Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин I (Биринчи) чакырылышынын депутаттарынын кезектеги V сессиясынын
2024-жыл 28-декабры №21
2025-жылга Айылдык кеңештин жана туруктуу комиссияларынын иш пландарын бекитүү жөнүндө
Атай айыл аймагынын айылдык кенешинин ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун арттыруу, мыйзамдуу жана уюшкандыкта иш алып баруусун камсыздоо максатында айылдык кеңештин төрагасынын жана туруктуу комиссиялардын 2025-жылга карата иш планын бекитүү боюнча маалыматтарын угуп жана талкуулап, Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин (I биринчи) шайланган депутаттарынын кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын жана туруктуу комиссияларынын 2025-жылга карата түзүлгөн иш пландары бекитилсин.
1. Кабыл алынган токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
2. Жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоо жана ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Нарматовага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун, кызыкчылыгын коргоо, муниципиалдык менчик, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: |
Өскөнбай уулу Сүйүндүк |