АЙРЫ-ТАМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Айры-Там айылдык кеңешинин I чакырылышынын
кезекcиз VII сессиясынын
2025-жылынын 13-майы №7/32
« “Ардактуу атуул” наамын берүү жөнүндө »
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын негизинде, А.Балтагулова атындагы №21 кесиптик лицейдин директору С.А Акпаралиевдин сунушун жана айылдык кеңештин социалдык тармактар маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 12-майдагы отурумунун корутундусун карап чыгып, талкуулап, Айры-Там айылдык кеңешинин I чакырылышынын 2025-жылдагы кезексиз VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
“
- 1-Май колхозунун түптөлүшүндө өзгөчө орду бар, 2008-жылдан бери А.Балтагулова №21 кесиптик лицейинин Айры-Там айыл аймагындагы филиалын жетектеп келген, Балтабаев Ашыралы Токтоболотовичке, Айры-Там айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын;
- Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүү жагы Айры-Там айылдык Кеңешинин катчысына жүктөлсүн;
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, айылдык кеңештин социалдык тармактар маселелери боюнча туруктуу комиссиясына, ишке ашыруу жагы айыл өкмөтүнүн жетекчилигине жүктөлсүн;
Айылдык кеңешинин төрагасы |
М.Кулуев. |