АЙРЫ-ТАМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Айры-Там айылдык кеңешинин I чакырылышынын
кезекcиз VII сессиясынын
2025-жылынын 13-майы №7/28
«“Ардактуу атуул” наамын берүү жөнүндө »
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын негизинде жана айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б.Ташназаровдун сунушун, айылдык кеңештин социалдык тармактар маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 12-майдагы отурумунун корутундусун карап чыгып, талкуулап, Айры-Там айылдык кеңешинин I чакырылышынын 2025-жылдагы кезексиз VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
“
- Агартуу тармагына зор салымын кошкондугу үчун, жана билим берүүдөгү жакшы жетишкендиктерин баалап, азыркы убакта ардактуу эс алуудагы Адылова Мавлюда, Айры-Там айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын;
- Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүү жагы Айры-Там айылдык Кеңешинин катчысына жүктөлсүн;
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, айылдык кеңештин социалдык тармактар маселелери боюнча туруктуу комиссиясына, ишке ашыруу жагы айыл өкмөтүнүн жетекчилигине жүктөлсүн;
Айылдык кеңешинин төрагасы |
М.Кулуев. |