АЙРЫ-ТАМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Айры-Там айылдык кеңешинин I чакырылышынын
кезекcиз VII сессиясынын
2025-жылынын 13-майы №7/31
« Материалдык колдоо көрсөтү жөнүндө »
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын негизинде жана айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш маселелери жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссияларынын 12-май 2025-жылдагы отурумунун корутундусун угуп жана талкуулап, Айры-Там айылдык кеңешинин I чакырылышынын 2025-жылдагы кезексиз VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
“
- Айры-Там структуралык бөлүмүнө дарыгер жетишсиздигине байланыштуу 65 км алыстыкта жайгашкан, Ала-Бука районунан каттап иштеп жаткан дарыгер-ординатор Сатыбалдыев Дастан Анаркуловичке материалдык колдоо иретинде жергиликтүү бюджеттен 50 000 (элүү миң) сом өлчөмдө акча каражаты ажыратылып берилсин;
- Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүү жагы Айры-Там айылдык Кеңешинин катчысына жүктөлсүн;
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Айры-Там айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын;
Айылдык кеңешинин төрагасы |
М.Кулуев. |