Загрузка документа…
АЙРЫ-ТАМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Айры-Там айылдык кеңешинин I чакырылышынын
кезекcиз V сессиясынын
2025-жылынын 18-марты №5/23
«Участкалык шайлоо комиссияларынын курамдарын жана резервдерин түзүү жөнүндө»
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 19-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 18-октябрындагы №375- токтому менен бекитилген, “Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө” Жобосуна, ылайык Айры-Там айылдык кеңешинин I чакырылышынын 2025-жылдагы кезексиз V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айры-Там айыл аймагында участкалык шайлоо комиссияларынын курамына, алардын саны участкалык шайлоо комиссиялары боюнча мүчөлөрүнүн санынан ашпаган талапкерлерге ылайык киргизилсин;
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу өкүлчүлүктүү органдарынын талапкерлеринен резерв түзүлсүн;
3. Участкалык шайлоо комиссияларынын курамдарын жана резервдерин бекитип берүү жагы аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын;
4. Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүү жагы Айры-Там айылдык кеңешинин катчысына жүктөлсүн;
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын;
Айылдык кеңешинин төрагасы |
М.Кулуев. |