Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2025-жылдын 22-марты ПЖ № 96
Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетине "улуттук" деген статусту ыйгаруу жөнүндө
Маданият жана искусство жаатындагы жогорку кесиптик билим берүүнү өнүктүрүүгө жана өркүндөтүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетине "улуттук" деген статус ыйгарылсын жана мындан ары "Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университети" деп аталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |