Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Майлуу-Суу шаардык Кеңештин Х чакырылышынын кезектеги II сессиясынын
2025-жылдын 17-февралы №2-10-11
Майлуу-Суу шаарынын 2024-жылдын II жарым жылдыгынын
бюджетин тактоо жөнүндө
Майлуу-Суу шаарынын 2024-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгүн планын тактоо жөнүндө шаардык мэриянын, шаардык каржы башкармалыгынын маалыматтарын жана шаардык кеңештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин карап чыгып, депутаттардын сунуштарын эске алып Майлуу-Суу шаардык кеңештин X- чакырылышынын кезектеги II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майлуу-Суу шаарынын 2024-жылдын II жарым жылдыгынын бюджетинин киреше бөлүгүнүн планын тактоо 4031,3 миң сом өлчөмүндө № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Майлуу-Суу шаарынын 2024-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн планын тактоо 4006,0 миң сом өлчөмүндө №2-тиркемеге ылайык бекитилсин, анын ичинде:
1) Шаардык кеңеш -300,0 миң сом
2) Мэрия -40,0 миң сом
3) “Тазалык” мекемеси -150 миң сом
4) (ТОС) “Кашка-Терек” 3,9 миң сом
5) Маданият үйү – 80,0 ми
6) Маданият үйү- китепканалар-500,0 миң сом
7) Маданият үйү бухгалтерия-80,0 миң сом
8) Дене тарбия жана спорт бөлүмү-71,3 миң сом
9) ШБББ-бала бакчалар -3563,9 миң сом
10) ШБББ-мект.сырткары уюм-30,0 миң сом
11) ШБББ-мектептер 25,3 миң сом
12) ШБББ (атайын счет) 700,0 миң сом.
13) Маданият үйү (атайын счет) 80,0 миң сом.
3. Бул токтомдун аткарылышы Майлуу-Суу шаарынын мэриясына жана шаардык каржы башкармалыгына тапшырылсын.
4. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо шаардык кеңештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Шаардык Кеңешинин төрагасы: |
Д.Атамырзаев |