Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2025-жылдын 30-апрели ПЖ № 144
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Президентинин
2025-жылдын 16-июлундагы ПЖ № 208 , 2025-жылдын 25-августундагы № 245 , 2026-жылдын 28-майындагы № 186 Жарлыктарынын редакциясына ылайык)
Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана жүргүзүү, улуттук кызыкчылыктарды жана эл аралык стандарттарды эске алуу менен инновациялык долбоорлорго дем берүү жана инвестицияларды тартуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш (мындан ары - Кеңеш) 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Төмөнкү маселелер боюнча ишти координациялоо жана жүргүзүү Кеңештин негизги милдеттери болуп аныкталсын:
- виртуалдык активдерди жана блокчейн-технологияларды өнүктүрүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын аныктоо;
- виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүндө Кыргыз Республикасында инвестициялык климатты жакшыртуу;
- виртуалдык активдерди жана блокчейн-технологияларды жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук базасын өркүндөтүү;
- Кыргыз Республикасында виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүүгө чет өлкөлүк компанияларга көмөк көрсөтүү;
- Кыргыз Республикасынын экономикасын дүйнөлүк экономикалык процесстерге интеграциялоо;
- Кыргыз Республикасынын экономикасына чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу стратегиясы;
- виртуалдык активдерди жана блокчейн-технологияларды өнүктүрүү чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын инновациялык программаларын жана долбоорлорун ишке ашыруу.
3. Кеңеш жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин катчылыгы болуп Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар боюнча улуттук агенттик аныкталсын.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 28-майындагы № 186 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
5. (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 28-майындагы № 186 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
6. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.
7. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
| 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу
Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар
чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин
курамы
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 28-майындагы № 186 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президенти, Улуттук кеңештин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси, Улуттук кеңештин төрагасынын орун басары.
Улуттук кеңештин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри;
Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;
Кыргыз Республикасынын юстиция министри;
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы;
Чанпэн Чжао – блокчейн-технологиялар жана санариптик активдер чөйрөсүндөгү жетектөөчү эксперт, Binance криптовалюта биржасынын негиздөөчүсү (макулдашуу боюнча);
Кирилл Хомяков – Борбордук жана Чыгыш Европа, Борбордук Азия жана Африка өлкөлөрүндөгү Binance региондук өкүлү (макулдашуу боюнча);
виртуалдык активдерге жана блокчейн-технологияларга адистешкен жергиликтүү жана чет өлкөлүк компаниялардын өкүлдөрү жана эксперттери (макулдашуу боюнча).