Загрузка документа…
БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Барпы айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
III сессиясынын
2025-жылынын 18-февралы №3/6
«Социалдык объект курууга уруксат берүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-статьяларына ылайык, Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 13-февралындагы №39-т токтому менен жергиликтүү кеңештин депутаттары таанышып угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Барпы айыл аймагындагы Тотия айылындагы № 991-контурунун курулуш астындагы муниципалдык менчиктеги 0,30га жер аянтына (бала бакча) социалдык объекти курууга макулдук берилсин.
2. Социалдык объект куруу үчүн берилген 0,30га жер тилкесине керектүү иш кагаздарын даярдоо жагы Барпы айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн жер адиси У. Абжалиловго жүктѳлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзѳмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага
|
У.А.Абдыкулов |
|
|