КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
Каракол шаардык Кеӊешинин XXIX чакырылышынын V сессиясы
ТОКТОМ
23 апрель 2025 №29-5/11
Бала-бакча куруу грантын каржылашуу үчүн акча каражаттарды бөлүү жөнүндө
Каракол шаарынын мэри Т.Мадяровдун маалыматын угуп жана 2024-жылдын 28-майындагы №15-280524 гранттык жардам көрсөтүү жана иш боюнча келишимин талкуулап, экономика, бюджет, соода, ѳнѳр жай, инвестициялар, туризм, ишкердʏʏлʏктʏ колдоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык Кеӊешинин XXIX чакырылышынын V сессиясы,
токтом кылат:
1. Каракол шаардык мэриясынын муниципалдык мүлк башкармалыгына “Алтын-Казык” кичи районунун Ак-Тилек №17/1 дарегинде курулуп жаткан бала-бакчанын жылуулук системасын орнотууга гранттык каражатты каржылашуу үчүн мурда көпүрөлөрдү куруу үчүн бөлүнгөн акча каражатынын эсебинен, сметага ылайык каржылоого уруксаат берилсин.
2. Бул токтом мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизү үчүн областык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтом ММКларда жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, экономика, бюджет, соода, ѳнѳр жай, инвестициялар, туризм, ишкердʏʏлʏктʏ колдоо боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын мэрине жүктөлсүн.
Төрага А. Сапарбеков