Загрузка документа…
БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Барпы айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
III сессиясынын
2025-жылынын 18-февралы №3/7
«Жерлерди бир категориядан экинчисине которуу жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Жер кодексин 11-18-статьяларына ылайык, Барпы айыл ѳкмѳтүнүн, Чокмор айылынын №358-контурдагы 1,20га сугат жер аянтына саркынды сууларды тазалоочу ишкана куруу максатында жерлердин категориясын ѳзгѳртүп берүү жѳнүндѳ 20.01.2025-жыл №01-27/95 сандуу каты менен жергиликтүү кеңештин депутаттары таанышып, угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Барпы айыл аймагындагы Чокмор айылынын №358-контурдагы 1,20га сугат жер аянтына саркынды сууларды тазалоочу ишкана куруу максатында, айыл чарба багытындагы сугат жерлер категориясынан, өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер категориясына которууга уруксат берилсин.
2. Категориясын ѳзгѳртүүгѳ макулдук берилген 1,20га жер аянтына кетүүчү иш кагаздарын даярдоону жана жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Сузак филиалына каттатууну Барпы айыл ѳкмѳтүнүн жер адиси С. Назаровго жүктѳлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзѳмөлдөөнү жер жана суу чарба маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын тѳрагасы А. Жолдубаевге милдеттендирилсин.
Төрага
|
У.А.Абдыкулов |
|
|