Загрузка документа…
БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Барпы айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
III сессиясынын
2025-жылынын 18-февралы №3/5
«Жерлерди бир категориядан экинчисине которуу жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-статьяларына ылайык, Барпы айыл аймагынын Чокмор айылы менен ѳткѳн Бишкек-Ош автожолунун №358-контурундагы сугат айдоо айыл чарба жерин, Жалал-Абад областык райондор аралык тѳрѳт үйүнѳ жана жаш ымыркайларды калыбына келтирүү борборуна кошумча жер каттары бѳлүп берүү үчүн жер аянтын которуу жѳнүндѳ Барпы айыл ѳкмѳтүнүн сунуш каты менен жергиликтүү кеңештин депутаттары таанышып угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусу Сузак районунун Барпы айыл аймагындагы Чокмор айылы менен ѳткѳн Бишкек-Ош автожолунун №358-контурундагы, айыл чарба багытындагы сугат айдоо жерлер категориясында турган 1,10га жер аянтын, Жалал-Абад областык райондор аралык тѳрѳт үйүнѳ жана жаш ымыркайларды калыбына келтирүү борборуна кошумча жер аянты катары өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Жерлерди бир категориядан экинчисине которууда, мыйзам чегинде ишке ашыруу жана керектүү иш кагаздарын даярдоо жагы Барпы айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн жер адиси С. Назаровго жүктѳлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзѳмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага
|
У.А.Абдыкулов |
|
|