КЫЗ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыз-Көл айылдык кеңешинин
кезексиз I сессиясынын
2025-жылынын 26-марты №4
«Ысым ыйгаруу жөнүндө»
Кыз-Көл айыл өкмөтүнө караштуу Карамарт айылынын жашоочуларынын жыйынынын протоколу менен таанышып жана талкуулап Кыз-Көл айылдык айылдык Кеңешинин кезексиз I сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Кадуу токой бөлүмүнө караштуу “Чимирис” үстүндөгү тик чокуга Назаров Кошойдун ысымы ыйгарылсын.
- Бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актларынын мамлекеттик реестрине жайгаштыруу үчүн Жалал-Абад облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Аталган токтом Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланып, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актларынын мамлекеттик реестрине жайгаштырылгандан кийин мыйзамдуу күчүнө кирет.
- Токтомду аткаруу жагы Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Караевке жүктөлсүн.
. Кыз-Көл айылдык кеңешинин төрагасы | К.Кушбаков |