Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Майлуу-Суу шаардык Кеңештин Х чакырылышынын кезектеги II сессиясынын
2025-жылдын 17-февралы №2-10-1
“Майлуу-Суу шаардык кеңешинин регламентин бекитүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын 20.10.2021ж. №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-бер. 2-п. 9-п.п. ылайык, Майлуу-Суу шаардык кеңештин регламентин аталган мыйзамга шайкеш келтирүү максатында, депутаттардын сунуштарын эске алып, шаардык кеңештин X чакырылышынын кезектеги II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майлуу-Суу шаардык кеңешинин Регламенти эске алынсын.
2. Майлуу-Суу шаардык кеңешинин Регламенти тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Майлуу-Суу шаардык кеңешинин 2022-жылдын 18-августундагы “Майлуу-Суу шаардык кеңешинин регламентин бекитүү жөнүндө” № 10-9-3 токтому күчүн жоготту деп табылып, токтомдун тиркемеси жокко чыгарылсын.
4. Майлуу-Суу шаардык кеңешинин депутаттары бекитилген Регламент менен ишин алып барышсын.
5. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
6. Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо шаардык кеңештин социалдык тармак, саламаттыкты сактоо, билим берүү, айлана-чөйрөнү коргоо, диний иштери, регламент жана этика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Шаардык кеңештин төрагасы: | Д. Атамырзаев |