Загрузка документа…
БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Барпы айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
III сессиясынын
2025-жылынын 18-февралы №3/10
« Таштак айылынын жашоочусу Таирбек к К. жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын беренелерине ылайык, Барпы айыл аймагынын Таштак айылынын жашоочусу Таирбек кызы Канзаданын атасы Тѳлѳшов Таирбектин арыз каты менен жергиликтүү кеңештин депутаттары таанышып, угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Барпы айыл аймагы, Таштак айылынын Н. Тѳлѳшов кѳчѳсүнүн №4 үйүнүн жашоочусу Таирбек кызы Канзада исн:12005199601167, 1-группадагы майыптыгы бар, Россия мамлекети, Екатеринбург шаарындагы ЖЧК "УТМК-Ден соолук" Европалык медициналык борборунда дарыланууга акча каражаты жетпей калгандыктан, калкты социалдык жактан коргоо максатында жергиликтүү бюджеттин эсебинен 50.000 (элүү миң) сом акча караты бѳлүнүп берилсин.
2. Мыйзамдарда кѳрсѳтүлгѳн тартипте, Таштак айылынын жашоочусу Таирбек к. Канзадага, жергиликтүү бюджеттин эсебинен бѳлүнгѳн акча каражатын ѳздүк эсебине которуп берүү жагын Барпы айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн финансылык-экономикалык бөлүмүнүн башчысы В. Алимжановго жүктѳлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзѳмөлдөөнү, социалдык маселелер билим берүү, спорт жана жаштар менен иштѳѳ боюнча туруктуу комиссиясынын тѳрагасы С. Зайнабидиновго милдеттендирилсин.
. Төрага
|
У.А.Абдыкулов |
|