Документке
Мурунку01.07.2025

КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

 

Каракол шаардык Кеӊешинин XXIX чакырылышынын V сессиясы

ТОКТОМ

23 апрель 2025 №29-5/4

 

Каракол шаардык Кенешинин 2021-жылдын 4-августундагы, №28-6/10 токтомун жокко чыгаруу жана Каракол шаардык Кенешинин, 2021-жылдын 27-апрелиндеги №27-42/10 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Каракол шаарынын мэри Т.Мадяровдун, 2025-жылдын 11-апрелиндеги чыг:№01-17-1436 жана Каракол шаарынын муниципалдык мүлк башкармалыгынын башчысы Т.Жумакадыровдун, 2025-жылдын 7-апрелиндеги чыг:№01-11/192 кайрылуу каттарын карап жана талкуулап, жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык Кеӊешинин XXIX  чакырылышынын V сессиясы,

 

                                      токтом кылат:

 

1.     Каракол шаардык Кенешинин, 2021-жылдын 4-августундагы №28-6/10 “Социалдык шаар” долбоорун ишке ашыруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндөгү” токтому күчүн жоготту деп табылсын.

2.      Каракол шаардык Кенешинин, 2021-жылдын 27-апрелиндеги №27-42/10 токтомунун 2-пунктундагы “бала бакча куруу үчүн”-деген сөздөн кийин “жана социалдык шаарча долбоорун ишке ашырууга”-деген сөздөр менен толукталсын.

3.      Каракол шаарынын мэриясы жана Ысык-Көл областтык регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы ушул токтомдун Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларына, Жоболоруна жана Каракол шаардык Кенеши тарабынан кабыл алынган Жоболорго ылайык так аткарылышын камсыз кылсын.

4.      Бул токтом мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизү үчүн областык юстиция башкармалыгына жиберилсин.

5.   Токтом ММКларда жарыялансын.

6.   Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын мэрине жүктөлсүн.

 

 

Төрага А. Сапарбеков

 

Жаңы30.06.2025