КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
Каракол шаардык Кеӊешинин XXIX чакырылышынын V сессиясы
ТОКТОМ
23 апрель 2025 №29-5/8
Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармалыгынын мамлекеттик менчигине жер тилкесин өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Каракол шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Р.Сагымбаевдин, 2025-жылдын 08-апрелиндеги чыг:№01-17-1330 жана Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармалыгынын башчысынын орун басары Т.А.Жунушевдин,2025-жылдын 28-мартындагы чыг:№11/892 кайрылуу каттарын карап жана талкуулап, жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык Кеӊешинин XXIX чакырылышынын V сессиясы,
токтом кылат:
1. Каракол шаарынын мэриясына, Күчүков шоссеси жана Токтогул көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан, жалпы аянты 4,5 ганы түзгөн жер тилкени,футбол комплексин куруу үчүн, Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармалыгынын мамлекеттик менчигине өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Каракол шаарынын мэриясы, жер тилкесин өткөрүп берүү боюнча бардык зарыл болгон жол-жоболорду, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана башка ченемдик-укуктук актыларына ылайык жүргүзсүн.
3. Каракол шаарынын мэриясы, Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармалыгына жер тилкесин мамлекеттик менчикке өткөрүп берүү учурунда, Каракол шаарынын тургундарына, окууга, катышууга жана башка жеңилдик шарттары боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзсүн.
4. Бул токтом мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизү үчүн областык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5. Токтом ММКларда жарыялансын.
6. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын мэрине жүктөлсүн.
Төрага А.А. Сапарбеков