Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 18-июну № 350
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 473 "Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндөгү актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Электрондук камсыздандыруу полистерин тариздөө жана берүү, камсыздандыруу жана турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу боюнча камсыздандырып ордун толтурууларды төлөө тартибин жөнөкөйлөштүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 473 "Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндөгү актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу эрежелеринде:
- 5-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 22-пунктча менен толукталсын:
"22) "Түндүк" мобилдик тиркемеси - Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынын бөлүгү болуп саналган, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү, ошондой эле сервистерди электрондук формада берүүнү камсыз кылуучу, анын ичинде документтерди санариптик форматта берүүчү мобилдик түзүлүштөрдө жеткиликтүү болгон программалык камсыздоо.";
- 13-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"13. Милдеттүү камсыздандыруу келишими (камсыздандыруу полиси) жазуу жүзүндө же АМС жана "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу электрондук формада түзүлүшү мүмкүн. Келишим АМС аркылуу электрондук формада түзүлгөн учурда, камсыздандырылуучунун каалоосу боюнча милдеттүү камсыздандыруу келишими (камсыздандыруу полиси) камсыздандырылуучунун электрондук почтасына жөнөтүлөт. Келишим "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу түзүлгөн учурда ушул Эрежелердин 14-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди берүү талап кылынбайт.";
- 27-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"27. Камсыздандырып ордун толтуруу камсыздандырылуучуга (пайда табуучуга) же мыйзамдарга ылайык аны алууга укуктуу адамга жогоруда аталган Мыйзамдын 13-беренесине ылайык накталай эмес формада төлөнөт. Мында аталган Мыйзамдын 13-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык компетенттүү мамлекеттик органдардын камсыздандыруу окуясынын болушун ырастаган документтери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) жогоруда аталган Мыйзамдын 8-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-3-пункттарында каралган камсыздандыруу окуялары үчүн Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги же анын түзүмдүк бөлүмдөрү (мындан ары - ӨКМ) тарабынан берилген документтер; камсыздандыруу окуясын аныктоодо кыйынчылыктар келип чыккан учурда Жарандык коргонуу боюнча тиешелүү комиссиядан (мындан ары - ЖКК) кошумча документтер суралышы мүмкүн. Мында эгерде берилген документтерде өрттүн келип чыгышына байланышкан (өрттүн очогу/өрттүн келип чыгуу себеби/өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу ж.б.) мүмкүн болуучу тыянактар бар же жок болсо, камсыздандыруучу камсыздандырылуучу (пайда табуучу) тарабынан атайылаган ниеттин же болбосо одоно этиятсыздыктын болушун кошпогондо, камсыздандырып ордун толтурууну экспертизаны дайындабастан төлөп берүүгө укуктуу;
2) жогоруда аталган Мыйзамдын 8-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктунда каралган камсыздандыруу окуялары үчүн ЖКК тарабынан берилген турак жайды авариялык жана жашоо үчүн жараксыз деп таануу жөнүндө документтер; зарыл болгон учурда ӨКМден жана башка мамлекеттик органдардан кошумча документтер суралышы мүмкүн.";
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу системасында мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын маалыматтык өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби жөнүндө жободо:
- 2-пункттун жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - Агенттик);";
- 8-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8. Агенттик:".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 20-июнундагы № 45 (3701) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |