Загрузка документа…
БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Барпы айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
III сессиясынын
2025-жылынын 18-февралы №3/9
«Үлгү айылынын жашоочусу Т. Кочкорова жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын беренелерине ылайык, Барпы айыл аймагынын Каңды айылынын жашоочусу Кочкорова Т.К. арыз катын менен жергиликтүү кеңештин депутаттары таанышып, угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Барпы айыл аймагы, Каңды айылынын М. Жолдошов кѳчѳсүнүн №53 үйүнүн жашоочусу Кочкорова Тажикан Кенжебаевна пин:11207196600775, Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургиясы илимий борборунда, жүрѳк кантамырынын бир клапынын алмаштырып, бүгүнкү күндѳ дарыланууга акча каражаты жетпей калгандыктан, калкты социалдык жактан коргоо максатында жергиликтүү бюджеттин эсебинен 20.000 (жыйырма миң) сом акча каражаты бѳлүнүп берилсин.
2. Мыйзамдарда кѳрсѳтүлгѳн тартипте, Каңды айылынын жашоочусу Т.К Кочкоровага жергиликтүү бюджеттин эсебинен бѳлүнгѳн акча каражатын ѳздүк эсебине которуп берүү жагын Барпы айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн финансылык-экономикалык бөлүмүнүн башчысы В. Алимжановго жүктѳлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзѳмөлдөөнү, социалдык маселелер билим берүү, спорт жана жаштар менен иштѳѳ боюнча туруктуу комиссиясынын тѳрагасы С. Зайнабидиновго милдеттендирилсин.
.
Төрага
|
У.А.Абдыкулов |
|
|