Документке
Мурунку01.07.2025

КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

 

Каракол шаардык Кеӊешинин XXIX чакырылышынын V сессиясы

 

ТОКТОМ

23 апрель 2025 №29-5/7

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын атайын эсебине материалдык зыяндын ордун толтуруу үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

Каракол шаарынын мэри Т.Мадяровдун, 2025-жылдын 15-апрелиндеги чыг:№01-17-1483 жана Кыргыз Республикасынын Улуттук Коопсуздук Мамлекеттик Комитетинин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн башчысы У.Сарматовдун,   2025-жылдын 11-апрелиндеги чыг:№06-15/2807 кайрылуу каттарын  карап талкуулап жана экономика, бюджет, соода, ѳнѳр жай, инвестициялар, туризм жана ишкердʏʏлʏктʏ колдоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен Каракол шаардык Кеӊешинин XXIX  чакырылышынын V сессиясы,

           токтом кылат:

1.     Каракол шаарынын финансы башкармалыгынын башчысы (Толумбекова Г), 2024-жылдын жергиликтүү бюджетинин аткарылышынын жыйынтыгы жана 2025-жылдын башындагы бош калдыктын каражаттарынан, мурда МАИ постун курууга бөлүнгөн акча каражаттын эсебинен, 7 451 040 (жети миллион төрт жүз элүү бир миң кырк) сом ѳлчѳмʏндѳгү акча каражатын,  материалдык зыяндын ордун толтуруу үчүн, УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын атайын эсебине,  которсун.

2.     Каракол шаардык Кенешинин, 2024-жылдын 25-декабрындагы №29-2/17 “Социалдык үй куруу үчүн мурда берилген жер тилкесин алмаштырууга макулдук берүү жөнүндөгү” токтому жокко чыгарылсын.

3.     Бул токтом мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизү үчүн областык юстиция башкармалыгына жиберилсин.

4.     Токтом ММКларда жарыялансын.

5.     Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, экономика, бюджет, соода, ѳнѳр жай, инвестициялар, туризм жана ишкердʏʏлʏктʏ колдоо боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын мэрине жүктөлсүн.

 

Төрага А.А. Сапарбеков

Жаңы30.06.2025