Загрузка документа…
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-мартындагы № 156 токтомуна) |
Сынам жыйымын төлөөнүн ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Сынам жыйымын төлөөнүн тартиби (мындан ары - Тартип) зер буюмдардын сынамын, анализин алуу жана эн тамгалоо үчүн сынам жыйымын алуу жол-жобосун аныктайт.
2. Сынам жыйымы баалуу металлдарды, асыл таштарды жана алардан жасалган буюмдарды өндүрүү, пайдалануу, жүгүртүү, эсепке алуу жана сактоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында аталган баалуулуктар менен операцияларды аткаруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) тарабынан алынат. Сынам жыйымы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген белгиленген ставкаларга ылайык төлөнөт.
3. Ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгисиз эритмеден жасалган буюмдардын курамы аныкталган учурда сынам жыйымы төмөнкүдөй алынат:
- сары түстөгү буюмдар үчүн - алтын буюмдар катары;
- ак түстөгү буюмдар үчүн - күмүш буюмдар катары;
- боз түстөгү буюмдар үчүн - платина буюмдары катары.
4. Деталдары алтындын, күмүштүн, платинанын же палладийдин ар кандай эритмелеринен жасалган буюмдардын сынамын алууда жана эн тамгалоодо сынам жыйымы негизги сынамдык эн тамга коюлуучу металл үчүн белгиленген ставканын эки эсе өлчөмүндө алынат.
5. Жеке же юридикалык жактар тарабынан салмагы 10дон 50 граммга чейинки буюмдар берилген учурда, сынам жыйымынын ставкасы эки эсе өлчөмдө, салмагы 50 граммдан ашык болсо - төрт эсе өлчөмдө көбөйтүлөт.
6. Жеке же юридикалык жактарга тез мөөнөттө сынамын алуу жана эн тамгалоо үчүн сынам жыйымынын ставкасы эки эсе өлчөмдө көбөйтүлөт.
7. Эгерде сынамын, анализин алуу жана эн тамгалоо үчүн берилген буюмду билдирилген сынамга чыкпагандыгынын себебинен эн тамгалоо мүмкүн болбосо, сынам жыйымы буюмдун ээсине кайтарылып берилбейт.
8. Сынамын, анализин алуу жана эн тамгалоо үчүн берилген баалуу металлдардан жасалган буюмдар 6 (алты) айдын ичинде талап кылынбаган учурда, анда мындай буюмдар Кыргыз Республикасынын баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө мыйзамдарына ылайык Мамлекеттик баалуулуктарды сактоочу жайга өткөрүлүүгө тийиш.
9. Салмактык көлөмдө (грамм, килограмм) гана маалыматтар болгон учурда сынам жыйымын эсептөө максатында, ЕАЭБге кирбеген өлкөлөрдөн ташып келинген (анын ичинде мурда ташып келинген), мыйзамдарда белгиленген мөөнөттүн ичинде мамлекеттик контролго, сынамын алууга жана эн тамгалоого берилбеген баалуу металлдардан жасалган зер жана башка буюмдардын даанасында санын аныктоо үчүн бир буюмдун төмөнкүдөй салмагы белгиленет:
- 5,7 грамм - алтын үчүн;
- 17,3 грамм - күмүш үчүн.
Ушул пункттун талаптары мурда Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келинген жана мамлекеттик контролго, сынамын алууга жана эн тамгалоого берилбеген зер жана башка буюмдарга да жайылтылат.
2-глава. Сынам жыйымын төлөөнүн мөөнөттөрү
10. Сынам жыйымын төлөөнүн мөөнөтү төмөнкүдөй белгиленет:
1) берилген баалуу металлдардан жасалган зер жана башка буюмдардын көлөмүнө жараша, төмөнкүлөргө аткарылуучу жумуштарды эске алуу менен ыйгарым укуктуу органдын жооптуу кызматкери тарабынан:
- сынамын алууга жана эн тамгалоого;
- баалуу металлдардын камтылышына анализ жүргүзүүгө;
2) ушул Тартиптин 9-пунктуна ылайык үчүнчү өлкөлөрдөн ташып келинген жана мамлекеттик контролго берилбеген, сынамын, анализин алууга жана эн тамгалоого тийиш болгон зер жана башка буюмдарга сынам жыйымы эсептелген учурдан тартып 10 (он) жумуш күндүн ичинде.