Редакцияот 13.05.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АЙРЫ-ТАМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

                                                                                                         

Айры-Там айылдык кеңешинин I чакырылышынын

кезекcиз VII   сессиясынын

 

  2025-жылынын  13-майы  №7/29

 

« Ажек айылындагы ички көчөлөрдүн бирине ысым ыйгаруу жөнүндө »

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008 жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын географиялык обьектерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө Жобонун 10-пунктунун 4-абзацына ылайык Айры-Там айылынын социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 12-май 2025-жылдагы корутундусун угуп жана талкуулап, айылдык кенештин депутаттарынын макулдугун эске алып, Айры-Там айылдык кеңешинин I чакырылышынын 2025-жылдагы кезексиз VII сессиясы

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

“

  1. Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери, 1-Май колхозунун түптөлүшүндө өзгөчө орду бар, эмгектин ардагери, маркум Мусаев Нарбайдын ысымын Ажек айылынын ички көчөлөрүнүн бирине ыйгарууга макулдук берилсин;

 

  1. Жамаатка Кыргыз Республикасынын шаар жана айыл жерлеринин өнүгүү процестеринин талабына ылайык, жамааттын катар сандары такталып, тактайчалары(табличка) белгиленсин;

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, айылдык кеңештин социалдык тармактар маселелери боюнча туруктуу комиссиясына, ишке ашыруу жагы айыл өкмөтүнүн жетекчилигине жүктөлсүн;

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, айылдык кеңештин социалдык тармактар маселелери боюнча туруктуу комиссиясына, ишке ашыруу жагы айыл өкмөтүнүн жетекчилигине жүктөлсүн;

 

 

Айылдык кеңешинин төрагасы

 

                                       М.Кулуев.