Загрузка документа…
БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Барпы айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
III сессиясынын
2025-жылынын 18-февралы №3/3
«Барпы айыл аймагындагы аталыштары бирдей болгон айылдардын аталышын ѳзгѳртүү жана айыл статусу жок айылдарга статус берүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жѳнүндѳ” мыйзамынын 6-11-беренелерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2008-жылдын 19-августу № 467 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө” жобого ылайык, Барпы айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн 2025-жылдын 07-февралындагы № 01-27/310 сандуу каты менен таанышып угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Барпы айыл аймагындагы (COATE 41703220812250 Ырыс айыл ѳкмѳтүнѳн ѳткѳн) Жар-Кыштак айылынын аталышы, жашоочулар менен болгон жыйындын протоколунун негизинде “Жар-Коргон” деп аталышына ѳзгѳртүү киргизилсин.
2.Кыргыз Республикасынын пилоттук режимде жүргүзүлгѳн административдик-аймактык реформанын алкагында Ырыс айыл ѳкмѳтүнѳн COATE 41703220812280 коду менен ѳткѳн Кыр-Жол айылы жана Атабеков айыл ѳкмѳтүнѳн COATE 41703220812220 коду менен ѳткѳн Кыр-Жол айылдарынын аталыштары бирдей болуп калгандыктан, эки айыл бириктирилип COATE 41703220812280 коду менен катталып баары биригип Кыр-Жол айылы деп аталсын.
3.Ырыс айыл ѳкмѳтүнѳн ѳткѳн COATE 41703220812230 коду менен катталган Кайнар айылы, Барпы айыл аймагындагы 40 (кырк) турак-жай жана 400гѳ жакын жашоочулары бар Курук-Сай участкасы менен бириктирилип, кайрадан COATE 41703220812230 коду менен катталып жалпысынан Курук-Сай айылы деп аталсын.
4.Атабеков айыл ѳкмѳтүнѳн ѳткѳн COATE 41703220812290 коду менен катталган Кайнар айылы, Барпы айыл аймагындагы COATE 41703220812300 коду менен катталган Кара-Жыгач айылы менен бириктилип, жалпысынан Кара-Жыгач айылы деп аталсын.
5.Атабеков айыл ѳкмѳтүнѳн ѳткѳн COATE 41703220812310 коду менен катталган Таш-Булак айылы, Барпы айыл аймагындагы COATE 41703220812130 коду менен катталган Тѳлѳс айылы менен бириктилип, жалпысынан Тѳлѳс айылы деп аталсын.
6.Барпы айыл аймагындагы Таш-Акур участкасында 60 (алтымыш) турак-жай жана 250гѳ жакын жашоочулар болгондуктан, Таш-Акур айылы деп айыл статусун алууга макулдук берилсин.
7.Барпы айыл аймагындагы Насос участкасында 70 (жетимиш) турак-жай жана 300гѳ жакын жашоочулар болгондуктан, жашоочулар менен болгон жыйындын протоколунун негизинде, “Ынтымак” айылы деп статус алууга макулдук берилсин.
8.Жогорууда аталган айылдардын аталыштарын ѳзгѳртүүгѳ жана кайрадан атоого, участкаларга айыл статусун берүүгѳ кетүүчү ишкагаздарын даярдоону жана каттатууга сунуш жѳнѳтүүнү Барпы айыл аймагынын айыл ѳкмѳт башчысы И. Маматсабировго милдеттендирилсин.
9.Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳнү ѳзүмѳ калтырамын.
10. Бул токтом Барпы айыл өкмөтүнүн расмий www.barpy.gov.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага
|
У.А.Абдыкулов |
|
|