Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 25-марты № 148
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 28-октябрындагы № 748 “Бактуу-Долоноту” жаштардын өкмөттүк эмес коомдук бирикмесине (ЖӨЭКБ) Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облусунун Ысыккөл районундагы Бостери айылдык кеңешинин жерлеринен туристтик комплекс курууга жер участогун берүү жөнүндө” токтомун күчүн жоготту деп таануу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 62-статьясына ылайык, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 28-октябрындагы № 748 “Бактуу-Долоноту” жаштардын өкмөттүк эмес коомдук бирикмесине (ЖӨЭКБ) Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облусунун Ысыккөл районундагы Бостери айылдык кеңешинин жерлеринен туристтик комплекс курууга жер участогун берүү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик, Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун мамлекеттик администрациясы жерди эсепке алуу документтерине өзгөртүүлөрдү киргизсин жана ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.А. Касымалиев