Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 19-июну № 3189-VII
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2024-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын отчету тууралуу
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2024-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы М.Ж. Тургунбаевдин отчетун угуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м к ы л а т:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2024-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы М.Ж.Тургунбаевдин отчету канааттандырарлык деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы:
1) макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылуу максатында макулдашылган акча-кредиттик жана салыктык-бюджеттик саясатты жүргүзсүн;
2) накталай чет өлкөлүк валюталарды алмаштыруу чөйрөсүндөгү мыйзамсыз (лицензиясыз) ишкердик ишке бөгөт коюу үчүн биргелешкен чараларды көрсүн;
3) банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн санариптик инфратүзүмүн өнүктүрүүнү, инновациялык банктык операцияларды жана санариптик төлөм технологияларын киргизүүнү тездетсин;
4) банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптерин андан ары өнүктүрүүгө көмөктөшсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы:
1) инфляциянын деңгээлин инфляция боюнча орто мөөнөттүү максаттуу көрсөткүчтүн чегинде 5-7 пайызда кармап турууга багытталган акча-кредит саясатын жүргүзсүн;
2) банк системасынын туруктуулугун жогорулатуу боюнча ишти, анын ичинде банктык көзөмөл жаатындагы алдыңкы дүйнөлүк тажрыйбаны колдонуу жана көзөмөлдөө аспаптарын өркүндөтүү жолу менен улантсын;
3) финансы-кредиттик, анын ичинде банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптери боюнча операцияларды жүзөгө ашыруучу уюмдардын ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү боюнча ишти Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы жана эл аралык стандарттардагы өзгөртүүлөрдү эске алуу менен улантсын;
4) Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча 2023–2027-жылдарга Мамлекеттик программанын алкагында иш-чараларды ишке ашырууну улантсын;
5) эсептешүүлөрдүн накталай эмес формаларын, аралыктан банктык тейлөөнү (интернет-банкинг жана мобилдик тиркемелер), ошондой эле QR-кодду колдонуу менен төлөөнү илгерилетүүгө багытталган төлөм технологияларын өнүктүрүүнү улантсын;
6) калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча иш-чараларды, ошондой эле мамлекеттик органдар жана башка уюмдар менен өз ара аракеттенүүдө финансылык алдамчылыктын алдын алуу боюнча маалыматтык-алдын алуу иштерин жүргүзүүнү кошо алганда, Улуттук банктын иши жөнүндө коомчулукка өз убагында маалымдоону улантсын;
7) санариптик төлөм технологияларын жигердүү өнүктүрсүн, санарип сомун иштеп чыгууну жана кийин аны апробациядан өткөрүү үчүн технологиялык платформаны тандоону тездетсин;
8) санарип сомунун прототибин апробациялоо боюнча ишти улантсын;
9) накталай чет өлкөлүк валюталарды алмаштыруу чөйрөсүндөгү мыйзамсыз (лицензиясыз) ишкердик ишти аныктоо жана ага бөгөт коюу боюнча чараларды көрсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине жүктөлсүн.
Төрага |
| Н. Тургунбек уулу |