КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
Каракол шаардык Кеӊешинин XXIX чакырылышынын V сессиясы
ТОКТОМ
23 апрель 2025 ж №29-5/10
Жалпы аянты 31,27 га жер тилкесинин курулуш долбоорун иштеп чыгууга акча каражатын бөлүү жөнүндө
Каракол шаарынын мэри Т.Мадяровдун, 2025-жылдын 18-апрелиндеги чыг:№01-17-1560 кайрылуу катын карап жана талкуулап, экономика, бюджет, соода, ѳнѳр жай, инвестициялар, туризм жана ишкердʏʏлʏктʏ колдоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык Кеӊешинин XXIX чакырылышынын V сессиясы,
токтом кылат:
1. Каракол шаарынын финансы башкармалыгынын башчысы (Толумбекова Г), Каракол шаарынын мэриясына, 2024-жылдын жергиликтүү бюджетинин аткарылышынын жыйынтыгы, жана 2025-жылдын башындагы бош калдыктан мурда МАИ постун курууга бөлүнгөн каражаттарынын эсебинен акча каражатын сметанын негизинде, Карасаев көчөсү менен Күчүков шоссе дарегинде жайгашкан жалпы аянты 31,27 га жер тилкесинин курулуш долбоорун иштеп чыгуу үчүн бѳлʏп берсин.
2. Каракол шаарынын мэриясы жана муниципалдык мүлк башкармалыгы, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ченемдик-укуктук актыларына жана жоболоруна ылайык бардык зарыл болгон жол-жоболорду жүргүзгөндөн кийин, жалпы аянты 31,27 га жер тилкесинин курулуш долбоорун иштеп чыгууга каржылоону жүргүзсүн.
3. Бул токтом мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизү үчүн областык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Токтом ММКларда жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, экономика, бюджет, соода, ѳнѳр жай, инвестициялар, туризм жана ишкердʏʏлʏктʏ колдоо боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын мэрине жүктөлсүн.
Төрага А. Сапарбеков