Загрузка документа…
КӨК-АРТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Арт айыл аймагынын айылдык кеңешинин II чакырылышынын
кезектеги I сессиясынын
2024-жыл 29-ноябры №3
Көк-Арт айыл аймагынын жергиликтүү жамааттарынын
өкүлчүлүктүү жыйынын өткөрүү жөнүндө
“Элдик Курултай жөнундө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы № 271 “Кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгынын негизинде Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын 25-ноябрындагы чыгыш №03-2/6247 санду тапшырмасы боюнча Көк-Арт айыл өкмөтүнун 25.11.2024-жылдагы № 01-8/1850 сандуу кайрылуусун карап чыгып, Көк-Арт айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Көк-Арт айыл аймагында жергиликтүү жамааттардын өкүлчүлүктүү жыйыны 2024-жылдын 7-декабрь күнү саат 12-00, Көк-Арт гимназия мектебинин жыйындар залында өткөрүлсүн.
2. Көк-Арт айыл аймагы боюнча делегаттардын саны 200 (эки жүз) адам деп бекитилсин жана аймактын бөлүмдөрундө төмөндөгүдөй иретте көрсөтүлсүн:
- Жалгыз-Жангак айылы-делегаттардын саны 36 адам;
- Жерге-Тал айылы-делегаттардын саны 36 адам;
- Мазар-Булак айылы-делегаттардын саны 14 адам;
- Кара-Чолок айылы-делегаттардын саны 20 адам;
- Таран-Базар айылы-Булак-делегаттардын саны 20 адам;
- Жоон-Күнгөй айылы-делегаттардын саны 20 адам;
- Кара-Алма айылы-делегаттардын саны 20 адам;
- Саты айылы--делегаттардын саны 14 адам;
- Канжыга айылы-делегаттардын саны 5 адам;
- Калмак-Кырчын айылы-делегаттардын саны 10 адам;
- Уч-малай айылы-делегаттардын саны 5 адам;
3. Айыл аймактын айылдарында жергиликтүү жамааттардын курултайына делегаттарды шайлоо боюнча жыйындарды өткөрүү графиги №1 тиркемеге алайык бекитилсин.
4. Жергиликтүу курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы 7 (жети) адамдан куралсын жана төмөндөгүдөй курамда бекитилсин:
- Исмаилов Кубанычбек -жумушчу топтун төрагасы, айылдык кеңештин төрагасы;
- Джапаров Абдижалил-жумушчу топтун катчысы, айылдык кеңештин жооптуу катчысы;
- Энназаров Азамат -жумушчу топтун мүчөсү, айылдык кеңештин депутаты;
- Молдалиев Тавалды -жумушчу топтун мүчөсү, айылдык кеңештин депутаты;
- Раманкулова Мээгүл -жумушчу топтун мүчөсү, айыл өкмөттүн кызматкери;
- Капашева Жамилия -жумушчу топтун мүчөсү, айыл өкмөттүн кызматкери;
- Кебекбаева Каныкей -жумушчу топтун мүчөсү, аялдар кеңешинин төрайымы;
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырамын.
Төрага |
К.Э. Исмаилов |
Бекитемин
29-ноябрь 2024-жыл.
_________ Исмаилов К.Э
Көк-Арт айылдык кеңешинин
№ 3-токтомуна 1-тиркеме.
Айыл аймактын айылдарында жергиликтүү жыйынга өкүлдөрдү шайлоо боюнча чогулуштарды жана жыйындарды өткөрүү графиги.
№ | Айылы | Өткөрүү орду | Датасы, убактысы | Маданият үйүнө жыйынга шайланып келүүчү адам саны | жооптуулар |
1 | Жалгыз-Жангак а | Көк-Арт гимназия мектеби | 04.12.2024 10:00 | 36 | Айыл башчы: Батыров И Жоопту депутат: Балбаева Н.Кыдырбекова Ж |
2 | Жерге-Тал а. | Көк-Арт айыл өкмөтүнун мурдагы имараты | 04.12.2024 12:00 | 36 | Айыл башчы: Темиров К Жооптуу депутат: Чойбеков С, Маматалиев Э |
3 | Мазар-Булак а | Шабданов атындагы орто мектеби, | 04.12.2024 14:00 | 14
| Айыл башчы: Темиров К Жооптуу депутат : Жунусова Т, Абылкасымов М |
4 | Кара-Чолок а
| Кара-Чолок маданият үйү | 04.10.2024 16:00 | 20
| Айыл башчы: Сулайманов А, Жооптуу депутат: Орозбеков Н, Айткулов У |
5 | Таран-Базар а. | М.Камбаров атындагы орто мектеби | 04.12.2024 11:00 | 20 | Айыл башчы: Сулайманов А Жооптуу депутат: Арапбаев Н.Тагаева Г |
6 | Жоон-Кунгөй | Т.Кочкоров орто мектеби | 05.12.2024 10:00 | 20 | Айыл башчы: Дуйшеев А Жооптуу депутат: Малашов К, Баймуратова Н |
7 | Кара-Алма а. | Кара-Алма маданият үйү | 05.12.2024 11:00 | 20 | Айыл башчы: Сакеев К Жооптуу депутат: Исабеков А, Бостонов Н. |
8 | Саты а. | Саты орто мектебинин | 05.12.2024 12:00 | 14 | Айыл башчы: Дүйшеев А Жооптуу депутат: Биримкулов Т. Асранкулова Ф. |
9 | Калмак-Кырчын а. | Тажибаев орто мектеби | 05.12.2024 13:00 | 10 | Айыл башчы: Тажибаев А Жооптуу депутат: Абдухалилов А |
10 | Канжыга а | Ташматов орто мектеби | 05.12.2024 14:00 | 5 | Айыл башчы: Тажибаев А Жооптуу депутаттар: Абдухалилов А |
11 | Уч-Малай а. | Кенжекулов атындагы орто мектеп | 05.12.2024 15:00 | 5 | Айыл башчы: Батыров И Жооптуу депутат: Мурзабеков Р |
Жооптуу катчы: Джапаров А.А