Загрузка документа…
БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Барпы айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
III сессиясынын
2025-жылынын 18-февралы №3/4
«Муниципалдык жер аянтын мѳѳнѳтсүз пайдаланууга берүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18,25-статьяларына ылайык, Жалал-Абад шаарынын Курманбек кѳчѳсүнүн №4 дарегинде жайгашкан муниципалдык жер аянтын, Жалал-Абад шаардык мэриясына мѳѳнѳтсүз пайдаланууга берүү жѳнүндѳ, Барпы айыл ѳкмѳтүнүн сунуш каты менен жергиликтүү кеңештин депутаттары таанышып угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад шаарынын Курманбек кѳчѳсүнүн №4 дарегинде жайгашкан, Барпы айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу (идентификациялык номери 3-10-01-0017-1891) 6162,8 кв.м. муниципалдык жер аянтын, Жалал-Абад шаардык мэриясына социалдык объектилерди куруу үчүн мѳѳнѳтсүз пайдаланууга ѳткѳрүүгѳ макулдук берилсин.
2. Мѳѳнѳтсүз пайдаланууга ѳткѳрүүгѳ макулдук берилген жер аянты боюнча мыйзам чегинде иш жүргүзүү жагы Барпы айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы И. Маматсабировго жүктѳлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзѳмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага
|
У.А.Абдыкулов |
|
|