АЙРЫ-ТАМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Айры-Там айылдык кеңешинин I чакырылышынын
кезекcиз V сессиясынын
2025-жылынын 18-марты №5/24
«Ала-Бука райондук өнүктүрүу фондуна долбоор сунуш кылуу жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнундө” мыйзамынын негизинде айылдык кеңештин бюджет, каржы, инвестиция, ишкердик, муниципалдык менчик, боюнча туруктуу комиссиясынын чыгарган корутундусун талкуулап чыгып, Айры-Там айылдык кеңешинин I чакырылышынын 2025-жылдагы кезексиз V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- “1-Май Эмгек” муниципалдык ишканасы, өзүнүн ишмердүүлүгүн алдыга жылдырууда, техникалык базасын чыңдоо максатында буудай оруучу комбайн сатып алуу үчүн даярдаган долбоору , Ала-Бука райондук өнүктүрүү фондунун кароосуна сунушталсын;
- Сунушталган долбоор боюнча иш жургүзүү, муниципалдык ишкананын жетекчиси А.Касымовго жүктөлсүн;
- Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүү жагы Айры-Там айылдык кеңешинин катчысына жүктөлсүн;
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, айылдык кеңештин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн;
Айылдык кеңешинин төрагасы | М.Кулуев. |