМ

23 апрель 2025 №29-5/3

Каракол шаарын муниципалдык менчигине кыймылсыз мүлкү бар жер тилкесин кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө

 

Каракол шаарынын мэри Т.Мадяровдун, 2025-жылдын 14-апрелиндеги кир:№01-17-1452 кайрылуу катын жана жеке менчикти муниципалдык менчикке ыктыярдуу өткөрүп берүү жөнүндөгү Т.И.Мухамедованын арызын карап жана талкуулап, жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык Кеӊешинин XXIX чакырылышынын V сессиясы,

 

токтом кылат:

 

1. Каракол шаардык мэриясына, Каракол шаарынын Карасаев №331 дарегинде жайгашкан (идентификациялык код:2-01-03-0096-0699) “Каракол Сервис” ЖЧКсынын кыймылсыз мүлкү менен, жалпы аянты 22000,0 м2 түзгөн жер тилкесин муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берилсин.

2. Каракол шаарынын мэриясы, жер тилкесин муниципалдык менчикке кабыл алуу боюнча бардык зарыл болгон жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана башка ченемдик-укуктук актыларына ылайык жүргүзсүн.

3. Бул токтом мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизү үчүн областык юстиция башкармалыгына жиберилсин.

4.      Токтом ММКларда жарыялансын.

5. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын мэрине жүктөлсүн.

 

Төрага А.А. Сапарбеков

 

Жаңы30.06.2025