Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2024-жылдын 26-сентябры, № 6-Б
Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү реестрине кирген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы "Салык Сервис" мамлекеттик мекемеси тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартын бекитүү жөнүндө
Жарандарга жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында, "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтому менен бекитилген мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмесинин 2-пунктуна ылайык
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы "Салык Сервис" мамлекеттик мекемеси тарабынан көрсөтүлүүчү "Контролдук-кассалык машиналарды эксплуатациялоого даярдоо, каттоо жана тейлөө боюнча техникалык тейлөө (программалык камсыздоо менен байланышкан иштер боюнча)" мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Мамлекеттик кирешелерди болжолдоо башкармалыгы:
1) бул буйрук катталган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде буйрукту мамлекеттик жана расмий тилдерде "Эркин-Тоо" гезитине жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин расмий сайтына жарыяласын;
2) бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде ушул буйруктун көчүрмөсүн эки нускада, мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө жарыяланган булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жиберсин;
3) бул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн эки нускада, мамлекеттик жана расмий тилдерде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жиберсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы "Салык Сервис" мамлекеттик мекемеси:
1) мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча ишти мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн бекитилген стандартына ылайык уюштурсун;
2) мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын андан ары жакшыртуу жана оптималдаштыруу боюнча чараларды көрсүн.
4. Иш кагаздарын жүргүзүү жана аткарууну контролдоо бөлүмү ушул буйрукту түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмдөргө билдирсин.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын финансы министринин биринчи орун басары Р.М.Суйналиевге жүктөлсүн.
6. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын финансы министр |
| А.Бакетаев |
|
| Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2024-жылдын 26-сентябрындагы N 6 буйругуна тиркеме |
"Контролдук-кассалык машиналарды эксплуатациялоого даярдоо, каттоо жана тейлөө боюнча техникалык тейлөө (программалык камсыздоо менен байланышкан иштер боюнча)" мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн СТАНДАРТТАРЫ
1. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Контролдук-кассалык машиналарды эксплуатациялоого даярдоо, каттоо жана тейлөө боюнча техникалык тейлөө (программалык камсыздоо менен байланышкан иштер боюнча) - Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү реестринин 10-главасынын 12-пункту |
2 | Кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы "Салык Сервис" мамлекеттик мекемеси |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр | Жеке ишкерлер жана юридикалык жактар |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | Кыргыз Республикасынын Салык кодекси; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 193 токтому менен бекитилген Контролдук-кассалык машиналарды техникалык тейлөө борборлоруна карата талаптар; "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы "Салык Сервис" мамлекеттик мекемеси жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 134 токтому; Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы "Салык Сервис" мамлекеттик мекемесин контролдук-кассалык машиналарды техникалык тейлөө борбору катары аныктоо жөнүндө" 2024-жылдын 9-апрелиндеги № 104 буйругу |
5 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн натыйжасы | Контролдук-кассалык машиналарды эксплуатациялоого даярдоо, каттоо жана тейлөө боюнча техникалык тейлөө (программалык камсыздоо менен байланышкан иштер боюнча) |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Керектөөчүлөргө кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй жүзөгө ашырылат: белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайда; имараттарга жана санитардык-гигиеналык жайларга (дааратканалар, жуунуучу бөлмөлөр) бардык жарандардын тоскоолдуксуз кирүүсүн, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар (мындан ары - ДМЧА) үчүн пандустар, кармагычтар менен камсыз кылуу; кезек күтүү принциби боюнча; уюмдарда күтүү үчүн орундуктар, дааратканалар, жылыткычтар, суу түтүктөр, телефон байланыштар жайлары жайгаштыруу; жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери, ДМЧА, кош бойлуу аялдар, 1 жашка чейинки балдары бар адамдар) бар жарандарды кезексиз тейлөө. Керектөөчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүлүүчү жерде зарыл болгон документтердин тизмесин жана арыздардын үлгүлөрүн жайгаштыруу |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү - 1 ай (кызматтын акысынын түшүшүнө жараша), - арызды кабыл алуунун чектелген убактысы - 30 мүнөткө чейин; - мамлекеттик кызмат көрсөтүү органынын аткаргандыгын ырастоочу документти берүүгө чектелген убакыт - 30 мүнөткө чейин |
2. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтар (керектүү маалыматтардын тизмеги) жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымдоо | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинен, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынан (мындан ары - МСК) жана МСК алдындагы "Салык Сервис" мамлекеттик мекемесинен алууга болот. Маалымат төмөнкүдөй берилиши мүмкүн: жазуу жүзүндө; оозеки түрдө (телефон аркылуу, жеке байланышта); МСКнын https://sti.gov.kg/ жана "Салык Сервис" ММ http://it.salyk.kg/ сайтында электрондук формада. Маалымат менен МСКнын https://sti.gov.kg/ жана "Салык Сервис" ММ http://it.salyk.kg/ сайтынан мамлекеттик жана расмий тилдердеги маалымат такталарынан таанышууга болот |
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары (бардык мүмкүн болгон ыкмаларды мүнөздөө же тизмелөө) | Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалыматты таратуу төмөнкүлөр аркылуу жүзөгө ашырылышы мүмкүн: Радио, телекөрсөтүү, МСК https://sti.gov.kg/ жана "Салык Сервис" ММ http://it.salyk.kg/ сайттары; МСК жана "Салык-Сервис" мамлекеттик мекемеде болгон такталар, буклеттер жана брошюралар; телефон аркылуу. Даректер, телефон номерлери жана иштөө режими өлкөнүн бардык райондорундагы МСКнын сайттарында, такталарында жайгаштырылат. Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде акысыз берилет |
3. Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Керектөөчүлөр менен пикир алмашуу телефон байланышы, электрондук почта, салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу жүргүзүлөт. Кызмат көрсөтүү үчүн жооптуу кызматкерлердин кабинеттеринин эшиктерине маалымат такталары коюлат. Кызматкерлер тарабынан колдонуудагы мыйзамдарды бузууга жол бербеген, жарандарга карата этиканы, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылган, кызыкчылыктардын кагылышуусун жокко чыгарган кызматтык нускамалар (функционалдык милдеттер) жана кесиптик-этикалык ченемдер сакталууга тийиш. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктарга ээ болгон адамдар (көрүүсү жана угуусу боюнча жана таяныч-кыймылдоо аппараты бузулган ДМЧА, улгайган жарандар, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен пикир алмашуу жана кызмат көрсөтүү алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Кызмат көрсөтүүнү алууда жарандардын жеке маалыматтары ачыкка чыгарылбайт жана кызматкерлер тарабынан Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринен тышкары жеке максаттарда жана үчүнчү жактарга берүү үчүн пайдаланылышы мүмкүн эмес. Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат тиешелүү мамлекеттик органдардын суроо-талабы боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Кызматты алуу үчүн жарандар төмөнкүлөрдү көрсөтүшү керек: - үлгүгө ылайык кызмат көрсөтүү жөнүндө арыз; - өздүгүн тастыктоочу документ (паспорт, өздүк күбөлүк, санариптик документ); - ишеним кат (юридикалык жактар үчүн); - төлөгөндүгү жөнүндө квитанция |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат акы төлөө негизинде жүргүзүлөт. Кызмат көрсөтүүнүн наркы баалардын прейскурантында чагылдырылат, ал МСКнын маалымат такталарында жана расмий сайтында жайгаштырылган. Баалардын прейскуранты монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин буйругу менен бекитилет |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: колдонуучу үчүн актуалдуулук; көрсөтүлүүчү кызматтын стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүүлүк жана өз убагында болуу; жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этноско таандыктыгы, туткан дини, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлары боюнча басмырлоого жол бербөө; жеткиликтүүлүк, жарандардан кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; кызмат көрсөтүү шарттарынын шайкештиги: ДМЧА үчүн имаратка, жайга кирүү мүмкүнчүлүгү, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандарды кабыл алуунун ыңгайлуу графиги, маалыматтык колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү (басма жана электрондук форматтарда); мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, зарыл болгон документтерди толтурууда кызматкерлердин жардамы жана кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө консультация берүү |
15 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн ыкмалары, аны электрондук форматта көрсөтүүнүн өзгөчөлүктөрү | Кызмат көрсөтүү, электрондук форматта кызмат көрсөтүүнү алууга суроо-талапты (арызды) кабыл алуу бөлүгүндө, ошондой эле ККМнын ишине мониторинг жүргүзүүнүн алкагында көрсөтүлөт |
4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылышы мүмкүн: керектөөчү, ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди толук бербесе; кызмат көрсөтүүгө кайрылган адамдын аны алууга укугу же болбосо башка адамдын атынан аракеттенүүгө ыйгарым укугу жок болсо; документтер белгиленген талаптарга ылайык келбесе (зарыл документтердин толук эмес тизмеси берилген жана/же туура эмес толтурулган учурда); берилген документтерде чындыкка дал келбеген маалыматтар болсо; Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын ченемдерине ылайык жана аларды сактабаган учурда; - мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө келишимдин шарттары бузулганда |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда керектөөчү түздөн-түз же өзүнүн өкүлдөрү аркылуу "Салык Сервис" мамлекеттик ишканасынын жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндө даттануу менен кайрылууга укуктуу. Кызмат көрсөтүү боюнча талаш маселелер пайда болгон учурда алуучу белгиленген тартипте жогору турган ыйгарым укуктуу салык органына (МСК) кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин формада берилет жана керектөөчүнүн Аты-жөнү, жашаган дареги, телефон номери, доонун маңызы, кызмат керектөөчүнүн же анын өкүлүнүн колу жана датасы камтылууга тийиш. Даттанууларды жана доолорду кароо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана арыз ээсинин жооп алуу мөөнөтү ал катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпоого тийиш. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда арыз ээси чечимдерине сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен үзгүлтүксүз кайра каралып турушу керек |