Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 19-июну № 3188-VII
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 19-июнундагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м к ы л а т:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2025-жылдын 19-июнундагы жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин:
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2024-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын отчету тууралуу;
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2024-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасынын отчету тууралуу;
“Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
“Калктын жана ишкердик субъекттердин салык түйшүгүн азайтуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Ысык-Көл” экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
“2024-жылдын 28-ноябрында Астана шаарында кол коюлган 2015-жылдын 15-сентябрындагы Аскердик жана башка түзүлүштөрдү, алардын кыймылдуу мүлкүн, ошондой эле аскердик багыттагы продукцияны ташуу жаатында Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин кызматташтыгы тууралуу макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколду ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
“2024-жылдын 28-ноябрында Астана шаарында кол коюлган 2010-жылдын 10-декабрындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун жамааттык коопсуздук тутумунун күчтөрүнүн жана каражаттарынын түзүлүштөрүнүн статусу тууралуу макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
“2025-жылдын 22-апрелинде Вашингтон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Ысык-Көл облусунда Тамгада жана Караколдо электр берүү чубалгыларын жана көмөк чордондорун куруу” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
“2025-жылдын 22-апрелинде Вашингтон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Кыргыз Республикасындагы бардык балдар үчүн инклюзивдик окутуунун мүмкүнчүлүктөрүнө жеткиликтүүлүктү жана анын сапатын жакшыртуу боюнча ИӨБ/ИӨТФ/БМГӨ Smart-Ed биргелешкен долбоору” боюнча макулдашууларды ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
“2025-жылдын 5-февралында Пекин шаарында кол коюлган “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Социалдык камсыздандыруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
“2018-жылдын 20-декабрында Нью-Йорк шаарында кабыл алынган Медиациянын натыйжасында жетишилген эл аралык тынчтык макулдашуулары жөнүндө Бириккен Улуттар Уюмунун конвенциясына Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
“Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
“Эл аралык эмгек уюмунун 1997-жылдын 3-июнунда Женева шаарында кабыл алынган Иш менен камсыз кылуу жеке агенттиктери жөнүндө № 181 конвенциясын ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
“2024-жылдын 15-ноябрында Азербайжан Республикасынын Баку шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын Тараптарынын 29-конференциясында кабыл алынган Эко таза энергия борборунун уставын ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
“Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы “Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
“Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы “Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймагынын маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
“2025-жылдын 21-апрелинде Вашингтон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (“Кыргыз Республикасында микро-, чакан жана орто ишканалар (МЧОИ) үчүн туруктуу финансы рыногун өнүктүрүү” долбоору) ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
“2025-жылдын 26-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “2025–2030-жылдарга көп тармактуу ишти колдоо фонду” программасын каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
“2025-жылдын 1-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган “Борбордук Азия – Кытай” форматынын катчылыгынын бюджетин түзүүнүн жана аткаруунун тартиби жөнүндө макулдашууну жана “Борбордук Азия – Кытай” форматынын катчылыгынын кызмат адамдарын акчалай камсыздоо, кепилдиктери жана компенсациялары жөнүндө жобону ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
“Борбордук Азия – Кытай” форматынын катчылыгы жөнүндө жобону ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
“2025-жылдын 22-апрелинде Вашингтон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Кыргыз Республикасында айыл чарбасын механизациялоого көмөк көрсөтүү үчүн каржылоо” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну, Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Кыргыз Республикасында айыл чарбасын механизациялоого көмөк көрсөтүү үчүн каржылоо” долбоору боюнча алкактык макулдашууну жана Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Кыргыз Республикасында айыл чарбасын механизациялоого көмөк көрсөтүү үчүн каржылоо” долбоору боюнча агенттик макулдашууну, Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын Институтунун ортосундагы “Кыргыз Республикасында айыл чарбасын механизациялоого көмөк көрсөтүү үчүн каржылоо” долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
“2025-жылдын 21-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (“Суу менен камсыздоого жана санитарияга жалпы жеткиликтүүлүк” программасынын 1-фазасы), Кыргыз Республикасы менен “Кыргыз Республикасында суу менен камсыздоого жана санитарияга жалпы жеткиликтүүлүк” программасынын Көп тараптуу донордук трасттык фондунун администратору катары иштеген Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Грант жөнүндө макулдашууну (“Суу менен камсыздоого жана санитарияга жалпы жеткиликтүүлүк” программасынын 1-фазасы) жана 2025-жылдын 6-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия инфраструктуралык инвестициялар банкынын ортосундагы “Суу менен камсыздоого жана санитарияга жалпы жеткиликтүүлүк” программасынын 1-фазасы боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
“Бишкек шаарында 2025-жылдын 17-мартында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Чүй облусунда суу ресурстарын пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну (№ 55372), Европа бирлигинин гранттык макулдашуусун (№ 55372) жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын акционерлеринин атайын фондунун гранттык макулдашуусун (№ 55372) ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
“2025-жылдын 14-мартында Бишкек шаарында кол коюлган “Кыргыз Республикасы менен Азия инфраструктуралык нвестициялар банкынын ортосундагы “Суу менен камсыздоого жана санитарияга жалпы жеткиликтүүлүк” программасынын 1-фазасын даярдоо боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу.
Төраганын орун басары |
| Н.О. Сыдыгалиев |