Документке
Мурунку01.07.2025

КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

 

Каракол шаардык Кеӊешинин XXIX  чакырылышынын V сессиясы

 

ТОКТОМ

23 апрель 2025 №29-5/9

 

Каракол шаардык Кенешинин төмөнкү токтомдорун жокко чыгаруу жөнүндө:2022-жылдын 06-июнундагы,  №28-15/2  “Каракол шаардык депутаттар Кенешинин, 2015-жылдын 21-октябрындагы, №26-36/8 “Каракол шаарынын муниципалдык жерлерин жана муниципалдык менчиктин мүлк обьектерин инвентаризациялоо жөнүндө”,  2022-жылдын 6-июнундагы, №28-15/3   Гоголь, Карасаев жана Тоголок Молдо атындагы көчөлөрү тараптагы “Маданият сарайын” куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө” Каракол шаардык Кенешинин, 2023-жылдын 14-мартындагы, №28-26/4 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Каракол шаарынын мэри Т.Мадяровдун, 2025-жылдын 18-апрелиндеги чыг:№01-17-1551 катын карап жана талкуулап, жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык Кеӊешинин XXIX  чакырылышынын V сессиясы,

                                    

                                    токтом кылат:

1.      Каракол шаардык Кенешинин, 2023-жылдын 14-мартындагы №28-26/4 токтомунун 4-пунктундагы, “30 га” деген сөздөр “306216,81 чарчы метр” деген сөздөр менен өзгөртүлүп толукталсын.  

2.      Бул токтом мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областык юстиция башкармалыгына жиберилсин.

3.   Токтом ММКларда жарыялансын.

4.   Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын мэрине жүктөлсүн.

 

Төрага А. Сапарбеков

 

Жаңы30.06.2025