КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
, Каракол шаардык Кеӊешинин XXIX чакырылышынын V сессиясы
ТОКТОМ
23 апрель 2025 №29-5/5
“Жашыл жайыт” муниципалдык ишканасын
ачуу жана Уставын бекитүү жөнүндө
Каракол шаарынын мэри Т.Мадяровдун, 2025-жылдын 19-мартындагы чыг:№01-17-985 жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри Э.А.Айсаракуновдун, 2025-жылдын 12-февралындагы чыг:№01-17/502 кайрылуу каттарын карап жана талкуулап, жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык Кеӊешинин XXIX чакырылышынын V сессиясы,
токтом кылат:
1. Каракол шаарынын “Жашыл жайыт” муниципалдык ишканасы ачылсын.
2. “Жашыл жайыт” муниципалдык ишканасынын Уставы бекитилсин.(тиркеме №1)
3. Бул токтом мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизү үчүн областык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Токтом ММКларда жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын мэрине жүктөлсүн.
Төрага А.А, Сапарбеков
Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин
23.04.2025 жылынын № 29-5/5
токтому менен бекитилген
“Жашыл жайыт”муниципалдык ишканасынын
УСТАВЫ
1. Жалпы жоболор
1.1. Бул Устав Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, “Жайыттар жөнүндө”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабрындагы “Пилоттук режимде айыл аймактарынын деңгээлинде административдик-аймактык реформа менен камтылган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жөнүндө” № 735 токтомуна жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-сентябрындагы “Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүү тартиби жөнүндө” № 515, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы “Жайыттар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу” № 386 токтомунаылайык иштелип чыккан жана муниципалдык ишкананын ишмердүүлүгүн жөнгө салат.
1.2. “Жашыл жайыт” муниципалдык ишканасы (мындан ары -Ишкана) Каракол шаарынын мэриясынын чечимине (токтому) ылайык түзүлгөн.
1.3. Ишкана өз ишинде ушул Уставды, Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Каракол шаарынын мэриясынын чечимдерин жетекчиликке алат.
1.4. Ишкананын уюштуруу документи Устав болуп саналат.
1.5.Каракол шаарынын мэриясы (мындан ары-Уюштуруучу) ишкананын уюштуруучусу болуп саналат.
1.6. Ишкананын толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: " Жашыл жайыт " муниципалдык ишканасы;
- расмий тилде:муниципальное предприятие "Зеленое пастбище ".
Ишкананын кыскартылган аталышы:
- " Жашыл жайыт " МИ;
- МП " Зеленое пастбище ".
1.7.Ишкананын юридикалык дареги:Кыргыз Республикасы, Ысык-Көл облусу, Каракол шаары, Асан Булатов көчөсү үй №31/1
1.8. Ишкана чарба жүргүзүү укугуна негизделген муниципалдык ишкана түрүндөгү өз алдынча юридикалык жак болуп эсептелет.
1.9. Ишкана Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып юридикалык жактын укугуна ээ болот.
1.10. Ишкана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын банктарында алыш-бериш, анын ичинде валюталык эсептерди ачууга укуктуу.
1.11. Ишкананын мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, штамптары, фирмалык бланктары жана башка атрибуттары болот.
1.12. Ушул Устав менен жөнгө салынбаган маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат.
1.13. Ушул Уставдын мазмуну Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине карама-каршы келген учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдери колдонулат.
2. Ишкананын максаттары, милдеттери жана функциялары
2.1. Ишкананы түзүүнүн максаты шаардын социалдык-экономикалык жана жаратылыш-ресурстук потенциалын сарамжалдуу пайдалануунун негизинде шаардагы социалдык-экономикалык кырдаалды жакшыртуу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жакшыртуу жана калктын жыргалчылыгын камсыз кылуу жана муниципалдык заказдарды аткаруу болуп саналат.
2.2. Коюлган максаттарга жараша ишкананын негизги милдеттери болуп жайыт жерлерин натыйжалуу башкаруу боюнча киреше алуу менен иш жүргүзүү саналат,
2.3. Ишкана өзүнө жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу максатында төмөнкү функцияларды, анын ичинде уюштуруучу бекиткен өндүрүштүк программага ылайык жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен аткарат:
2.3.1. Жайыт жерлерин натыйжалуу башкаруу боюнча төмөнкү иштерди аткарат::
1) жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жылдык планын иштеп чыгуу жана аны жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы (жергиликтүү кеңеш) тарабынан бекитүү;
2) жайыттардын абалына мониторинг жүргүзүү;
3) Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын берилген ыйгарым укуктарына ылайык жайыт билеттерин берүү жана/же жайыттарды пайдалануу укугун берүү боюнча келишим түзүү;
4)жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы (жергиликтүү кеңеш) тарабынан белгиленүүчү жайыттарды пайдалануу үчүн жыйымдарды чогултуу;
5) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдети болуп саналган башка кызмат көрсөтүүлөр.
2.3.5.Жогоруда аталган иштин бардык түрлөрү Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
3. Ишкананын укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги
3.1. Ишкананын Укуктары:
- мүлккө чарба жүргүзүү укугунда, ошондой эле берилген ыйгарым укуктар боюнча өзүнүн ишинин максаттарына жана максатына ылайык ээлик кылууга жана пайдаланууга;
- өзүнүн атынан товардык материалдык баалуулуктарды жана арзан баадагы тез эскирүүчү буюмдарды, анын ичинде Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары сатып алууга, жоопкерчилик тартууга, сотто доогер жана жоопкер болууга, мыйзамдарда тыюу салынбаган ар кандай бүтүмдөрдү жасоого;
- улуттук жана чет өлкө валютасында алыш-бериш жана башка эсептерди ачууга; - Ишкананын ишин өз алдынча жүргүзүүгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда белгиленген тартипте кирешелерди өз алдынча тескөөгө;
- 2-берене менен белгиленген иштин чегинде чет өлкөлүк юридикалык жана жеке жактар менен кызматташууну жүзөгө ашырууга;
- финансылык-чарбалык ишти өз алдынча жүргүзүүгө;
- Ишкананын кызматкерлерине консультация берүү, окутуу жана башка максаттар үчүн адистерди, эксперттерди белгиленген тартипте тартууга;
- Ишкананын кызматкерлерин командировкаларга, анын ичинде чет өлкөлөргө, ошондой эле эл аралык конференцияларга, семинарларга, көргөзмөлөргө, алмашуу сапарларына катышуу үчүн жиберүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз ишинен киреше алууга;
- конкурстарга катышууга билдирме берүүгө;
- жеке жана юридикалык жактар менен кызматтарды көрсөтүүгө келишимдерди түзүүгө, ошондой эле алардын аткарылышынын эсебин алууга жана контролдоого;
- Ишкананын социалдык-тиричилик базасын өнүктүрүү;
- колдо болгон каражаттардын чегинде өз ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон иштерди жана кызматтарды юридикалык жана жеке жактардан кабыл алууга;
-сезондук иштерди аткаруу үчүн жеке адамдарды эмгек келишимдеринин, мөөнөттүү эмгек келишимдеринин, подряд келишимдеринин, контракттардын жана башка жарандык-укуктук келишимдердин негизинде тартууга;
- уюштуруучу тарабынан бекитилген уюштуруу түзүмүнүн жана Ишкананын штаттык санынын негизинде уюштуруучу менен макулдашуу боюнча штаттык ырааттаманы бекитүү
- Ишкананын кызматкерлерин күтүүгө жана чыгымдоого, Ишкананын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн жана сыйлоонун формаларын жана системаларын, чарбалык иш боюнча иштерди жүргүзүү үчүн техникалык жана социалдык өнүктүрүүгө жумшалуучу каражаттардын өлчөмүн белгилөөгө;
- мыйзамдарда белгиленген тартипте жол берилген жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдети болуп саналган кызмат көрсөтүү чөйрөсүн кеңейтүүгө;
- өз компетенциясынын чегинде юридикалык актыларды жана аракеттерди (бүтүмдөрдү) жасоого, келишимдерди түзүүгө;
3.2. Ишкананын Милдеттери:
- бардык кызматкерлер үчүн эмгектин коопсуз шарттарын камсыз кылууга жана алардын ден соолугуна жана эмгекке жөндөмдүүлүгүнө келтирилген зыян үчүн мыйзамда белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга;
- Ишкананын кызматкерлерин социалдык, медициналык жана милдеттүү камсыздандыруунун башка түрлөрү менен камсыздоого;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана түзүлгөн келишимдерге ылайык өз милдеттерин аткарууга;
- тиешелүү органдарга отчетторду өз убагында берүүгө, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте жана өлчөмдөрдө салыктарды жана башка төлөмдөрдү төлөөгө;
- Ишкананын кызматкерлеринин маяналарын жана сааттык тарифтик ставкаларын жыл сайын индексациялоо жүргүзүү;
- кызматкердин эмгек акысын жана сааттык тарифтик ставкасын эмгекке жарамдуу адамдын жашоо минимумунун өлчөмүнөн төмөн эмес белгилөөгө.
3.3. Ишкананын кызматкерлери эмгек тартибин, жумуш убактысынын режимин сактоого, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка сырларды, анын ичинде Ишканада ишин токтоткондон кийин да мыйзамдарда белгиленген мезгилдин ичинде сактоого, кызматтык милдеттерин аткарууда алынган жарандардын жеке турмушуна, ар-намысына жана кадыр-баркына тиешелүү маалыматтарды жашыруундуулукта сактоого милдеттүү.
3.4. Ишкананын ишине инвестор катары 2-берене менен белгиленген чөйрөдө программаларды жана иштеп чыгууларды ишке ашыруучу эл аралык уюмдар катыша алат.
3.5. Ишкананын кызматкерлеринин иштөө жана эс алуу режими, аларды социалдык камсыздоо, социалдык камсыздандыруу Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарынын ченемдерине ылайык жөнгө салынат.
3.6. Ишкана чарба жүргүзүү укугунда өзүнө таандык болгон кыймылсыз, кыймылдуу мүлктү (транспорт каражаттарын) сатууга, аны ижарага, күрөөгө берүүгө, Уюштуруучунун макулдугусуз чарбалык коомдордун жана шериктештиктердин уставдык капиталына салым (үлүш) катары киргизүүгө же башка ыкма менен бул мүлктү тескөөгө укуксуз.
3.7. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга каршы келбесе, Ишкана уюштуруучу менен макулдашуу боюнча ушул Уставда каралбаган башка укуктарга жана милдеттерге ээ болушу мүмкүн.
4. ИшкананыБашкаруу
4.1. Ишкананын жогорку башкаруу органы Ишкананын ишине жалпы жетекчиликти жана координацияны жүзөгө ашыруучу уюштуруучу болуп саналат.
4.2. Уюштуруучунун компетенциясына Ишкананы түзүү, Ишкананын Уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү, аны кайра уюштуруу жана жоюу маселелери кирет.
Уюштуруучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды да жүзөгө ашырууга укуктуу.
4.3. Ишкананын түзүмү жана штаттык саны Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчысынын чечими менен макулдашуу боюнча уюштуруучунун буйругу менен бекитилет.
4.4. Ишкананы учурдагы башкарууну уюштуруучу тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу Ишкананын директору ишке ашырат.
4.5. Директор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте укуктарга, милдеттерге ээ, жоопкерчилик тартат жана ушул Уставдын жана Директор менен Уюштуруучунун ортосунда түзүлүүчү эмгек келишиминин негизинде иштейт.
4.6. Ишкананын өндүрүштүк программасы (иштин көлөмү) уюштуруучу менен макулдашуу боюнча директор тарабынан бекитилет.
4.7. Муниципалдык заказды аткаруу бөлүгүндөгү өндүрүштүк программаны (иштин көлөмүн) аткаруунун алкагында Ишкана менен Уюштуруучунун ортосунда муниципалдык заказды аткаруу жөнүндө келишим түзүлөт.
4.8. Ишкананын директору:
- ишкананы жетектейт;
- уюштуруучуга отчет берет жана Ишкананын алдына коюлган милдеттердин аткарылышы жана анын ишинин натыйжалары үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- Уюштуруучунун чечимдеринин, тапшырмаларынын, ошондой эле жергиликтүү кеңештин чечимдеринин аткарылышын камсыз кылат.
Уюштуруучунун жана жергиликтүү кеңештин тапшырмалары аткаруу мөөнөттөрүн жана каржылоо булактарын милдеттүү түрдө көрсөтүү менен жазуу жүзүндө жол-жоболоштурулат;
- ишеним катсыз Ишкананын атынан иштейт, бардык мамлекеттик органдарда жана уюмдарда анын кызыкчылыгын коргойт, келишимдерди түзөт, ишеним каттарды берет, банктарда алыш-бериш эсептерин ачат, банктык, финансылык документтерге жана келишимдерге кол коет, ишкананын каражаттарын тескөө укугунан пайдаланат;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде Ишкананын бардык кызматкерлери үчүн аткарууга милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат, көрсөтмөлөрдү берет жана алардын аткарылышын текшерүүнү уюштурат;
- Ишкананын кызматкерлеринин ыйгарым укуктарын аныктайт;
- Ишкананын кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
- Ишкананын кызматкерлерине карата эмгекке дем берүү, сыйлоо жана тартиптик таасир берүү чараларын көрөт;
-жеке жана юридикалык жактар менен жарандык-укуктук мүнөздөгү келишимдерди (подряд жөнүндө, акы төлөө менен кызмат көрсөтүү жөнүндө келишим)түзүүгө укуктуу;
- мыйзамдар, рыноктун конъюнктурасы, эмгек шарттары ж. б. өзгөргөн учурларда Уюштуруучуга ушул Уставга оңдоолорду киргизүү жөнүндө сунуш киргизет.;
- жалпысынан ишкананын иши үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- Ишкананын милдеттерин жана функцияларын аткаруу үчүн зарыл болгон башка аракеттерди жүргүзөт.
4.9. Директор жок болгон учурда Ишкананын финансылык документтерине кол коюу укугу бул жөнүндө Уюштуруучунун тиешелүү буйругунун негизинде ыйгарым укуктуу адамга берилет.
4.10. Ишкананын директору жана башкы бухгалтери бухгалтердик эсептин тууралыгы жана Ишкананын финансылык каражаттарынын жана мүлкүнүн максаттуу пайдаланылышы үчүн жоопкерчилик тартышат. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык толук материалдык жоопкерчилик тартышат.
5. Ишкананын мүлкү жана финансы
5.1. Ишкананын мүлкү максаттарга жетүү жана ушул Уставда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жол берилген милдеттерди аткаруу үчүн ага чарба жүргүзүү укугунда бекитилип берилет.
5.2. Ишкананын мүлкү негизги жана жүгүртүү каражаттарынан турат.
5.3. Ишкана бекитилген мүлккө ээлик кылуу укугун мүлктү чарба жүргүзүү укугунда бекитүү жөнүндө келишимде белгиленген чектерде жүзөгө ашырат.
5.4. Ишкана мүлктү уюштуруучунун экономикалык максатка ылайыктуулугун жана кызыкчылыктарын эске алуу менен, иштин уставдык максаттарына жана предметине ылайык пайдаланат.
5.5. Ишкананын пайдасынын эсебинен сатып алынган мүлк муниципалдык менчикке келип түшөт жана ага чарба жүргүзүү укугунда бекитилип берилет.
5.6. Чарбалык иштин натыйжасында Ишкана алган пайдага Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык салык салынууга тийиш.
5.7. Ишканадан анын негизги жана жүгүртүлүүчү каражаттарын жана пайдаланылган мүлкүн алып коюуга уюштуруучунун чечими боюнча гана жол берилет.
5.8. Ишкананын финансылык-чарбалык иши өндүрүштүк программага ылайык жүргүзүлөт.
6. Ишкананын эсеби, пландоосу жана отчеттуулугу
6.1. Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бухгалтердик эсепти жана статистикалык отчеттуулукту жүргүзөт.
6.2. Ишкана өндүрүштүк программаны ишке ашыруу жөнүндө, анын ичинде бюджеттин аткарылышы жөнүндө жана Уюштуруучунун жана башка кызыкдар органдардын жана жактардын суроо-талабы боюнча финансылык-чарбалык иштин натыйжалары жөнүндө отчетторду берет.
6.3. Ишкананын ишин текшерүү Кыргыз Республикасынын тиешелүү контролдоочу органдары же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Уюштуруучунун ички аудити тарабынан жүзөгө ашырылат.
7. Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу
7.1. Ишкананы кайра уюштуруу (кошуу, кошулуу, бөлүү, ажыратуу, кайра түзүү) Уюштуруучунун чечими боюнча жүргүзүлөт.
7.2. Ишкананы жоюу Уюштуруучунун чечими же соттун чечими боюнча жүргүзүлөт.
7.3. Кредиторлордун талаптары канааттандырылгандан кийин ишкананын калган мүлкү бул мүлккө мүлктүк укуктарга же Ишканага карата милдеттенмелерге укуктарга ээ болгон Уюштуруучуга өтөт.
7.4. Ишкананы кайра уюштурууда же жоюуда иштен бошотулган кызматкерлерге компенсациялар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка жеңилдиктер жана кепилдиктер төлөнөт.
7.5. Каттоочу орган тиешелүү буйрук чыгарган учурдан тартып ишкана жоюлду деп эсептелет.
7.6. Ишкананын ишинин жүрүшүндө келип чыккан документтер "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык колдонулат жана сакталат.
Каракол шаардык Кеӊешинин
жооптуу катчысы Э. Майрыков