Документке
Мурунку01.07.2025

КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

 

Каракол шаардык Кеӊешинин XXIX чакырылышынын V сессиясы

 

ТОКТОМ

 

23 апрель 2025 №29-5/6

 

Каракол шаарынын участкалык шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине талапкерлердин тизмесин бекитүү жөнүндө

 

Каракол шаарынын мэри Т.Мадяровдун, 2025-жылдын кир:№01-17-981 катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык Кеӊешинин XXIX  чакырылышынын V сессиясы,

                  токтом кылат:

 

1.     Каракол шаарынын участкалык шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине талапкерлердин тизмеси бекитилсин.

2.     Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясына талапкерлердин бекитилген тизмесин Каракол шаарынын участкалык шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине киргизүү сунушталсын.

3.     Бул токтом мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизү үчүн областык юстиция башкармалыгына жиберилсин.

4.     Токтом ММКларда жарыялансын.

5.     Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, мыйзамдуулукту сактоо укук тартиби ММКлар коомчулук менен иш алып баруу депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын мэрине жүктөлсүн.

 

Төрага А.А. Сапарбеков

Жаңы30.06.2025