Загрузка документа…
БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Барпы айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
III сессиясынын
2025-жылынын 18-февралы №3/2
« Барпы айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 01.01.2025-жылга калдыкты бекитүү жөнүндө»
Барпы айыл өкмөтүнүн 2025-жыл 1-январына калган жергиликтүү бюджеттин калдыгы боюнча айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын билдүрүүсүн жана бюджет, финасы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиянын 12-февраль 2025-жылдагы №1 протоколунун чечимин талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Барпы айыл өкмөтүнүн 01.01.2025-жыл башына жергиликтүү бюжеттин калдыгын биринчи кезекте 2024-жылы мамлекеттик сатып алуулар порталында конкурс өткөрүлүп, келишим түзүлүп, товарлардын, кызмат көрсөтүлөрдү, аткарылган жумуштардын калдык суммаларына 2296,6 мин сом, айыл кеңешинин депутаттарынын, айыл өкмөтүнүн адистеринин сунуштарын жана элдин кайрырылууларын колдоого алуу, айыл өкмөтүнө инвестиция тартуу, аймактын социалдык жана экономикалык маселелерин чечүү максатында калган 11918,4 миң сом айыл аймактын социалдык-экономикалык өнүгүсүнө багыталган иш чараларга жана ар турдуу долбоорлорду колдоого №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. 01.01.2025-жылга атайын каражаты эсебинен башкаруу бөлүмүнөн (70111) калган 72,5 миң сом айыл аймактын социалдык экономикалык өнүгүсүнө багытталган иш чараларды колдоого, комуналдык чарба бөлүмүнөн (70629) калган 86,2 миң сом курулмаларды оңдоого, калган 321,3 миң сом бала бакчалардын ата энелердин чогулушун протоколун, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жетекчилерин кайрылуусун негизинде, балдар бакчаларын муктаждыгына карата тамак ашына каржылоого №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3.Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Маматсабиров Ислам Тиленбаевичке, аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл кеңешинин бюджет, финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Д.Темирбаевке милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Барпы айыл өкмөтүнүн расмий www.barpy.gov.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага
|
У.А.Абдыкулов |
|
|