Редакцияот 13.05.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АЙРЫ-ТАМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

                                                                                                         

Айры-Там айылдык кеңешинин I чакырылышынын

кезекcиз VII   сессиясынын

 

  2025-жылынын  13-майы  №7/30

 

« Материалдык колдоо көрсөтү жөнүндө »

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын негизинде жана айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 13-майындагы отурумунун корутундусун карап чыгып, талкуулап, Айры-Там айылдык кеңешинин I чакырылышынын 2025-жылдагы кезексиз VII сессиясы

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

“

  1. Айылдык кеңештин эки жолку чакырылышында төрагалык кызматын өтөп келе жаткан, Кулуев Максатбек Корчубековичтин үй-бүлөсүндө кокустук (өрт коопсуздугу) катталгандыгына байланыштуу жергиликтүү бюджеттен 50 000 (элүү миң) сом өлчөмдө акча каражаты каралсын;

 

  1. Бөлүнгөн акча каражаты менен өз убагында камсыздоо айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы К.Жороевага жүктөлсүн;

 

  1. Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүү жагы Айры-Там айылдык Кеңешинин катчысына жүктөлсүн;

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Айры-Там айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын;

 

 

Айылдык кеңешинин төрагасы

 

                                       М.Кулуев.