Загрузка документа…
(КР 2025-жылдын 27-июнундагы № 129 Мыйзамы менен колдонууга киргизилет жана аталган Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет)
Кыргыз Республикасынын Суу кодекси
2025-жылдын 27-июну № 128
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 8-июлундагы № 107 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Максаты жана милдеттери
1. Ушул Кодекс Кыргыз Республикасынын калкын суу менен кепилденген, жетиштүү жана коопсуз камсыздоо үчүн суу ресурстарын пайдалануу, коргоо жана өнүктүрүү, айлана-чөйрөнү коргоо жана республиканын суу фондун сарамжалдуу өнүктүрүүнү камсыздоо чөйрөсүндөгү суу мамилелерин жөнгө салат.
2. Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды агызуу маселелерине байланышкан мамилелер ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды агызуу чөйрөсүндөгү мыйзамдар менен жөнгө салынат.
2-берене. Ушул Кодексте колдонулуучу негизги терминдер жана аныктамалар
Ушул Кодексте колдонулуучу терминдер жана аныктамалар төмөнкүлөрдү туюндурат:
1) акватория - табигый, жасалма же элестетилген (шарттуу) чектердин ичиндеги суу мейкиндиги;
2) суу ресурстары боюнча бассейндик орган - суу ресурстары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын башкы бассейндин гидрографиялык чектеринде суу ресурстарын башкарууга жооптуу аймактык органы;
3) бассейндик план - белгилүү бир башкы бассейндин чектеринде суу ресурстарын өнүктүрүү, пайдалануу жана коргоо боюнча план;
4) бассейндик кеңеш - суу ресурстарын пайдалануу, коргоо жана өнүктүрүү боюнча башкы бассейндеги маселелерди чечүү үчүн өкүлчүлүктүү орган;
5) жээктер - суу фондунун жерлерине тиешелүү табигый суу объектисине туташ жер тилкелери;
6) Кыргыз Республикасынын суу ресурстары - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынын ичиндеги бардык суулар;
7) суу объектиси - жер үстүндөгү жана жер астындагы жаратылыш (табигый) сууларынын ар кандай топтолуусу, анын ичинде дарыялар, өзөндөр, булактар, көлдөр, көлмөлөр, саздар, мөңгүлөр жана кар күрткүлөрү;
8) суу фонду - табигый пайда болгон бардык суу объекттеринин жыйындысы, анын ичинде ирригациялык фондду кошпогондо, суу фондунун жана анда камтылган суу ресурстарынын жерлери;
9) сууну коргоо зонасы - суу объектисинин же суу чарба курулмасынын акваториясына жанаша жайгашкан аймак, анда анын булгануусун, таштандыга толуусун, соолуп калуусун жана ылайлануусун болтурбоо максатында чарба ишине чектөө белгиленет;
10) сууну коргоо тилкелери - сууну коргоо зонасынын чектеринде чарба иши катуу чектелген аймак;
11) суу пайдалануучулар - Кыргыз Республикасынын юридикалык же жеке жактары, ошондой эле чет өлкөлүк юридикалык жана жеке жактар, анын ичинде жарандыгы жок адамдар, өз керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн суу объекттеринен суу ресурстарын аларды алып койбостон пайдалануучулар;
12) суу чарба курулмалары - плотиналары бар суу сактагычтар, каналдар, көп жылдык, декадалык же суткалык жөнгө салуу бассейндери, коллекторлор, дрендер, арыктар, гидротехникалык курулмалар, коргоочу дамбалар, акведуктар, өткөргүч түтүктөр, көпүрөлөр, скважиналар, насостук станциялар, коммуникациялары жана инфратүзүмдүн башка элементтери бар суу түтүктөрү, анын ичинде аларды эксплуатациялоо жана техникалык тейлөө үчүн багытталган бардык жер участоктору;
13) башкы бассейн - жер үстүндөгү бардык суулар башкы дарыяга же суу объектисине кошулган аймак;
14) суу берүүгө келишим - суу пайдалануучунун суунун белгилүү бир көлөмүнө укугун ырастоочу документ;
15) дренаждык тутумдар - ачык жана/же жабык коллекторлордун жана дрендердин, гидротехникалык курулмалардын, вертикалдык дренаж скважиналарынын жана башка инфратүзүмдүн өз ара байланышкан тармагы, анын ичинде дренаждык тутумдарды күтүүнү, эксплуатациялоону жана оңдоону камсыз кылуу үчүн бөлүнгөн жерлердин ажыратылып берилген бардык тилкелери;
16) булгоочу - айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик органдын корутундусуна ылайык суу объектисине, суу чарба курулмасына же суу фондунун жерлерине түшүшү мүмкүн болгон жерлерге булгоочу заттарды же калдыктарды таштаган адам;
17) булгоочу заттар - адамдын ден соолугуна, жаратылыш ресурстарына жана экотутумга зыяндуу таасир этүүчү, айлана-чөйрөгө зыян келтирүүгө жөндөмдүү ар кандай заттар, предметтер же алардын комбинациялары;
18) суу фондунун жерлери - табигый (жаратылыш) суу объекттери ээлеген жерлер;
19) ирригациялык фонддун жерлери - суу чарба курулмалары, ирригациялык тутумдун жана инфратүзүмдүн объекттери ээлеген жерлер, анын ичинде бөлүнгөн тилкелер;
20) ирригациялык тутумдар - жолдор, имараттар, электр берүү линиялары жана башка инфратүзүм, анын ичинде бөлүнгөн тилкелер менен байланышкан ирригациялык каналдардын, өткөргүч түтүктөрдүн, гидротехникалык курулмалардын, насостук станциялардын, скважиналардын, суу сактагычтардын, жасалма көлмөлөрдүн жана көлмөлөрдүн өз ара байланышкан тармагы;
21) ирригациялык фонд - гидротехникалык курулмаларда болгон суу ресурстары менен бардык ирригациялык тутумдардын жыйындысы, анын ичинде мындай курулмалардын боюндагы жана айланасындагы жерлер, ошондой эле тиешелүү инфратүзүм;
22) жасалма суу объектилери - адам тарабынан түзүлгөн, бирок ирригациялык максаттарга багытталбаган көлмөлөр, анын ичинде жасалма көлмөлөр же бассейндер;
23) Суу жана жер ресурстары боюнча улуттук кеңеш - Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан түзүлүүчү, Кыргыз Республикасынын суу ресурстарын башкаруу, пайдалануу жана коргоо чөйрөсүндөгү мамилелерди координациялоочу консультативдик жана кеңешүүчү орган;
24) калдыктар - чарба ишинин процессинде пайда болуучу чийки заттардын, материалдардын, жарым фабрикаттардын, башка буюмдардын жана өнүмдөрдүн калдыктары;
25) ирригациялык кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы - мамлекеттик суу чарба тутумунан же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына таандык ирригациялык тутумдардан сугат суусун суу пайдалануучуга берүү боюнча мамлекеттик же муниципалдык берүүчүнүн кызмат көрсөтүүлөрү үчүн акчалай жыйым (акынын ставкасы);
26) плотина - курулманын алдында суунун деңгээлин көбөйтүү же сууну топтоо, же суунун агымын жөнгө салуу үчүн суунун объектисинде суунун агымын жабуучу гидротехникалык курулма;
27) эсепке алуу приборун текшерүү - ченөө каражаттарынын колдонууга жарактуулугун эксперименталдык түрдө аныкталуучу метрологиялык мүнөздөмөлөрдүн негизинде аныктоо жана алардын техникалык регламенттерде белгиленген же даярдоочу заводдун коштомо документтеринде көрсөтүлгөн милдеттүү талаптарга шайкештигин тастыктоо;
28) бөлүнгөн тилке - суу чарба курулмасынын айланасындагы же боюндагы туурасы 25 метрден кем эмес, пайдалануу режими чектелген, ирригациялык тутумдарды күтүү, эксплуатациялоо жана оңдоо үчүн багытталган жер участогу;
29) суу берүүчү - суу чарбасы боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык органы же ирригациялык тутумду эксплуатациялоону жана техникалык тейлөөнү, суу берүүгө келишимдин негизинде суу пайдалануучуга берүү үчүн суу алууну жана ташууну жүзөгө ашыруучу башка юридикалык жак;
30) суу ресурстарын коргоо боюнча жумуштар төмөнкүдөй максаттагы жумуштарды билдирет:
- суу объектилерине, суу чарба курулмаларына же суу фондунун жерлерине булгоочу заттарды же калдыктарды таштоону болтурбоо же кыскартуу;
- калдыктарды жана булгоочу заттарды жок кылуу же жайгаштыруу;
- суу объектисинде, суу чарба курулмасында же суу фондунун жерлеринде булгоочу заттардын же калдыктардын болуусунан келип чыккан булганууларды зыянсыздандыруу же басаңдатуу;
- суу объекттеринин, суу чарба курулмаларынын же суу фондунун жерлеринин булгоочу затгар жана калдыктар түшкөнгө чейин болгон абалын калыбына келтирүү, анын ичинде флора менен фаунаны сактоо;
31) сууну пайдаланууга уруксат - 15 жылга чейинки мөөнөткө берилүүчү, сууну пайдалануу боюнча ишке укукту тастыктоочу документ;
32) булгоочу заттарды таштоого уруксат - суу объектилерине, коллектордук-дренаждык тутумдарга, сугарылуучу, чыпкалануучу жана буулануучу талааларга, жер рельефине булгоочу заттарды таштоого укукту тастыктоочу документ;
33) суу ресурстарын пайдалануу үчүн жыйым - Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинде белгиленген төгүм;
34) сууну пайдаланууга атайын уруксат - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (мындан ары - Министрлер Кабинети) чечиминин негизинде суу ресурстары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан 25 жылга чейинки мөөнөткө берилүүчү уруксат;
35) саркынды суулар (саркындылар) - адамдын тиричилик жана өндүрүштүк ишинде пайдалангандан кийин бөлүнүп чыгуучу суу, ошондой эле атмосфералык жаан-чачындар;
36) жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - суу ташкыны, сел жана жер көчкү жүрүү учуруна пландарды даярдоого, жаңылоого жана жүзөгө ашырууга катышуучу атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
37) айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - айлана-чөйрөнү коргоо, жаратылыш ресурстарын коргоо жана сарамжалдуу пайдалануу чөйрөсүндөгү атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
38) суу чарбасы боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - ирригация чөйрөсүндө суу берүүнү, анын ичинде мамлекеттер аралык суу бөлүштүрүүнү башкаруу боюнча мамлекеттик орган;
39) суу ресурстары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын суу ресурстарын пайдаланууну жана коргоону башкаруу боюнча мамлекеттик орган;
40) гидрометеорология боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - суу, суу ресурстарына мониторинг жүргүзүү жана мамлекеттик суу кадастры боюнча маалымат тутумдарын даярдоого катышуучу атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
41) калктын санитардык-эпидемиологиялык бакубаттыгы жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - калктын санитардык-эпидемиологиялык бакубаттыгын камсыз кылуу боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
42) экологиялык агым - суунун экотутумуна олуттуу зыян келтирбестен анын сакталышын жана өзүн-өзү калыбына келтирүүсүн камсыз кылууга жөндөмдүү суу объектисиндеги суунун минималдуу жол берилген агымы.
3-берене. Кыргыз Республикасынын суу мыйзамдары
1. Кыргыз Республикасында суу мамилелери Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Кодекс жана аларга ылайык кабыл алынган башка ченемдик укуктук актылар менен жөнгө салынат.
2. Башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген сууга укуктук ченемдер ушул Кодекске ылайык келүүгө тийиш.
3. Башка ченемдик укуктук актыларда камтылган суу укугунун ченемдери ушул Кодекстин жоболоруна каршы келген учурда, ушул Кодекстин жоболору колдонулат.
4-берене. Суу ресурстарына жана суу фондунун жерлерине менчик
1. Кыргыз Республикасынын суу ресурстары мамлекеттин өзгөчө жана ажырагыс менчиги болуп саналат. Ар бир адам ушул Кодекстин жоболоруна ылайык мамлекеттик чек аранын чегинде суу ресурстарын пайдаланууга укуктуу.
2. Жасалма суу объектилери ээлеген жерлердин башка категорияларынын жер участокторун кошпогондо, суу объектилери же мамлекеттик ирригациялык, дренаждык тутумдар жана суу чарба курулмалары ээлеген суу жана ирригациялык фонддордун жерлери мамлекеттин өзгөчө менчиги болуп саналат.
5-берене. Суу ресурстарын башкаруу жана бассейндик ыкма
1. Суу ресурстарын башкаруу - ушул Кодекске жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык суу ресурстарын жана айлана-чөйрөнү өнүктүрүүнү, сарамжалдуу пайдаланууну, коргоону, адамдардын ден соолугун коргоону, ошондой эле калктуу конуштарды, өнөр жай аймактарын жана менчиктин бардык түрлөрүн суунун коркунучтуу таасиринен коргоону камсыз кылуучу чаралардын, ченемдердин жана эрежелердин комплекстүү тутуму. Бассейндик ыкма суу ресурстарын пайдаланууну жана коргоону башкаруу гидрографиялык принцип боюнча Ысык-Көлгө жана Кыргыз Республикасынын башкы дарыяларына тиешелүү башкы бассейндин аймагынын чектеринде жүзөгө ашырылат дегенди билдирет.
2. Министрлер Кабинети Суу жана жер ресурстары боюнча улуттук кеңештин сунуштарынын негизинде суу ресурстары чөйрөсүндөгү ар бир мамлекеттик бассейндик органдын жана бассейндик кеңештин иш-аракетинин зонасын белгилейт. Кабыл алынган чечим расмий жарыяланууга тийиш.
3. Ар бир башкы бассейнде суу ресурстарын башкаруунун тийиштүү бассейндик органы жана бассейндик кеңеши ушул Кодекстин жоболоруна ылайык суу ресурстарын башкарууну камсыз кылат.
4. Мамлекеттик администрациянын жергиликтүү органдарынын жана министрликтер менен административдик ведомстволордун аймактык органдарынын чечимдери ушул беренеге жана суу ресурстарын башкаруу боюнча бассейндик ыкмага ылайык кабыл алынат.
6-берене. Суу ресурстарын башкаруу принциптери
Суу ресурстарын башкаруу төмөнкүдөй принциптерге негизделет:
1) катышуу принциби: бардык кызыкдар жактар пландоо жана чечимдерди кабыл алуу процессине катышууга тийиш;
2) сууга керектөөлөрдү эсепке алуу принциби: суу ресурстарын пайдалануу жана коргоо боюнча чечимдерди кабыл алууда учурдагы жана келечектеги муундардын керектөөлөрү эске алынууга тийиш;
3) суу ресурстарына глобалдуу климаттык өзгөрүүлөрдүн таасирин эске алуу принциби;
4) суу ресурстарынын экономикалык баалуулук принциби: суу ресурстарын пайдалануу жана коргоо боюнча ишти пландоодо, чечимдерди кабыл алууда жана ишти жүзөгө ашырууда суу ресурстарынын экономикалык баалуулугу эске алынууга тийиш;
5) булгагандыгы үчүн акы төлөө принциби: суу ресурстарын булгаган жактар сууну булгагандыгы үчүн жаратылышты пайдалангандыгы сыяктуу акы төлөөгө тийиш;
6) жеткиликтүүлүк принциби: суу объектилеринин жана суу ресурстарынын абалы жана аны пайдалануу жөнүндө маалымат коомчулуктун өкүлдөрүнө жеткиликтүү болууга тийиш;
7) суу ресурстарын жана суу объектилерин пайдалануу үчүн акы төлөө принциби;
8) суу объектилерин колдонуунун алдында аларды коргоо артыкчылыгы;
9) суу объектилерин колдонуу өзгөчөлүктөрү, б.а. алардын физикалык-географиялык жана башка өзгөчөлүктөрүнө жараша суу мамилелерин жөнгө салуу;
10) суу объектилерин пайдалануунун башка максаттарынын алдында аларды ичүү жана чарбалык-тирчилик суу менен камсыздоо максаттарына пайдалануунун артыкчылыгы;
11) бассейндин чегинде суу мамилелерин жөнгө салуу (бассейндик ыкма).
2-глава. Суу мамилелерин башкаруу боюнча мамлекеттик органдардын компетенциясы
7-берене. Кыргыз Республикасынын Президентинин суу мамилелери жаатындагы компетенциясы
Кыргыз Республикасынын Президентинин (мындан ары - Президент) компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Суу жана жер ресурстары боюнча улуттук кеңешти түзүү жана ишин токтотуу, ошондой эле Суу жана жер ресурстары боюнча улуттук кеңештин жыйналыштарында төрагалык кылуу;
2) Улуттук суу стратегиясын бекитүү;
3) суу объектисин өзгөчө экологиялык кырдаал же экологиялык кырсык зонасы деп жарыялоо.
8-берене. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин суу мамилелери жаатындагы компетенциясы
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин (мындан ары - Жогорку Кеңеш) компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) сууларды пайдалануу жана коргоо жаатында мамлекеттик саясатты аныктоо;
2) суу мыйзамдарын иштеп чыгуу, кабыл алуу, өзгөртүүлөрдү киргизүү;
3) өзгөчө экологиялык кырдаал зоналары жана экологиялык кырсык зоналары деп жарыяланган суу объектилеринин жана суу чарба курулмаларынын укуктук режимин белгилөө;
4) суу мамилелери чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерди ратификациялоо жана денонсациялоо;
5) ирригацияга жана дренажга ар жылдык дотацияларды бекитүү.
9-берене. Министрлер Кабинетинин суу мамилелери жаатындагы компетенциясы
Министрлер Кабинетинин компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Кыргыз Республикасынын аймагында министрликтердин, административдик ведомстволордун жана башка уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын суу мамилелери жаатындагы ишин координациялоо;
2) суу ресурстарын башкаруунун гидрографиялык принцибинин негизинде башкы бассейндердин аймактык чектерин бекитүү;
3) бассейндик кеңештер жөнүндө жоболорду бекитүү;
4) ушул Кодексти ишке ашыруу максаттары үчүн атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарды аныктоо;
5) суу ресурстарына мониторинг жүргүзүү тутумун белгилөө;
6) аларды каржылоо булактарын аныктоо менен мамлекеттик суу чарба программаларын бекитүү;
7) климаттын өзгөрүшүн эске алуу менен суу ресурстарынын абалына келечектүү баа берүүнү бекитүү;
8) суу ресурстарын башкаруу, пайдалануу жана коргоо чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды бекитүү;
9) суу ресурстарын пайдалануу үчүн жыйымдын өлчөмүн, аныктоо жана алуу тартибин бекитүү;
9-1) калктуу конуштардагы дренаждык тутумдардын курулмаларын күтүүнүн, техникалык тейлөөнүн, оңдоонун, реабилитациялоонун, долбоорлоонун жана куруунун тартибин бекитүү;
10) суу фондунун жерлерин бөлүү жана пайдаланууга берүү тартибин белгилөө;
11) плотиналардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча милдеттерди ишке ашыруу;
12) өзгөчө абал зонасында сууну өзгөчө пайдалануу режимин белгилөө;
13) Кыргыз Республикасынын суу мамилелери жаатындагы тышкы байланыштарына жетекчиликти жүзөгө ашыруу;
14) суу мамилелери жаатындагы чет өлкөлүк юридикалык жана жеке жактардын ишин жөнгө салуу;
15) ушул Кодексте аныкталган башка милдеттерди аткаруу.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 8-июлундагы № 107 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
10-берене. Суу жана жер ресурстары боюнча улуттук кеңеш
1. Президент суу жана жер ресурстарын башкаруу, аларды пайдалануу жана коргоо боюнча саясатты ишке ашыруу боюнча тутумдуу, комплекстүү жана координацияланган сунуштамаларды жана чараларды иштеп чыгуу үчүн Суу жана жер ресурстары боюнча улуттук кеңешти түзөт.
2. Суу жана жер ресурстары боюнча улуттук кеңештин курамы, уюштуруучулук түзүмү жана иш-милдеттери Президенттин Жарлыгы менен бекитилүүчү жобо менен регламенттелет.
11-берене. Бассейндик кеңештер жана алардын ыйгарым укуктары
1. Суу мамилелерин жөнгө салууда ишти координациялоону жүзөгө ашыруу үчүн Суу жана жер ресурстары боюнча улуттук кеңеш суу ресурстары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча ар бир башкы бассейн үчүн бассейндик кеңеш түзөт.
2. Ар бир бассейндик кеңешке суу ресурстарын башкаруунун бассейндик органынын, суу чарбасы боюнча мамлекеттик органдын аймактык түзүмдөрүнүн, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик органдын, жарандык коргонуу жаатындагы мамлекеттик органдын, гидрометеорология боюнча мамлекеттик органдын, гидрогеология боюнча мамлекеттик органдын, калктын санитардык-эпидемиологиялык бакубатчылыгы жаатындагы мамлекеттик органдын, техникалык көзөмөл боюнча мамлекеттик органдын, жер жана суу мыйзамдарын көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик органдын ошол башкы бассейнде иш жүргүзүүчү өкүлдөрү, ошондой эле жергиликтүү мамлекеттик администрациянын, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү киргизилет. Бассейндик кеңештин төрагасы бир эле убакта суу ресурстарын башкаруунун бассейндик органынын жетекчиси болуп саналат. Кеңештин төрагасынын орун басары болуп суу чарбасы боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бассейндик бөлүмүнүн жетекчиси саналат.
3. Бассейндик кеңештердин милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) бассейндик планды иштеп чыгуу жана Суу жана жер ресурстары боюнча улуттук кеңешке берүү;
2) башкы бассейндин ичиндеги суу секторунун ишин координациялоо;
3) ушул Кодексте аныкталган башка милдеттер.
4. Бассейндик кеңештин жыйналышы бир жылда бирден кем эмес жолу өткөрүлөт. Бассейндик кеңештин мүчөлөрү өздөрүнүн иши үчүн сый акы алышпайт.
5. Суу ресурстары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү аймактык бөлүмү бассейндик кеңештин катчылыгынын иш-милдеттерин жүзөгө ашырат.
6. Бассейндик кеңештин иши Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү жобо менен жөнгө салынат.
12-берене. Суу ресурстары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана анын компетенциясы
1. Суу ресурстары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу чөйрөсүндө башкарууну жүзөгө ашырат.
2. Суу ресурстары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Суу жана жер ресурстары боюнча улуттук кеңештин катчылыгынын иш-милдеттерин аткаруу;
2) суу ресурстарын башкаруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруу;
3) суу ресурстарын башкаруу жана сарамжалдуу пайдалануу чөйрөсүндө мамлекеттик программаларды, долбоорлорду ишке ашыруу;
4) бассейндик кеңештин ишине катышуу;
5) мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу боюнча ишти жүзөгө ашыруу;
6) суу объектилеринде суу ресурстарын пайдаланууну башкаруу жана жөнгө салуу;
7) суу ресурстарын климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлаштыруу боюнча иш-аракеттерди иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
8) климаттын өзгөрүшүн эске алуу менен суу ресурстарынын абалына келечектүү баа берүүнү 5 жылда бирден кем эмес жолу иштеп чыгуу жана үзгүлтүксүз кайра карап чыгуу;
9) жер астындагы сууларды пайдаланууну жөнгө салуу;
10) суу фондунун суу ресурстарын соолуп калуудан жана булгануудан коргоо боюнча милдеттерди ишке ашыруу;
11) ирригациялык фонддун суу коргоо зоналарынын режимин белгилөө жана сакталышын камсыздоо боюнча милдеттерди ишке ашыруу;
12) суу фондунун жерлерин башкаруу жана жөнгө салуу;
13) суу ресурстары жөнүндө маалымат тутумдарынын иштөөсүн камсыздоого катышуу;
14) ушул Кодексте Жогорку Кеңештин жана Министрлер Кабинетинин компетенциясына киргизилбеген суу мамилелерин жөнгө салуу;
15) сууну пайдаланууга жана атайын сууну пайдаланууга уруксат берүү;
16) жер астындагы таза суулардын корун мамлекеттик эсепке алууну камсыздоо;
17) жер астындагы таза суунун режимин жана сапатын системалуу түрдө көзөмөлдөөнүн негизинде алардын абалына мониторинг жүргүзүү;
18) мамлекеттик суу кадастрын жана суу топтоочу курулмалардын мамлекеттик реестрин (жер астындагы суулар бөлүгүндө) жүргүзүү;
19) жер астындагы таза сууларды пайдалануу жана коргоо менен байланышкан долбоорлорго экспертиза жүргүзүү, жер астындагы сууларга тийиштүү башка суу чарба маселелерин чечүүгө катышуу.
Суу ресурстары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрү бассейндик кеңештердин катчылыгынын иш-милдеттерин аткарат. Суу ресурстары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын суу мамилелерин жөнгө салуу боюнча иши жөнүндө ар жылдык отчету Суу жана жер ресурстары боюнча улуттук кеңеш тарабынан бекитилет.
13-берене. Суу чарбасы боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана анын компетенциясы
Ирригациялык жана дренаждык тутумдарды жана башка суу чарба ишин башкарууну жүзөгө ашыруучу мамлекеттик орган суу чарбасы боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп саналат.
Суу чарбасы боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) ирригация чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруу;
2) ирригациялык, дренаждык тутумдарды жана суу чарба курулмаларын күтүү, техникалык тейлөө, оңдоо, реабилитациялоо, долбоорлоо жана куруу;
3) мамлекеттер аралык маанидеги суу чарба курулмаларын күтүү;
4) суу пайдалануучулар менен түзүлгөн суу берүүгө келишимдерге ылайык суу берүү;
5) суу берүүгө келишимдерге ылайык суу пайдалануучулардан акы жыйноо;
6) ирригациялык, дренаждык тутумдарды жана суу чарба курулмаларын паспорттоштуруу, мамлекеттик кадастрын жүргүзүү жана алардын техникалык деңгээлин жогорулатуу боюнча сунуштарды даярдоо;
7) мамлекеттик ирригациялык тутумдар тарабынан табигый суу объектилеринен алынган суунун көлөмүн эсепке алуу жана алардан суу пайдалануучуларга суу берүүнүн көлөмүн эсепке алуу;
8) мамлекеттик ирригациялык жана дренаждык тутумдарды эксплуатациялоо жана техникалык тейлөө үчүн багытталган ирригациялык фонддун жерлерин башкаруу;
9) калктуу конуштардан тышкары айыл чарба багытындагы жерлерди сугаруу үчүн сууну пайдалануу, ирригациялык тутумдарды, анын ичинен дренаждык тутумдарды эксплуатациялоо жана күтүү эрежелерин бекитүү;
10) ирригациялык фонддун жерлеринде бөлүнгөн тилкелерди белгилөө;
11) каржылоо булактарын, анын ичинде чет өлкөлүк инвестицияларды көрсөтүү менен максаттуу программаларды жана долбоорлорду иштеп чыгуу;
12) мамлекеттин менчигинде турган каналдарды, коллекторлорду бойлото, суу сактагычтардын жана суу чарба курулмаларынын айланасына коргоочу токой көчөттөрүн тигүү жана аларды өстүрүү;
13) мамлекеттик мелиоративдик кадастрды иштеп чыгуу;
14) ушул Кодекстин 16-главасынын жоболорун ишке ашыруу;
15) ушул Кодексте аныкталган башка милдеттер.
14-берене. Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана анын компетенциясы
Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ушул Кодексти ишке ашыруу боюнча компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Суу жана жер ресурстары боюнча улуттук кеңештин жана бассейндик кеңештин ишине катышуу;
2) мамлекеттик мониторинг жүргүзүүгө катышуу;
3) суу объектилериндеги суулардын классификациясын жана алардын стандарттарын иштеп чыгууга жана макулдашууга катышуу;
4) суу ресурстарынын жана суу фондунун жерлеринин булгануусун, соолуп калуусун болтурбоо жана жоюу, аларды сарамжалдуу жана үнөмдүү пайдалануу боюнча чараларды көрүү;
5) суу объектилерине таштоого тыюу салынган коркунучтуу заттардын тизмегин даярдоо жана Министрлер Кабинетине берүү;
6) булгоочу заттарды таштоого уруксаттарды берүү, токтотуп туруу, жокко чыгаруу же өзгөртүү;
7) булгоочу заттарды таштоого уруксаттарды каттоону жүргүзүү;
8) сууларды коргоо боюнча иштерди жүргүзүү;
9) суу ресурстарынын булганышына, тазалоочу курулмалардын ишинин натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүүнү уюштуруу жана жүзөгө ашыруу;
10) айлана-чөйрөгө, анын ичинде суу объектилерине саркынды суулардын агызылышын жөнгө салуу жана контролдоо;
11) суу объектилерине таасир этүү менен байланышкан чарбалык же башка ишке экологиялык талаптарды белгилөө;
12) айлана-чөйрөгө булгоочу заттарды таштоо үчүн төлөмдүн ченемдерин жөнгө салуу жана контролдоо;
13) тазаланбаган саркынды сууларды агызууда суу ресурстарына келтирилген зыянды аныктоонун методикасын иштеп чыгуу;
14) айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдар менен белгиленген тартипке ылайык долбоордук жана башка документтерге мамлекеттик экологиялык экспертиза жүргүзүү;
15) минималдуу экологиялык агымды белгилөө боюнча сунуштарды макулдашуу;
16) дарыялар түптөлгөн тоолуу аймактарды агым түптөлгөн зоналар деп жарыялоо боюнча сунуштарды макулдашуу;
17) климаттын жана климаттык профилдин өзгөрүүсүнө ыңгайлашуу боюнча стратегияны 5 жылда кеминде бир жолу иштеп чыгуу жана мезгил-мезгили менен жаңылап туруу;
18) ыйгарым укуктуу мамлекеттик экологиялык жана техникалык көзөмөл органынын ишин жетектөө.
15-берене. Калктын санитардык-эпидемиологиялык бакубаттыгы жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана анын компетенциясы
Калктын санитардык-эпидемиологиялык бакубаттыгы жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ушул Кодексти ишке ашыруу боюнча компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Суу жана жер ресурстары боюнча улуттук кеңештин жана бассейндик кеңештин ишине катышуу;
2) ушул Кодекстин 49-беренесине ылайык иштелип чыгуучу суулардын классификациясын макулдашуу жана суу объектилери боюнча бул суулардын стандарттарын бекитүү;
3) булгоочу заттарды жана калдыктарды суу объектилерине, коллектордук-дренаждык тутумдарга, сугат, чыпкалоо жана буулануу талааларына, жердин рельефине таштоого уруксаттарды макулдашуу;
4) жер үстүндөгү жана жер астындагы сууларды булгануудан коргоонун санитардык ченемдерин жана эрежелерин иштеп чыгуу;
5) Евразия экономикалык бирлигинин жана башка эл аралык келишимдердин алкагында калктын санитардык-эпидемиологиялык бакубаттыгы маселелерине тиешелүү талаптарды аткаруу;
6) ушул Кодексте аныкталган башка милдеттер.
16-берене. Гидрогеология боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана анын компетенциясы
Гидрогеология боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ушул Кодексти ишке ашыруу максаттары үчүн компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) бассейндик кеңештин ишине катышуу;
2) жер астындагы сууларды булгануудан коргоо боюнча эрежелерди жана колдонмону даярдоо;
3) жер астындагы сууларды коргоо зоналарын белгилөө боюнча сунуштарды даярдоо;
4) ушул Кодексте аныкталган башка милдеттер.
17-берене. Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана анын компетенциясы
Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ушул Кодексти ишке ашыруу боюнча компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Суу жана жер ресурстары боюнча улуттук кеңештин жана бассейндик кеңештин ишине катышуу;
2) суу ташкындары, сел жана кургакчылык жөнүндө маалыматтардын улуттук тутумун түзүү боюнча сунуштарды макулдашуу;
3) суу ресурстары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен биргеликте суу ташкындары жана сел жүрүү учурларына карата пландарды даярдоо жана мезгил-мезгили менен жаңылап туруу;
4) калктуу конуштардагы дренаждык тутумдардын курулмаларын күтүү, техникалык тейлөө, ондоо, реабилитациялоо, долбоорлоо жана куруу.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 8-июлундагы № 107 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
18-берене. Гидрометеорология иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана анын компетенциясы
Гидрометеорология иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ушул Кодексти ишке ашыруу максаттары үчүн компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) бассейндик кеңештин ишине катышуу;
2) суу ресурстарына мониторинг жүргүзүүгө тиешелүү милдеттерди ишке ашыруу, анын ичинде мөңгүлөрдү булгануудан жана азаюудан коргоо боюнча чараларды көрүү;
3) маалымат тутумдарын жүргүзүү, жер үстүндөгү суулар бөлүгүндө мамлекеттик суу кадастрын түзүү боюнча милдеттерди ишке ашыруу.
19-берене. Суу мыйзамдарынын сакталышын контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана анын компетенциясы
Суу мыйзамдарынын сакталышын контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган суу фондун жана ирригациялык фондду пайдалануу жана коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын суу мыйзамдарынын талаптарынын сакталышын мамлекеттик контролдоо иш-милдеттерин жүзөгө ашырат.
Суу мыйзамдарынын сакталышын контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) юридикалык жана жеке жактардын Кыргыз Республикасынын суу мыйзамдарын сактоосу боюнча ишине текшерүү жүргүзүү;
2) юридикалык жана жеке жактарды Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке тартуу;
3) Кыргыз Республикасынын суу мыйзамдарын бузгандарга карата сотко доо менен кайрылуу.
20-берене. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын компетенциясы
1. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын ушул Кодексти ишке ашыруу максаттары үчүн компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) бассейндик кеңештин ишине катышуу;
2) Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык суу фондунун жерлерин берүү;
3) санитардык коргоо зоналарын бекитүү;
4) сууну коргоо зоналарынын жана тилкелеринин режимин сактоону камсыздоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн ишин уюштурууга контроль жүргүзүү;
5) суу ташкындарына жана селге дуушар болгон аймактарда ишти жөнгө салуу жана жумуштарды аткаруу боюнча ченемдик актыларды кабыл алуу.
2. Ушул Кодексте аныкталган милдеттерди ишке ашыруу боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрация органын Министрлер Кабинети аныктайт.
3-глава. Суу фондун пайдалануу жана коргоо жаатында мамлекеттик жөнгө салуу
21-берене. Суу ресурстарына мамлекеттик мониторинг жүргүзүү
1. Төмөнкүлөргө тиешелүү маалыматтарды чогултууда, талдоодо, берүүдө жана аларга мониторинг жүргүзүүдө Министрлер Кабинети суу ресурстары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, гидрометеорология боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, гидрогеология боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана башка мамлекеттик органдардын ишин жөнгө салат:
1) Кыргыз Республикасындагы суу ресурстарынын санына, сапатына жана пайдаланылышына;
2) суулардын сапат стандарттарына ылайык келишине;
3) мүмкүн болуучу суу ташкындарына, селдерге жана кургакчылыкка;
4) суу экотутумдарынын абалына;
5) суу объектилеринин жана суу ресурстарынын абалына таасир этүүчү атмосфералык мүнөздөмөлөргө.
2. Министрлер Кабинети Суу жана жер ресурстары боюнча улуттук кеңештин сунушу боюнча төмөнкүдөй жоболорду бекитет:
1) суу ресурстарына мониторинг жүргүзүү жол-жоболору, стандарттары жана методдору жөнүндө;
2) айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилүүчү маалыматтардын мезгилдүүлүгү жана курамы жөнүндө.
3. Мониторинг жүргүзүү боюнча ушул беренеге ылайык чогултулган маалымат мамлекеттик суу кадастрынын бөлүгү болуп саналат.
22-берене. Улуттук суу стратегиясы
1. Улуттук суу стратегиясынын долбоору суу ресурстары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыгат жана Суу жана жер ресурстары боюнча улуттук кеңеш жактыргандан кийин Президент тарабынан бекитилет.
2. Улуттук суу стратегиясы суу фондун өнүктүрүү, пайдалануу жана коргоо боюнча пландарды, программаларды, документтерди, чечимдерди же иш-аракеттерди иштеп чыгуунун негизги принциптерин жана жоболорун белгилейт.
3. Улуттук суу стратегиясы ушул берененин жоболоруна ылайык иштелип чыгат жана жок эле дегенде төмөнкүлөрдү аныктайт:
1) суу объектилериндеги суу ресурстарынын санын жана сапатын жана алардын экономика секторлорунда пайдаланылышын;
2) суу боюнча мамилелерге тиешелүү экологиялык муктаждыктарды жана мамлекеттер аралык макулдашууларды эске алуу менен суунун пайдаланылбаган агымынын көлөмүн;
3) климаттын күтүлгөн өзгөрүүсүн эске алуу менен экономиканын ар бир сектору үчүн сууга болгон кыска мөөнөттүү, орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү керектөөлөрүн;
4) суу экономикасынын механизмдерин илгерилетүүнү;
5) институционалдык өзгөрүүлөрдү жана аны ишке ашыруу үчүн керектүү административдик чараларды;
6) сууну бөлүштүрүү боюнча талаптарды канааттандыруу үчүн заманбап технологияларды жана стратегияларды;
7) бассейндик пландарды эске алуу менен сууну бассейндер аралык бөлүштүрүүгө керектөөлөрдү жана мүмкүндүктөрдү.
4. Улуттук суу стратегиясы бекитилгенден кийин суу ресурстары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу анын принциптерин кеңири коомчулукка жеткирүүгө тийиш.
5. Бардык мамлекеттик органдар өз милдеттерин аткарууда Улуттук суу стратегиясын ушул Кодекске ылайык ишке ашырат.
6. Суу жана жер ресурстары боюнча улуттук кеңеш Улуттук суу стратегиясын 5 жылда кеминде бир жолу кайра карайт жана зарыл болгон учурда аны өзгөртүү боюнча сунуштарды Президенттин кароосуна киргизет.
23-берене. Мамлекеттик суу чарба программалары
1. Мамлекеттик суу чарба программасы төмөнкүлөрдү куруу, реабилитациялоо жана модернизациялоо жөнүндө маалыматты камтыйт:
1) ар бир бассейндик планды комплекстүү ишке ашырууга мүмкүндүк берүүчү көлөмдөрдө мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган ирригациялык жана дренаждык тутумдарды;
2) гидроэлектр станцияларын;
3) шаарларды жана райондук борборлорду суу менен коммуналдык камсыздоо жана сууларды буруп агызуу тутумдарын;
4) айылдык калктуу конуштарды суу менен камсыздоо жана сууларды буруп агызуу тутумдарын;
5) саркынды сууларды тазалоо боюнча түзүлүштөрдү.
2. Министрлер Кабинети мамлекеттик суу чарба программасын 5 жылда кеминде бир жолу кайра карайт.
24-берене. Суу ресурстарын өнүктүрүү, пайдалануу жана коргоо боюнча бассейндик пландар
1. Суу ресурстары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ар бир башкы бассейн үчүн суу ресурстарын өнүктүрүүнүн, пайдалануунун жана коргоонун бассейндик пландарын даярдоо үчүн зарыл болгон программаларды иштеп чыгууну уюштурат жана алардын аткарылышын контролдоону камсыздайт.
2. Бассейндик пландардын долбоорлору бассейндик кеңештер тарабынан иштелип чыгат жана Суу жана жер ресурстары боюнча улуттук кеңештин жактыруусуна киргизилет.
3. Бассейндик план:
1) суунун азаюусу, кургакчылык, суу ташкыны, булгануу жана бассейндеги плотиналарды бузуп кетүү тобокелдигин баалоону жана мындай тобокелдиктерди болтурбоого, калыбына келтирүүгө же басаңдатууга талап кылынуучу чыгымдарды камтыйт;
2) аймактык булгоо булактарынын тобокелдиги бар аймактарды аныктайт;
3) болгон коргоо зоналарынын обзорун камтыйт;
4) суу ташкыны жана сел жүрүү тобокелдиги бар аймактарды жана мындай аймактарда тыюу салынууга же чектелүүгө тийиш болгон иштин түрлөрүн аныктайт.
4. Бассейндик план кошумча түрдө:
1) климаттын күтүлгөн өзгөрүүсүн эске алуу менен бассейндин ичиндеги суу ресурстарынын санына жана коопсуздугуна баа берүүнү камтыйт;
2) сууну ар кандай максаттарга пайдалануунун көлөмдөрү боюнча сууга болгон учурдагы жана потенциалдуу керектөөлөрдү аныктайт;
3) айлана-чөйрөнү коргоонун жана Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелеринин талаптарын эске алуу менен мүмкүн болуучу кошумча пайдалануу үчүн суунун корун аныктайт;
4) экологиялык муктаждыктар жана калк үчүн сууга болгон керектөөнү аныктайт;
5) ыктымалдуу финансылык булактарды аныктоо менен мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган ирригациялык жана дренаждык тутумдардын инвестициялык жана финансылык керектөөлөрүн баалайт;
6) сууну пайдалануу үчүн артыкчылыктарды жана экономиканын ар түрдүү секторлорунун арасында суу пайдалануучулардын укуктарына мүмкүн болуучу чектөөлөрдү белгилейт;
7) айыл чарба жерлерин коргоо үчүн жээкти бекемдөөчү тосмолорду куруу зарыл болгон жерлерди аныктайт жана коргоочу токой көчөттөрүн тигет;
8) шагыл жана башка материалдардын казып алынышы мүмкүн болгон аймактарды аныктайт.
5. Суу ресурстары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бассейндик пландарды даярдоо боюнча жол-жоболорду белгилейт, алар суу пайдалануучуларга пландардын долбоорлорун талкуулоо процессине катышууга мүмкүндүк берет.
6. Суу ресурстары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана суу ресурстары боюнча тийиштүү бассейндик органдар ушул Кодекске ылайык өз милдеттерин жүзөгө ашырууда тийиштүү бассейндик пландарды ишке ашырат.
7. Бассейндик пландар тийиштүү бассейндик кеңештер тарабынан ар бир 5 жылда кайра каралат жана Суу жана жер ресурстары боюнча улуттук кеңештин кароосуна киргизилет.
4-глава. Суу ресурстарын пайдалануу
§ 1. Суу ресурстарын пайдалануунун жалпы маселелери
25-берене. Сууну пайдалануунун түрлөрү
1. Суу объектилерин пайдаланууга берүү шарттарына жараша сууну пайдалануу төмөнкүдөй бөлүнөт:
1) сууну биргелешип пайдалануу;
2) сууну өзүнчө пайдалануу.
2. Суу объектилерин пайдалануу ыкмасы боюнча сууну пайдалануу төмөнкүдөй бөлүнөт:
1) суу объектилерине сууну кайтарып берүү шартында суу объектилеринен суу ресурстарын алуу менен сууну пайдалануу;
2) суу объектилерине сууну кайтарбастан суу объектилеринен суу ресурстарын алуу менен сууну пайдалануу;
3) суу объектилеринен суу ресурстарын албастан сууну пайдалануу.
26-берене. Суу пайдалануучулардын укуктары жана милдеттери
1. Кыргыз Республикасынын суу ресурстары ушул Кодекстин жоболоруна ылайык пайдаланылат.
2. Суу ресурстарын пайдалануу төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) жер үстүндөгү же жер астындагы суу объектилеринен суу алуу;
2) алынган сууну башка жакка жеткирүү үчүн ташуу;
3) сууну ичүү жана чарбалык-тиричилик муктаждыктар үчүн пайдалануу;
4) сууну короо-жай участокторун сугаруу үчүн пайдалануу;
5) сууну сугат жана малды сугаруу үчүн пайдалануу;
6) сууну электр энергиясын жана жылуулук энергиясын иштеп чыгаруу үчүн пайдалануу;
7) сууну өнөр жай жана агроөнөр жай максаттары үчүн пайдалануу;
8) сууну балык уулоо жана балык чарба иши үчүн пайдалануу;
9) сууну спорт жана ден соолукту чыңдоо максаттарына пайдалануу;
10) сууну плотиналардан жана башка суу чарба курулмаларынан төмөн бөгөө жана топтоо;
11) суу объектисиндеги суунун агымын буруу, чектөө же өзгөртүү;
12) суу объектисинин нугун, кылаасын, жээктерин, агымын же мүнөздөмөсүн өзгөртүү, анын ичинде андан шагылды жана башка материалдарды казып алуу;
13) шор баскан жерлерди тазалоо үчүн сууну пайдалануу;
14) суу объектилерин транспорт үчүн пайдалануу.
3. Суу пайдалануучулар төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) сууну кирдетпестен жана булгабастан аяр пайдаланууга;
2) сууну пайдаланууга укуктар менен белгиленген шарттарды жана милдеттенмелерди, анын ичинде ушул Кодекстин бардык шарттарын, ошондой эле суу берүүгө келишимдеги шарттарды сактоого;
3) башка укуктуу суу пайдалануучулардын укуктарын бузбоого;
4) суу ресурстарын пайдалануу үчүн жыйымды белгиленген тартипте төлөөгө;
5) сууну пайдалануу боюнча статистикалык отчетту белгиленген тартипте берүүгө;
6) булактан жер үстүндөгү жана жер астындагы сууларды алуучу жерде (суу түтүгү өндүрүштүк аймакка киргизилген жерде) метрология боюнча ыйгарым укуктуу органда текшерүүдөн өткөн, алынган суунун көлөмүн эсепке алуу шаймандарын/түзүлүштөрүн жеке каражаттарынын эсебинен өз алдынча орнотууга;
7) тарыхый-маданий мурас объектилерине жана алардын коргоо зоналарына зыян келтирүүгө жол бербөөгө жана тарыхый-маданий мурас объекттерин изилдөөгө жеткиликтүүлүктү камсыз кылууга;
8) тарыхый-маданий мурас объектилери табылган учурда аларды тарыхый-маданий мурасты коргоо жана пайдалануу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте мамлекеттин менчигине өткөрүп берүүгө.
4. Суу пайдалануучулар төмөнкүлөргө укуктуу:
1) сууну ушул Кодекстин жоболоруна ылайык пайдаланууга;
2) суу ресурстарын башкаруу боюнча чечимдерди кабыл алууга катышууга;
3) алардын сууну пайдаланууга укуктары чектелген же жокко чыгарылган учурда ушул Кодексте аныкталган жоболорго ылайык компенсация алууга;
4) ушул Кодекстин жоболоруна ылайык суу ресурстарынын саны, сапаты жана пайдаланылышы жөнүндө маалыматка;
5) суу объектилерин эс алуу, туризм, спорттук жана ден соолукту чыңдоочу иш-чараларды өткөрүү үчүн пайдаланууга.
27-берене. Суу ресурстарын сууну пайдаланууга уруксатсыз колдонуу
1. Жер үстүндөгү суу ресурстары сууну пайдаланууга уруксатсыз төмөнкүдөй максаттарга колдонулушу мүмкүн:
1) курулмаларды жана техникалык түзүлүштөрдү колдонбостон ичүүчү жана чарбалык-тиричилик жактан суу менен камсыз кылуу, малды сугаруу жана башка жекече керектөөлөр;
2) курулмаларды жана техникалык түзүлүштөрдү колдонбостон короо-жай жана дача участокторун сугаруу;
3) ирригация;
4) сууну багыты боюнча пайдалануу үчүн ведомстволук, коммуналдык, сугат жана башка суу чарба тутумдарынан алууну жүзөгө ашыруу;
5) рекреация;
6) өрткө каршы муктаждыктар;
7) суу объектисин анын мүнөздөмөлөрүн өзгөртпөстөн спорттук максаттар үчүн пайдалануу.
2. Кургакчылык, суу жетишсиз учурларда, суунун сапаты начар болгондо, радиация жана оорулар жайылганда же ал үчүн тобокелдик жаралганда, ошондой эле сууну пайдалануу боюнча белгиленген талаптар бузулганда суу ресурстары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын белгилүү бир аймактарында же бардык аймагында сууну ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-3 жана 6-пункттарында аныкталган максаттарга пайдаланууну чектөөсү же тыюу салуусу мүмкүн.
3. Суу объектилерин археология эстеликтерине, анын ичинде суу астындагы чалгындоолорду, казууларды жана башка изилдөөлөрдү жүргүзүү максатында пайдалануу тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
28-берене. Уруксат алуу талап кылынган сууну пайдалануу
1. Суу пайдалануучулардын ишинин же иш-аракеттеринин төмөнкүдөй түрлөрү Кыргыз Республикасында ушул Кодекске ылайык суу ресурстары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген сууну пайдаланууга уруксаттардын негизинде гана жүзөгө ашырылышы мүмкүн:
1) стационардык суу чарба курулмаларын пайдалануу менен, анын ичинде суу алуу үчүн суммалык өндүрүмдүүлүгү 5 л/сек ашкан көчмө насостук станцияларды колдонуу менен жер үстүндөгү сууларды пайдалануу;
2) ушул Кодекстин 5-главасына ылайык түзүлгөн суу берүүгө келишимге ылайык сууну башка жакка берүү үчүн алуу жана ташуу;
3) ушул Кодекстин 44-беренесинин 1-бөлүгүндө аныкталган учурларды кошпогондо, жер астындагы сууларды пайдалануу;
4) сууну плотиналардан жана/же башка суу чарба курулмасынан төмөн бөгөө жана топтоо;
5) сууну электр энергиясын иштеп чыгаруу, балык уулоо, балык өстүрүү же башка экономикалык иш үчүн бөгөө же топтоо.
2. Сууну пайдаланууга уруксат төмөнкүдөй учурларды кошпогондо 15 жылга берилет:
1) талапкер сууну пайдаланууга өтүнмө берүүдө кыйла кыска мөөнөттү белгилөөнү сураган;
2) сууну пайдаланууга 5 жылдык максималдуу мөөнөткө берилүүчү уруксат шагыл же башка материалдарды казып алууга тийиштүү болгон.
3. Сууну пайдаланууга уруксат энчилүү мүнөзгө ээ жана ушул Кодекстин 36-беренесине ылайык гана өткөрүлүп берилиши мүмкүн.
4. Сууну пайдаланууга атайын уруксат Министрлер Кабинетинин чечими менен бекитилүүчү улуттук жана/же мамлекеттик инвестициялык долбоорлордун тизмегине киргизилген улуттук жана/же мамлекеттик инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда, же болбосо Министрлер Кабинети менен инвестордун ортосунда 50 жылга чейинки мөөнөткө же инвестициялык долбоорлорду жана инвестициялык макулдашууну ишке ашыруу мөөнөтүнө кийин узартуу мүмкүндүгү менен Инвестициялык макулдашууну түзүүдө, эгерде алар төмөнкүлөрдү курууга, модернизациялоого же реабилитациялоого багытталса, Министрлер Кабинетинин чечиминин негизинде берилиши мүмкүн:
1) гидроэнергетикалык жана башка максаттар үчүн плотиналарды;
2) ичүүчү сууну берүү үчүн суу чарба курулмаларын;
3) ирригациялык жана дренаждык тутумдарды.
5. Сууну пайдаланууга уруксат, анын ичинде сууну пайдаланууга атайын уруксаттар ушул Кодекс, ошондой эле ага ылайык иштелип чыккан башка ченемдик укуктук актылар менен жөнгө салынат.
29-берене. Суу пайдалануу боюнча артыкчылыктар
Сууну пайдалануунун максаттары үчүн артыкчылыктардын негизделген тартибин белгилөөчү бассейндик план жактырылганга чейин сууларды, анын ичинде жер астындагы сууларды бөлүштүрүү төмөнкүдөй артыкчылыктарды эске алуу менен жүргүзүлөт:
1) сууну ичүү жана чарбалык-тиричилик муктаждыктар үчүн пайдалануу;
2) сууну сугат жана малды сугаруу максаттарына пайдалануу;
3) сууну электр энергиясын, анын ичинде кайра жаралуучу электр энергиясын иштеп чыгаруу максаттарына пайдалануу;
4) сууну өнөр жай, анын ичинде тоо-кен жана агрардык өнөр жай үчүн пайдалануу;
5) сууну балык уулоо жана балык өстүрүү максаттарына пайдалануу;
6) сууну спорт жана ден соолукту чыңдоо максаттарына пайдалануу;
7) сууну башка максаттарга пайдалануу.
30-берене. Суу объектилерин пайдалануу
1. Кыргыз Республикасынын аймагындагы суу объектилери калктын ден соолугуна зыян келтирүүсү, ошондой эле балыктын корунун азаюусуна алып келүүсү мүмкүн болгон кирдөөдөн, булгануудан жана азаюудан корголууга тийиш.
2. Суу пайдалануучулардын укуктары балыктын баалуу түрлөрүн сактоо жана өндүрүү үчүн чоң мааниге ээ болгон суу объектилеринде же алардын айрым участокторунда, балык өстүрүүнүн башка объектилеринде балык чарбасынын кызыкчылыгы үчүн чектелүүсү мүмкүн. Мындай объектилердин тизмеги жана сууну пайдаланууну чектөөнүн түрлөрү Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
3. Ышкыбоздук балык уулоо үчүн сууларды пайдалануунун тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Министрлер Кабинети же атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан бул иш-аракеттер чектелген же тыюу салынган айрым суу объектилерин кошпогондо, жергиликтүү мамлекеттик администрация органдары тарабынан белгиленет.
4. Суу чарба курулмаларын атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын уруксатысыз ышкыбоздук балык уулоо үчүн пайдаланууга жол берилбейт.
5. Кеме жүрүүчүлөр категориясына киргизилген Кыргыз Республикасынын жер үстүндөгү суу объектилери, эгерде аларды бул максаттарда пайдаланууга толугу менен же жарым-жартылай тыюу салынган же болбосо алар обочо пайдаланууга берилген учурларды кошпогондо, жалпы пайдалануудагы суу жолдору болуп саналат.
6. Суу объектилерин кеме жүрүүчүлөр категориясына киргизүү жана сүзүү райондорунун разряды боюнча суу бассейндеринин кеме жүрүүчү суу жолдорунун тизмегин бекитүү Министрлер Кабинети тарабынан жүзгө ашырылат.
7. Суу объектилерин кемечилик, кемелерде жана чакан көлөмдүү кемелерде сүзүү үчүн пайдалануу суу транспорту жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
§ 2. Сууну пайдаланууга уруксаттар
31-берене. Сууну пайдаланууга уруксаттардын мазмуну
1. Сууну пайдаланууга берилген ар бир уруксатта төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) уруксат берилген иш;
2) уруксаттын ээси белгиленген өлчөмдө же агымдын үлүшүндө алууга, топтоого, буруп алууга жана пайдаланууга укуктуу суунун көлөмү;
3) шагыл жана башка материалдарды казып алууга уруксат берилген учурда ушул Кодекстин 81-беренесинин 3-бөлүгүндө аныкталган шарттар;
4) кайра чыгуучу агым бар болсо, анын көлөмү жана кайра чыгуучу агымдын агуу орду;
5) сууну пайдалануунун максаты;
6) эгерде суу сугат үчүн пайдаланылса, сууну пайдалануу тиешелүү болгон жер аянты;
7) уруксатты колдонуу мөөнөтү;
8) Суу жана жер ресурстары боюнча улуттук кеңештин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын суу мыйзамдарында белгиленген башка шарттар.
2. Сууну пайдаланууга берилген ар бир уруксат төмөнкүдөй жалпы талаптарды камтый, уруксаттын ээси алар боюнча төмөнкүлөрдү аткаруусу керек:
1) айлана-чөйрөнү булгабастан жана зыян келтирбестен сууну белгилүү бир максаттарга сарамжалдуу пайдалануу;
2) сууну пайдаланууга уруксат берүүгө байланышкан бардык чыгымдарды төлөө;
3) суу ресурстары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын талаптарына ылайык суунун көлөмүн өлчөө үчүн курулмаларды же приборлорду орнотуу же орнотууга уруксат берүү;
4) пайдаланылган суунун, анын ичинде дренаждык жана кайра чыгуучу агымдын көлөмүнүн эсебин суу ресурстары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын талаптарына ылайык жүргүзүү;
5) сууну пайдаланууга уруксатка тиешелүү суу берүүгө келишимдер жөнүндө, ошондой эле сууну пайдаланууга уруксаттын ээси суу берүүчү болгон учурларда мындай келишимдерге киргизилген кандай болбосун өзгөртүүлөр жана толуктоолор тууралуу толук маалыматты суу ресурстары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүү;
6) эгерде суу ресурстарын башкаруу үчүн бул негиздүү жана зарыл болсо, суу ресурстары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга сууну пайдаланууга тиешелүү маалыматты берүү.
3. Сууну пайдаланууга уруксат төмөнкүлөр киргизилген атайын шарттарды камтышы мүмкүн:
1) сууну пайдалануу;
2) сугат учурунда жер астындагы суулардын деңгээлине тиешелүү болгон талаптарды сактоо;
3) сууну пайдалануудагы мезгилдүү же убактылуу өзгөрүүлөр;
4) аймактык булгануунун таасирин төмөндөтүүчү чаралар;
5) айлана-чөйрөнү коргоо боюнча кошумча чаралар;
6) зарылдыгы Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу башка атайын шарттар.
4. Сууну ичүү максатында алууга жана ташууга берилүүчү сууну пайдаланууга уруксат уруксаттын ээсин "Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө" Техникалык регламент" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана ичүүчү суу менен камсыздоо жаатындагы башка ченемдик укуктук актыларда каралган санитардык-гигиеналык талаптарды сактоо зарылдыгынан бошотпойт.
32-берене. Сууну пайдаланууга уруксат алууга өтүнмөлөр жана аларды тандоо
1. Сууну пайдаланууга уруксат алууга өтүнмө кагаз жүзүндө жана/же электрондук түрдө суу ресурстары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет.
2. Сууну пайдаланууга ар бир өтүнмө стандарттык форма боюнча берилет, анда төмөнкүлөр камтылат:
1) өтүнмө тиешелүү болгон болжолдуу пайдалануунун сыпаттамасы;
2) болжолдуу пайдаланууга тиешелүү суу чарба курулмаларынын же башка жабдуунун жайгашуусу менен бирге сууну болжолдуу пайдалануу планы жана жайгашкан жеринин сыпаттамасы;
3) экология чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда экологиялык экспертиза;
4) пайдалануу үчүн керектүү суунун көлөмүнүн, ошондой эле кайра чыгуучу агымдын жана дренаждык жана саркынды суулардын агып чыгуу көлөмүнүн сыпаттамасы;
5) пайдаланылуучу жана агып чыгаруучу суунун көлөмүн эсепке алуунун болжолдонгон ченөө каражаттарынын сыпаттамасы;
6) маданият чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын тарыхый-маданий мурас объектилеринин жоктугу жөнүндө корутундусу.
3. Өтүнмөнү алгандан кийин 30 күндүн ичинде суу ресурстары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өтүнмө жөнүндө кулактандырууну жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарына андан ары жарыялоо менен өтүнмө тиешелүү болгон участокко изилдөө жүргүзүүгө тийиш. Участокту изилдөө жана өтүнмөнү жарыялоо боюнча негизделген чыгымдарды өтүнмө ээси төлөйт.
4. Сууну пайдаланууга берилген башка юридикалык же жеке жактардын укуктарын бузуучу же кемсинтүүчү өтүнмө кулактандыруу жарыялангандан кийин 30 күндүн ичинде суу ресурстары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга даттанылышы мүмкүн.
5. Суу ресурстары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өтүнмөлөрдү кароо жана тандоо процессинде төмөнкүлөр менен макулдашууларды жүргүзүүгө тийиш:
1) айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен;
2) эгерде өтүнмө жер астындагы сууларды пайдаланууга тиешелүү болсо, гидрогеология боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен;
3) эгерде өтүнмө шагыл жана башка материалдарды казып алууга тиешелүү болсо, жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен;
4) суу чарбасы боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен;
5) бириндентип карагай агызууну кошпогондо, бардык учурларда калктын санитардык-эпидемиологиялык бакубатгыгы жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен.
6. Мындай макулдашууларды жүргүзүү жол-жобосун Министрлер Кабинети аныктайт.
7. Сууну пайдалануу калдыктарды, саркынды сууларды жана булгоочу заттарды суу объектилерине агызуу менен коштолгон учурларда сууну жаңы пайдалануучулар үчүн сууну пайдаланууга уруксат менен кошо бир эле убакта агызууга уруксат таризделет. Сууну пайдаланууга уруксат алууга берилген өтүнмөлөр бардык учурларда ушул берененин жоболоруна ылайык ушул Кодекстин 52-беренесинин жоболоруна ылайык агызууга уруксат алууга берилген өтүнмөлөргө шайкеш келүүгө тийиш.
8. Суу ресурстары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган сууну пайдаланууга атайын уруксаттан тышкары, сууну пайдаланууга уруксатка өтүнмөлөрдү ушул берененин 10-бөлүгүнө ылайык кароону жүргүзөт.
9. Суу ресурстары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган сууну пайдаланууга атайын уруксатты алууга берилген өтүнмөнү Министрлер Кабинети тарабынан кароо жана сууну пайдаланууга атайын уруксатты берүү же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн Министрлер Кабинетине жазуу жүзүндөгү корутунду менен жиберет.
10. Сууну пайдаланууга уруксат же сууну пайдаланууга атайын уруксат алууга ар бир өтүнмө төмөнкүлөрдү эске алуу менен каралат:
1) суу ресурстарынын жетиштүү көлөмүнүн болушун;
2) тийиштүү бассейндик пландагы сууну бөлүштүрүүнү жана Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин;
3) сууну пайдалануу боюнча белгиленген артыкчылыктарды;
4) сууну башка пайдалануучулар тарабынан бар болгон укуктуу суу пайдаланууну жана сууну пайдаланууга уруксат берилген учурда аларга мүмкүн болуучу таасирин;
5) экология чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган экологиялык экспертизанын мазмунун же айлана-чөйрөгө тийгизген таасирине баа берүүнү;
6) өтүнмөгө карата кандай болбосун жазуу жүзүндөгү каршы пикирди;
7) ушул Кодекстин 59-беренесинде аныкталган суу объектилерине суунун экологиялык минималдуу агып чыгуусу бөлүгүнө карата экологиялык талаптарды.
11. Сууну пайдаланууга жаңы уруксат алууга өтүнмөлөрдү кароодо, ушул Кодекстин 34-беренесинде аныкталган учурларды кошпогондо, жактардын ушул Кодекске ылайык берилген сууну пайдаланууга колдонулуп жаткан уруксаттары боюнча укуктарын чектөөгө жол берилбейт.
12. Сууну пайдаланууга атайын уруксат алууга өтүнмөнү кароодо 30 күндүн жана сууну пайдаланууга уруксат алууга өтүнмөнү кароодо 30 күндүн ичинде суу ресурстары боюнча ыйгарым укуктуу орган өзүнүн чечими (макулдугу же баш тартуусу) жөнүндө өтүнмө ээсине жазуу жүзүндө кабарлайт. Баш тартуу жүйөлөштүрүлгөн болуусу керек.
13. Сууну пайдаланууга атайын уруксатты кошпогондо, сууну пайдаланууга уруксатка өтүнмө четке кагылган учурда, өтүнмө ээси суу ресурстары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисине чечимди кайра кароо жөнүндө жазуу жүзүндө өтүнүч бере алат, кайра кароо өтүнүч алынган күндөн тартып 30 күндүн ичинде жүзөгө ашырылууга тийиш. Өтүнмө кайрадан четке кагылганда, жазуу жүзүндөгү негиздеме берилет.
33-берене. Сууну пайдаланууга уруксатты убактылуу токтотуп туруу жана өзгөртүү
Сууну пайдаланууга уруксат жана сууну пайдаланууга атайын уруксат суу ресурстары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана Министрлер Кабинети тарабынан төмөнкүдөй жагдайларда убактылуу токтотулуп турушу жана/же өзгөртүлүшү мүмкүн:
1) кургакчылык мезгилинде же суу азайганда;
2) уруксат ээси уруксаттын шарттарын бузган учурда;
3) уруксат ээсинин өтүнүчү боюнча;
4) "Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык өзгөчө экологиялык абал же экологиялык кырсык жарыяланган учурда.
34-берене. Сууну пайдаланууга уруксатты жокко чыгаруу же убактылуу өзгөртүү
1. Сууну пайдаланууга уруксат төмөнкүдөй учурларда жокко чыгарылышы же убактылуу өзгөртүлүшү мүмкүн:
1) коомдук кызыкчылыктарга жана тийиштүү бассейндик планга ылайык сууну башка максаттар үчүн кайра бөлүштүрүү зарыл болгондо;
2) уруксат ээси шарттарды сактабаганда жана убактылуу токтотулуп турган же өзгөртүлгөн уруксаттын колдонуу мөөнөтү аяктаганда;
3) уруксат ушул Кодекстин 36-беренесин бузуу менен өткөрүп берилгенде;
4) уруксат ээсинин өтүнүчү түшкөндө;
5) уруксат берилген сууну 3 жыл бою катары менен пайдаланбаганда;
6) уруксат ээси каза болгондо же ишин токтоткондо;
7) уруксат ээси ушул Кодексте аныкталган жоопкерчиликке тартылганда;
8) тарыхый-маданий мурастын объектилерине жана алардын коргоо зоналарына зыян келтирилгенде.
2. Сууну пайдаланууга уруксат суу ресурстары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жокко чыгарылышы же убактылуу өзгөртүлүшү мүмкүн. Сууну пайдаланууга атайын уруксат Министрлер Кабинетинин чечиминин негизинде жокко чыгарылышы же убактылуу өзгөртүлүшү мүмкүн. Сууну пайдаланууга уруксатты жокко чыгаруу же убактылуу өзгөртүү жөнүндө чечим административдик (сотко чейинки) тартипте же болбосо сот тартибинде даттанылышы мүмкүн. Сууну пайдаланууга атайын уруксатты жокко чыгаруу же убактылуу өзгөртүү жөнүндө чечим сот тартибинде даттанылышы мүмкүн.
3. Сууну пайдаланууга уруксатты өзгөртүү жөнүндө өтүнмөгө өтүнмөнү кароо боюнча чыгымдарды төлөгөндүгү жөнүндө дүмүрчөк, ошондой эле Министрлер Кабинети бекиткен жободо аныкталган бардык керектүү маалымат тиркелет.
4. Эгерде уруксат ээси суу берүүчү болсо, анда суу ресурстары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган уруксатты жокко чыгаруудан же өзгөртүүдөн мурда сууну пайдаланууга уруксатка тийиштүү суу берүүгө бардык келишимдерди эске алуусу керек. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 2, 4-7-пункттарына ылайык уруксатты жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда суу ресурстары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же Министрлер Кабинети сууну алууга келишимдери бар бир же бир нече жакка же башка талапкерлерге уруксатты өткөрүп берүүгө укуктуу.
5. Уруксат ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык жокко чыгарылган же убактылуу өзгөртүлгөн учурда:
1) уруксат ээсине суунун альтернативдүү булагынан эквиваленттүү көлөмдөгү сууга жаңы уруксат берилүүгө тийиш;
2) же болбосо альтернативдүү булагы жок болгон учурда, компенсация төлөнүүгө тийиш. Компенсацияны берүү Министрлер Кабинети бекиткен жобонун негизинде жүзөгө ашырылат.
6. Эгерде компенсациянын суммасы тараптарда макулдашылбаса, иш сот тартибинде чечилет. Уруксат ээси суу берүүчү болгон учурда, уруксатка тиешелүү суу берүүгө келишимдердин ээлери, эгерде алар башка булактан суу менен камсыз кылынбаса, компенсация алуу укугуна ээ.
35-берене. Сууну пайдаланууга уруксатты узартуу
1. Уруксат ээси уруксат берилген мөөнөт аяктаганга чейин 12 айдан кечиктирбестен суу ресурстары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга уруксатты кийинки он беш жылдык мезгилге же кыйла кыска мөөнөткө узартууга өтүнмө бере алат. Өтүнмөгө Министрлер Кабинети бекиткен жоболордо аныкталган документтер тиркелет. Өтүнмө берилгенде, сууну пайдаланууга тийиштүү уруксат өтүнмө акыркы каралганга чейин күчүндө калат. Суу ресурстары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган уруксатты узартуудан баш тартуу үчүн олуттуу коомдук кызыкчылыктардын болуусуна байланыштуу тийиштүү бассейндик планда белгиленген артыкчылыктар менен суулардын баарын же бир бөлүгүн башка максаттарга кайра бөлүштүрүү болжолдонгон учурларды кошпогондо, же суунун көлөмүн колдонуудагы уруксатка караганда азайтуу зарылдыгы болгон учурда, сууну пайдаланууга уруксатты узартат. Суу ресурстары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган сууну пайдаланууга уруксатты узартууга же колдонуудагы уруксатта каралганга караганда суунун аз өлчөмүн пайдаланууга уруксатты узартууга берилген өтүнмөнү канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө өзүнүн чечиминин жазуу жүзүндөгү негиздемесин берет.
2. Уруксаттын баштапкы мөөнөтү уруксат аларга тиешелүү болгон инвестициялар боюнча чыгымдардын ордун толтурууга мүмкүндүк бербестигин уруксат ээси далилдеген учурда, сууну пайдаланууга атайын уруксат Министрлер Кабинетинин чечиминин негизинде узартылышы мүмкүн. Мындай учурларда уруксат ээси Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү жобого ылайык узартуунун зарылдыгын негиздөө менен узартууга өтүнмө жөнөтөт.
36-берене. Сууну пайдаланууга уруксатты өткөрүп берүү
1. Сууну пайдаланууга уруксат ээси жана сууну пайдаланууга атайын уруксаттын ээси сугатка же гидроэлектр станцияларын курууга тиешелүү уруксаттарды кошпогондо, уруксатты башка адамга өткөрүп бере алышат.
2. Сугаруу үчүн сууну пайдаланууга уруксат ушул беренеде белгиленген шарттарда жана тартипте гана өткөрүп берилиши мүмкүн.
3. Жер участогун сатып жаткан же уруксат ага тиешелүү болгон жерге карата өзүнүн кызыкчылыктарын башкача тескеген, сугаруу үчүн сууну пайдаланууга уруксат ээси суу ресурстары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга уруксаттан баш тартуу бере алат же болбосо аны жаңы ээсине же жерди пайдалануучуга өткөрүп бере алат.
4. Эгерде жаңы ээси же пайдалануучу бүтүм түзүлгөндөн кийин 2 айдын ичинде уруксатты суу ресурстары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда кайра каттатса, өткөрүп берилген уруксат жарактуу деп эсептелет.
5. Уруксат ээси каза болгон же ишин токтоткон учурда, анын мураскери же укук улантуучусу сууга укук ага өткөрүлүп берилген күндөн тартып 2 айдын ичинде сууну пайдаланууга уруксатты суу ресурстары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда кайра каттатууга милдеттүү.
37-берене. Сууну пайдаланууга уруксат берүү, өзгөртүү, жаңылоо жана каттоо үчүн административдик төлөм
1. Сууну пайдаланууга атайын уруксатты кошо алганда, сууну пайдаланууга уруксат берүү, өзгөртүү, узартуу жана каттоо үчүн административдик төлөм суу ресурстары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан алынат.
2. Сууну пайдаланууга атайын уруксатты кошо алганда, сууну пайдаланууга уруксат берүү, өзгөртүү, узартуу жана каттоо үчүн административдик төлөмдүн өлчөмү суу ресурстары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана тийиштүү өтүнмөлөрдү кароого жооптуу башка мамлекеттик органдардын, аларды жарыялоо боюнча негиздүү чыгымдарды кошо алганда, иш жүзүндөгү административдик жана башка чыгымдарын эске алуу менен Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
38-берене. Сууну пайдаланууга уруксатты каттоо
Суу ресурстары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган каттоо жүргүзүүгө милдеттүү, ал төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) ушул Кодекске ылайык берилген сууну пайдаланууга бардык уруксаттардын так мазмунун;
2) жаңы уруксаттарга же колдонуудагы уруксаттарды өзгөртүүгө берилген бардык өтүнмөлөрдүн так мазмунун;
3) уруксат ээси тарабынан уруксаттын шарттарына ылайык суу ресурстары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга мониторинг жүргүзүү боюнча жиберилүүчү кандай болбосун маалыматтарды;
4) эгерде сууну пайдаланууга уруксат ээси суу берүүчү болуп саналса, уруксатка тиешелүү суу берүүгө бардык келишимдердин так мазмунун;
5) суу мыйзамдарынын сакталышын контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан уруксаттарга карата салынган бардык санкциялардын жана айыптардын так мазмунун.
5-глава. Суу берүүгө келишимдин негизинде сууну пайдалануу
39-берене. Суу берүүгө келишим
1. Суу берүүчү тарабынан суу менен түздөн-түз камсыздалуучу суу пайдалануучулар ушул главанын жоболоруна ылайык келишим түзүү үчүн ага кайрыла алат.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүнө ылайык шаарларда жана башка калктуу конуштарда суунун берилиши үчүн жооптуу өнөр жай ишканаларынан же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан өтүнмө алынганда, суу берүүчү алар менен суу берүүгө келишим түзүүгө тийиш.
3. Ушул берененин 2-бөлүгүнө көрсөтүлбөгөн сууну пайдалануучудан ушул берененин 1-бөлүгүнө ылайык өтүнмө алганда, суу берүүчү аны менен суу берүүгө келишим түзө алат.
40-берене. Сууну пайдаланууга келишим боюнча сууну бөлүштүрүү
1. Суу берүүгө келишимде кабарлоонун датасы аныкталууга тийиш, ага карата ар бир суу пайдалануучу кийинки жылдын ичинде пайдалануу үчүн пландалган суунун көлөмү жөнүндө, ошондой эле суу берүүнүн сунушталган графигин суу берүүчүгө кабарлоого тийиш.
2. Кабарлаган күндөн тартып төрт жуманын ичинде суу берүүчү колдо болгон гидрометеорологиялык маалыматтын негизинде төмөнкүлөрдү аныктайт:
1) кийинки жылы ар бир ирригациялык тутумдагы же суу чарба курулмасындагы суунун болжолдонгон жалпы көлөмүн;
2) ар бир суу пайдалануучуга алардын кабарламаларында суралуучу көлөмдө сууну берүү мүмкүндүгүн.
3. Эгерде ирригациялык тутумдагы суунун ушул берененин 2-бөлүгүнө ылайык аныкталуучу болжолдонгон көлөмү бардык суу пайдалануучулардын суунун суралган көлөмүндөгү керектөөлөрүн канааттандыра алса, анда суу берүүчү ар бир суу пайдалануучу менен суу берүүнүн жана ал үчүн акы төлөөнүн графигин тиркөө аркылуу суу берүүгө келишим түзүүгө тийиш.
4. Эгерде ирригациялык тутумдагы суунун ушул берененин 2-бөлүгүнө ылайык аныкталуучу болжолдонгон көлөмү суу пайдалануучулар сураган суунун көлөмүн канааттандыруу үчүн жетишсиз болсо, анда суу берүүчү ар бир суу пайдалануучуга суу берүүнүн көлөмүн пропорциялуу негизде төмөндөтүүнү сунуштоого тийиш.
5. Сууну пайдалануучуларга суу берүүнүн көлөмүн төмөндөтүү болжолдонуп жаткандыгы жөнүндө кабарлагандан кийин суу берүүчү бир ирригациялык тутумдан же суу чарба курулмасынан суу алуучу ар бир суу пайдалануучу менен суу берүүнүн графигин макулдашууга тийиш.
6. Эгерде суу берүүгө келишим түзүлгөндөн кийин гидрометеорологиялык маалымат такталса жана бир эле ошол ирригациялык тутумдагы же суу чарба курулмасындагы суунун болжолдонгон жалпы көлөмү келишимдер боюнча берүүнүн суммалык көлөмүнө шайкеш келбесе, анда суу берүүчү ар бир суу пайдалануучу менен макулдашуу боюнча суу берүүнүн жапа ага акы төлөөнүн жаңы графигин тиркөө менен келишимге өзгөртүүлөрдү киргизет.
7. Эгерде келишим түзүүдө берилүүчү суунун көлөмүн төмөндөтүү каралса, анда берүүчү сууну ошол тутумдагы келишим ээлеринин ортосунда суу чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилүүчү нускамага ылайык пропорциялуу негизде бөлүштүрүүгө милдеттүү.
41-берене. Суу берүүгө болжолдуу келишим
Министрлер Кабинети суу чарбасы боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча суу берүүгө болжолдуу келишимдин формасын бекитет.
42-берене. Суу берүүгө келишимдин укуктук негизи
1. Суу берүүгө келишимде аны бузгандыгы үчүн суу берүүчү суу пайдалануучуну суу менен камсыздоону токтото турган шарттар каралат. Эгерде суу пайдалануучу сууну берүү боюнча көрсөтүлгөн кызмат үчүн төлөмдү 3 айдан ашык убакыт төлөбөсө, берүүчү суу берүүнү токтото алат.
2. Суу берүүчү сууну суу берүү жөнүндө келишимде белгиленген көлөмдө, суу берүү графигине ылайык бербесе, төмөнкүдөй учурларды кошпогондо, суу пайдалануучуга компенсация төлөөгө милдеттүү:
1) форс-мажордук жагдайларды;
2) суу пайдалануучу тарабынан суу берүүгө келишимдин шарттарын аткарбаган учурларды.
3. Суу берүүгө келишимде белгиленген суунун көлөмүн кем бергендиги үчүн суу пайдалануучуга компенсация төлөөнү эсептөө тартиби жөнүндө жобо Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
4. Суу берүүгө келишим тараптардын өз ара макулдашуусу же соттун чечими боюнча бузулушу мүмкүн.
43-берене. Суу берүүгө келишим боюнча кызмат көрсөтүүлөргө төлөм
1. Суу чарбасы боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган суу берүүчү тарабынан суу берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн эсептешүүлөрдү берүү тартибин аныктайт.
2. Мамлекеттин менчигинде турган ирригациялык жана дренаждык тутумдарды пайдаланган суу берүүчүнүн кызмат көрсөтүүлөрү үчүн акынын өлчөмү Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
3. Суу берүүгө келишим боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынган каражаттар суу берүүчүнүн ирригациялык жана дренаждык тутумдарды эксплуатациялоо жана техникалык тейлөө боюнча ар жылдык чыгымдарын жабууга сарпталат.
4. Берилүүчү суунун көлөмүн эсепке алуу суу берүүгө келишимдин шарттарына ылайык суу пайдалануучу жана суу берүүчү менен биргеликте жүргүзүлөт.
6-глава. Жер астындагы сууларды иштетүү жана пайдалануу
44-берене. Жер астындагы сууларды пайдаланууну жөнгө салуу
1. Жер астындагы сууларды 30 метрден кем тереңдиктеги скважинадан электр насостук жабдууну колдонуу менен алуу жана пайдалануу, жер астындагы сууларды өрт өчүрүү үчүн алууну жана пайдаланууну кошпогондо, суу ресурстары боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген суу пайдаланууга уруксаттын негизинде жүзөгө ашырылат.
2. Жер астындагы сууларды алууга жана пайдаланууга суу ресурстары боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан уруксат берүү тартиби жана шарттары Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
3. Жер астындагы сууларды 30 метрден ары тереңдиктеги скважинадан алуу жана пайдалануу "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен аныкталуучу тартипте милдеттүү лицензияланууга тийиш, ага төмөнкүлөр кошулбайт:
1) жер астындагы сууларды өрт өчүрүү үчүн алуу жана пайдалануу;
2) жеке же юридикалык жак тарабынан товардык айыл чарба продукциясын өндүрүү үчүн ичүүгө жарамсыз сапаттагы сууну алуу, ташуу же пайдалануу.
4. Жер астындагы сууларды пайдалангандыгы үчүн жыйымдын дифференцияланган ставкаларын аныктоо жана алуу тартиби Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
5. 30 метрден ашык тереңдиктеги гидрогеологиялык скважиналарды бургулоого өнөр жай, экологиялык коопсуздук жана жер казынасын коргоо бөлүгүндө экспертизадан өткөн долбоору, ошондой эле лицензиясы жок жактарга бургулоого тыюу салынат.
6. Жер астындагы суулардын топтолуусунун кайра калыбына келбөөчү зоналарынан сууларды пайдаланууга тыюу салынат.
45-берене. Суу топтоочу скважиналарды мамлекеттик эсепке алуу
1. Суу топтоочу скважинасы бар же бургулаган адам бургулоо аяктаган учурдан тартып 30 күндүн ичинде скважинанын техникалык мүнөздөмөлөрү жөнүндө жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кабарлоого милдеттүү. Жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган суу алуучу скважиналарды каттоону жана эсепке алууну жүргүзөт.
2. Ушул берененин 1-бөлүгү сакталбаган учурда Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчилик келип чыгат. Жер астындагы сууларды пайдалануучулар, эгерде бул скважинанын дебитине мүмкүндүк берсе жана скважина менчик укугунда болгон учурда скважинанын ээсинин макулдугу болсо, биргелешип алууга укуктуу.
3. Жер астындагы булактардан суу алууну жүргүзгөн жеке же юридикалык жак суу алууну эсепке алуу приборун жеке каражаттарынын эсебинен орнотууну камсыз кылууга милдеттүү.
4. Жер астындагы сууларды алуу үчүн скважиналар жок кылынууга тийиш эмес, бирок суу ресурстары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган долбоор боюнча консервацияланат жана анын балансына өткөрүп берилет.
5. Жер астындагы суулардын байкоочу скважиналарын жоготуу же бузуп алуу менен байланышкан чыгымдардын орду жер пайдалануучулар тарабынан ушундай скважинаны куруу наркына барабар өлчөмдө толтурулууга тийиш. Чыгымдарды эсептөө жана өндүрүү тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
7-глава. Суу пайдалануунун экономикалык механизмдери
46-берене. Мамлекеттик каржылоо
Мамлекет мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын атынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бюджеттик ассигнованиелер, кредиттерди, гранттарды, узак мөөнөттүү ссудаларды берүү түрүндө, ошондой эле чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу жолу менен суу пайдаланууга жана суу ресурстарын коргоого чыгымдарды толук же жарым-жартылай каржылоого катышат.
47-берене. Суу ресурстарын пайдалануу үчүн жыйым
1. Суу ресурстарын пайдалануу үчүн жыйым ар бир башкы бассейн үчүн суу ресурстарын изилдөө, баалоо жана коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын иш жүзүндөгү чыгымдарынын негизинде Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
2. Ушул беренеге ылайык алынган каражаттар төмөнкүлөрдү каржылоо үчүн пайдаланылат:
1) суу ресурстарын башкарууга тартылган мамлекеттик органдардын административдик сарптоолорун;
2) Улуттук суу стратегиясына ылайык суу ресурстарын натыйжалуу башкарууну жана пайдаланууну камсыз кылуучу суу секторун өнүктүрүү боюнча долбоорлорго финансылык сарптоолорду;
3) мамлекеттик суу чарба программалары менен аныкталган долбоорлорду;
4) Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу башка максаттарды.
3. Суу ресурстарын пайдалануу үчүн жыйымды аныктоо жана алуу тартиби ушул Кодекстин талаптарын эске алуу менен Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
48-берене. Суу ресурстарын пайдалануу үчүн жыйымды төлөөдөн бошотуу
1. Суу объектилери жана суу чарба курулмалары өрт өчүрүү жана өзгөчө кырдаалдарды жоюу үчүн акысыз берилет.
2. Суу ресурстарын пайдалануу үчүн жыйымды төлөөдөн мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган жаратылыш коруктары, ботаникалык бакчалар, заказниктер, жаратылыш эстеликтери, дендрологиялык парктар, зоологиялык парктар, мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржылануучу маданият, илим, билим берүү, саламаттык сактоо мекемелери жана башка мекемелер менен уюмдар бошотулат.
3. Суу пайдалануучулар суу ресурстарын пайдалангандыгы үчүн жыйымды төлөөдөн төмөнкүдөй учурларда бошотулат:
1) сууну ичүү жана чарбалык-тиричиликтик муктаждыктар үчүн пайдаланууда;
2) сууну калктын ичүү муктаждыктары үчүн алганда;
3) сууну электр энергиясын, анын ичинде кайра жаралуучу энергияны өндүрүү максаты үчүн пайдаланууда;
4) сууну айыл чарба өндүрүшүн, токой чарбасын, жашыл бакчаларды сугаруу максатында белгиленген лимиттин чегинде пайдаланууда;
5) сууну короодогу малды сугаруу жана үйдүн жанындагы участокту сугаруу үчүн пайдаланганда;
6) сууну санитардык жана экологиялык коё берүүдө;
7) сууну спорттук жана ден соолукту чыңдоо максатында, эс алуу жана ышкыбоздук балык уулоо үчүн пайдаланууда;
8) белгиленген лимиттин чегинде балык чарба ишин жүргүзүүдө;
9) суу объектилерине жана башка жаратылыш ресурстарына мамлекеттик мониторинг, ошондой эле геодезиялык, топографиялык, гидрографиялык жана издөө-тартуу иштерин жүргүзүүдө;
10) гидроэнергетикалык, мелиоративдик, балык чарба, суу транспорттук жана канализациялык багыттагы гидротехникалык курулмаларды жайгаштырууда жана курууда;
11) мамлекеттин коргонуу жана коопсуздук муктаждыктарын камсыз кылууда.
4. Төлөмдөрдүн мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу аларда оңдоо жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп жаткан суу чарба курулмаларына, жана башка учурларда Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте берилет.
8-глава. Суу ресурстарын булгануудан жана соолуп калуудан коргоо
49-берене. Сууларды классификациялоо
1. Суу жана жер ресурстары боюнча улуттук кеңеш суу ресурстары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын калктын санитардык-эпидемиологиялык бакубатчылыгы жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган сунушу боюнча, Министрлер Кабинети бекитүүчү ар бир суу объектиси боюнча аларды пайдалануунун сапатына жана багытына ылайык Кыргыз Республикасынын сууларын классификациялоону иштеп чыгууну уюштурат. Сууну пайдалануу багыттары аны ичүүчү, айыл чарба жана рекреациялык максаттар үчүн пайдаланууну камтышы мүмкүн, бирок аны чектебейт.
2. Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган калктын санитардык-эпидемиологиялык бакубатчылыгы жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу аркылуу суунун иштелип чыккан классификациясы бар ар бир суу объектиси боюнча суунун сапатына стандарттарды белгилөөгө тийиш.
3. Ичүүчү жана коммуналдык-тиричиликтик суу пайдаланууда суунун сапатынын стандарттары калктын санитардык-эпидемиологиялык бакубатчылыгы жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.
50-берене. Сууларды булгоого жалпы тыюу салуу
Суу объектилерине, суу чарба курулмаларына жана суу фондунун жана ирригациялык фонддун жерлерине төмөнкүлөрдү агызууга тыюу салынат:
1) таштандыларды;
1) булгоочу заттарды агызууга уруксатта аныкталган учурларды кошпогондо, булгоочу заттарды;
2) тазаланбаган жана жетиштүү эмес тазаланган саркынды сууларды.
51-берене. Тыюу салынган заттар жана булгоочу заттарды таштоо стандарттары жөнүндө жоболор
1. Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча Министрлер Кабинети суу объектилерине, суу чарба курулмаларына же суу фондунун жерлерине таштоого тыюу салынуучу, айлана-чөйрө үчүн коркунуч келтирүүчү кооптуу заттардын тизмесин бекитет.
2. Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча Министрлер Кабинети төмөнкүлөрдү аныктоочу жобону бекитет:
1) суу объектилерине булгоочу заттарды таштоонун максималдуу көлөмүн;
2) айлана-чөйрөгө булгоочу заттарды ташталганга чейин аларды тазалоо үчүн процесстерди жана стандарттарды.
52-берене. Булгоочу заттарды таштоого уруксаттар
1. Булгоочу заттарды таштоого уруксаттар айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет.
2. Булгоочу заттарды таштоого уруксат төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) белгилүү убакыт аралыгында таштоого боло турган булгоочу заттардын тизмегин жана көлөмүн;
2) саркынды суулар менен булгоочу заттарды таштоонун жайгашкан жеринин сыпаттамасын;
3) эгерде суу объектисине таштоо жүргүзүлсө, суу объектисинин суу пайдалануу категориясын;
4) саркынды сууларды агызуунун пландалган көлөмүн;
5) анын негизинде булгоочу заттарды таштоого уруксат берилген документтин аталышын.
3. Булгоочу заттарды таштоого уруксатта уруксат ээси үчүн булгоочулардын концентрациясын төмөндөтүү түрүндө чектөөлөр белгилениши мүмкүн.
4. Булгоочу заттарды таштоого уруксат 3 жылдан ашык эмес мөөнөткө берилет. Булгоочу заттарды таштоого уруксат айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жазуу жүзүндөгү уруксатысыз башка жакка өткөрүп берилиши мүмкүн эмес.
5. Булгоочу заттарды таштоого уруксат ушул Кодекс жана ага ылайык кабыл алынган Кыргыз Республикасынын башка ченемдик жана укуктук актылары менен жөнгө салынат.
6. Булгоочу заттарды таштоого уруксатка өтүнмө айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган белгилеген тартипте берилет.
53-берене. Булгоочу заттарды таштоого уруксатты токтотуп туруу, өзгөртүү же жокко чыгаруу
Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган булгоочу заттарды таштоого уруксатты төмөнкү учурларда убактылуу токтотуп турушу, өзгөртүшү же жокко чыгарышы мүмкүн:
1) кургакчылык же суунун азаюусу же өзгөчө кырдаал учурларында;
2) уруксаттын шарттары бузулган учурда;
3) уруксат ээсинин өтүнүчү боюнча;
4) эгерде бул коомчулуктун кызыкчылыгы үчүн зарыл болсо;
5) эгерде сууну белгиленген сапат стандартына ылайык келтирүүнү камсыз кылуу керек болсо.
54-берене. Булгоочу заттарды таштоо үчүн жыйым
1. Министрлер Кабинети булгоочу заттарды таштоо үчүн жыйымды белгилейт.
2. Булгоочу заттарды таштоо үчүн жыйымдардын өлчөмү, аларды алуу жана пайдалануу тартиби Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
55-берене. Суу ресурстарын коргоо боюнча иштерди жүргүзүү
1. Эгерде булгоочу заттар же таштандылар суу объектисине, суу чарба курулмасына же суу фондунун жерлерине ташталса, же таштала турган болсо, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган суу ресурстарын коргоо боюнча иштерди жүргүзүүгө милдеттүү болгон булгоочуга же потенциалдуу булгоочуга жазуу жүзүндө кабарлоо жиберүүгө тийиш.
2. Суу ресурстарын коргоо боюнча иштер өз алдынча жүргүзүлгөн учурда айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ага байланышкан чыгымдардын ордун булгоочунун же потенциалдуу булгоочунун эсебинен толтуруп алууга укуктуу.
56-берене. Жер астындагы сууларды булгануудан коргоо
1. Аймактарды зоналаштыруу пландарында жер астындагы сууларды булгоочу же сапаты үчүн потенциалдуу кооптуу участоктор аныкталат.
2. Суу ресурстары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана гидрогеология боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдашылган сунушу боюнча Министрлер Кабинети жер астындагы сууларды булгануудан коргоо боюнча жобону бекитет.
57-берене. Мөңгүлөрдү коргоо
1. Мөңгүлөрдүн эришин тездетүүгө таасир этүүчү көмүрдү, күлдү, майларды же башка заттарды же материалдарды пайдалануучу иш-аракеттерге, ошондой эле мөңгүлөрдүн абалына же аларда камтылган суулардын сапатына таасир этиши мүмкүн болгон иш-аракеттерге жана Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүндөгү иш-аракеттерди кошпогондо, муз даярдоо менен байланышкан иш-аракеттерге тыюу салынат.
2. Бул өзгөчөлүк Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнө мурдагы таасир этүүлөргө жайылтылбайт.
3. Мындай ишти жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүгү жөнүндө корутунду көз карандысыз экспертизанын жыйынтыктарын эске алуу менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан кабыл алынат.
58-берене. Сууларды сактоо боюнча колдоочу дем берүү
Мамлекет жүргүзүлүүчү изилдөөлөргө же жаңы технологияларды иштеп чыгууларга, сууну пайдаланууну азайтуучу жана суу ресурстарынын булганышын болтурбоочу же төмөндөтүүчү орнотмолорду жана жабдуулардын жаңы түрлөрүн түзүүгө дем берет жана камсыз кылат.
59-берене. Суунун минималдуу экологиялык агымына талаптар
Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана суу ресурстары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдашылган сунушунун негизинде Министрлер Кабинети балыктын корун жана суу экотутумун сактоо максатында белгилүү бир дарыялар жана суу объектилери үчүн суунун экологиялык агымына карата минималдык талаптарды белгилейт.
9-глава. Коргоо зоналары
60-берене. Коргоо зоналарынын түрлөрү
1. Коргоо зоналарынын түрлөрүнө төмөнкүлөр кирет:
1) санитардык коргоо зоналары;
2) агым түзүлүүчү зоналар;
3) жер астындагы сууларды коргоо зоналары;
4) суу коргоо зоналары жана тилкелери;
5) өзгөчө экологиялык кырдаалдардын жана экологиялык кырсыктардын зоналары.
2. Ар бир бассейндик план иштеп турган коргоо зоналарынын сыпатталышын жана зарыл учурларда жаңы коргоо зоналарын түзүү же иштеп турган зоналардын чектерин өзгөртүү боюнча сунуштарды камтыйт.
61-берене. Санитардык коргоо зоналары
1. Санитардык коргоо зоналары, ичүүчү жана чарбалык-тиричилик суу менен камсыздоо үчүн, ошондой эле дарылоо максаттарында жер үстүндөгү жана жер астындагы суу объектилеринен суу топтоо үчүн пайдаланылган суу объектилерин жана суу чарба курулмаларын курчай орнотулат. Санитардык коргоо зоналары суу объектисинин өзүн камтуу менен, тиешелүү суу чарба курулмасынын тегерегиндеги аймакты ээлейт.
2. Чарбалык-ичүүчү багыттагы суу менен камсыздоо булактарын жана суу түтүктөрүн санитардык коргоо зоналарынын өлчөмдөрүн, жайгашкан жерип жапа режимин аныктоо тартиби жөнүндө жобо калктын санитардык-эпидемиологиялык бакубатчылыгын камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыгат жана Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
3. Чарбалык-ичүүчү багыттагы суу менен камсыздоо булактарын жана суу түтүктөрүн санитардык коргоо зоналарынын жайгашкан жери, өлчөмү жана режими Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген тартипте жергиликтүү мамлекеттик администрация тарабынан аныкталат.
62-берене. Агым түзүлүүчү зоналар
1. Дарыялар түптөлгөн аймак агым түзүлүүчү зона болуп эсептелет. Агым түзүлүүчү зоналар суу ресурстары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
2. Ушул Кодекстин 57-беренесинде каралган учурларды кошпогондо, агым түзүлүүчү зоналарда төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) калдык сактоочу жайларды, таштанды чогултуучу жерлерди, көрүстөндөрдү, малдын тарптары көмүлгөн жерлерди жана суу ресурстарынын сапатына терс таасир этүүсү мүмкүн болгон башка чарбалык объектилерди жайгаштырууга;
2) суу объектилерин каптаган музду, мөңгүлөрдү жана кар күрткүлөрүн өндүрүштүк, тиричилик жана башка калдыктар менен булгоого, ошондой эле аларды мунай продуктулары, уулуу химикаттар жана башка зыяндуу заттар менен булгоого.
3. Агым түзүлүүчү зоналарда чарбалык жана башка ишти жүргүзүүгө чектөө жана тыюу салуу тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
63-берене. Жер астындагы сууларды коргоо зоналары
1. Жер алдындагы суулардын булганышы үчүн аялуу аймак жер астындагы сууларды коргоо зонасы болуп саналат. Жер алдындагы сууларды коргоо зонасы айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана гидрогеология боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
2. Жер астындагы сууларды коргоо зоналарында чарбалык жана башка ишти жүргүзүүгө чектөө жана тыюу салуу, анын ичинде төмөнкүлөргө карата тыюу салуу жана чектөө тартиби Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет:
1) агын суулар менен жер сугарууга;
2) жер астындагы суулардан суу алууга;
3) эриткичтерди же химикаттарды пайдаланган же сактаган өнөр жай же коммерциялык ишканаларды эксплуатациялоого;
4) калдыктардын таштандысын жайгаштырууга;
5) суу ресурстары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана гидрогеология боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу иштин башка түрлөрүнө.
64-берене. Суу коргоо зоналары
1. Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрация суу ресурстарынын булганышына алып келүүсү, же суу объектилерине же суу-чарба курулмаларына зыян келтирүүсү мүмкүн болгондугуна байланыштуу иштин белгилүү бир түрлөрү чектелген же тыюу салынган суу коргоочу зоналарды жана тилкелерди суу объектилеринде жана гидротехникалык курулмаларда орнотот. Иштин мындай түрлөрүнө төмөнкүлөр кирет:
1) мал чарба фермаларын жайгаштыруу жана эксплуатациялоо;
2) пестициддерди, органикалык жана химиялык жер семирткичтерди пайдалануу жана колдонуу;
3) өнөр жай ишканаларын эксплуатациялоо;
4) калдыктарды сактоо, кайра иштетүү жана таштоо;
5) курулуштарды куруу.
2. Суу коргоо зонасында жеке жана юридикалык жактардын суу ресурстарын пайдалануу жана коргоо режимдерин сактоосуна жана башка чарбалык ишине мамлекеттик контролду суу мыйзамдарынын сакталышын контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ишке ашырат.
3. Суу коргоо зоналарына (тилкелерине) бөлүнүп берилген суу фондунун жана ирригациялык фонддун жерлерин атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуусуз башка максаттар жана муктаждыктар үчүн берүүгө тыюу салынат.
65-берене. Суу объектилериндеги өзгөчө экологиялык кырдаал жана экологиялык кырсык зоналары
Кыргыз Республикасынын Президенти кайсы болбосун суу объектисине карата өзгөчө экологиялык кырдаал же экологиялык кырсык зоналарын жарыялоо жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн.
10-глава. Өзгөчө кырдаалдар
66-берене. Суу ташкыны, кургакчылык, сел жана жер көчкү жүрүү жөнүндө маалыматтын жана эскертүүнүн бирдиктүү тутуму
1. Суу ресурстары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана гидрометеорология боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча Министрлер Кабинети жергиликтүү, бассейндик жана улуттук маанидеги суу ташкындарынын, кургакчылыктын, сел жана жер көчкүнүн мүмкүн болуучу жакынкы жана орто мөөнөттүү коркунучтары жөнүндө мамлекеттик органдарга жана коомчулукка эскертүү үчүн суу ташкыны, кургакчылык, сел жана жер көчкү жөнүндө маалыматтардын бирдиктүү тутумун түзөт.
2. Суу ташкыны, кургакчылык, сел жана жер көчкү жүрүү жөнүндө маалымдоонун бирдиктүү тутуму акыркы жылдар боюнча төмөнкүлөр жөнүндө маалыматты жана учурдагы божомолдоону камтыйт:
1) суу ташкыны, сел жана жер көчкүлөр;
2) кургакчылык;
3) табигый суу объектилеринин, анын ичинде бийик тоолуу көлдөрдүн абалы жана туруктуулугу;
4) негизги суу чарба курулмаларынын, анын ичинде суу сактагычтардагы плотиналардын жана дарыялардагы коргоочу дамбалардын абалы жана туруктуулугу;
5) калк үчүн суу ташкындарынын, кургакчылыктын, сел жана жер көчкүлөрдүн коркунучу.
3. Суу ресурстары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча Министрлер Кабинети суу ташкыны, кургакчылык, сел жана жер көчкүлөр жөнүндө улуттук маалымат тутумунда камтылуучу маалыматтарды таратуу жөнүндө жобону бекитет.
67-берене. Суу ташкынынан, селден жана жер көчкүдөн коргонуу
1. Бассейндик план суу ташкындары, селдер жана жер көчкүлөр жүрүшү мүмкүн болгон тобокелдик аймактарын жана суу ташкынынын, сел жүрүүнүн жана жер көчкүлөрдүн кесепетинен адамдардын ден соолугуна, өмүрүнө жана мүлкүнө зыян келтирүү тобокелдигинин алдын алуу же минимумга жеткирүү максаттарында мындай аймактарда тыюу салынууга же чектелүүгө тийиш болгон иштин түрлөрүн аныктайт.
2. Бассейндик планга ылайык ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген аймактарда төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жазуу жүзүндөгү макулдугусуз суу ташкыны, сел жана жер көчкүнүн жүрүүсү ыктымал болгон тобокелдик аймактарында имараттарды жана курулмаларды курууга;
2) жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жазуу жүзүндөгү уруксатысыз суу ташкынына, селге жана жер көчкүгө алып келүүсү ыктымал болгон иштин аныкталган түрлөрүн жүргүзүүгө.
3. Суу ресурстары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен биргеликте калкты жана өнөр жай зоналарын, адамдардын ден соолугун жана өмүрүн жана алардын мүлкүн, айыл чарба жерлерин суу ташкыны жана сел жүрүү тобокелдигинен коргоо максатында курулмаларды куруу жана эксплуатациялоо боюнча ар жылдык программаларды жана пландарды иштеп чыгат. Мындай программалар жана пландар Суу жана жер ресурстары боюнча улуттук кеңешке берилүүгө тийиш, ал аларды каржылоо булактары менен камсыз кылууну эске алуу менен чечим кабып алат.
68-берене. Өзгөчө кырдаалдар учуруна карата чараларды пландоо
1. Суу ресурстары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен биргеликте бассейндик пландардын жана мурунку жылдар үчүн маалыматтардын негизинде аймактарда суу ташкыны, сел жана жер көчкү жүрүү учуруна карата иш-чаралар планын түзөт жана мезгил мезгили менен жаңылап турат.
2. Суу ташкыны, сел жана жер көчкү жүрүү учуруна карата пландар төмөнкүлөрдү аныктайт:
1) суу ташкыны, сел жана жер көчкү пайда болгондугу жөнүндө калкка кабарлоо жана эскертүү үчүн маалыматтардын тутумун;
2) суу ташкыны, сел жана жер көчкү жүргөн учурга карата пландарды аткарууга жооптуу мамлекеттик органдарды;
3) жарандык калкты эвакуациялоо боюнча иш-чаралардын тутумун;
4) эвакуацияланган адамдарды азык-түлүк жана турак жай менен камсыз кылуу боюнча иш-чараларды.
3. Өзгөчө кырдаалдарды жоюу жол-жобосу жана тартиби "Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен аныкталат.
69-берене. Кургакчылык жана суунун азаюусу
Кургакчылык же суу азайган мезгилде Министрлер Кабинети төмөнкүлөргө укуктуу:
1) суу ресурстарын пайдалануу менен байланышкан иштин айрым же бардык түрлөрүнө чектөөлөрдү киргизүүгө;
2) уруксат ээлери үчүн сууну агызып чыгарууга пайдаланууга лимит же чектөөлөрдү киргизүүгө;
3) кургакчылыкка жана суунун азаюусуна туш болгон аймактарда жаңы артыкчылыктарды убактылуу киргизүүгө.
11-глава. Плотиналардын коопсуздугу
70-берене. Плотиналардын ээлеринин жана/же пайдалануучуларынын жоопкерчилиги
Плотинанын ээси жана/же пайдалануучусу төмөнкүлөрдү камсыздайт жана алар үчүн жоопкерчилик тартат:
1) плотинанын коопсуздугу;
2) плотинаны коопсуз эксплуатациялоо жана техникалык тейлөө;
3) плотинаны талаптагыдай эмес эксплуатациялоонун натыйжасында келтирилген зыян.
71-берене. Плотиналарды классификациялоо
1. Кыргыз Республикасынын плотиналары, анын ичинде гидроэнергетикалык багыттагы плотиналар төмөнкүдөй үч категорияга бөлүнөт:
1) республикалык маанидеги плотиналар;
2) бассейндик маанидеги плотиналар;
3) райондук маанидеги плотиналар.
2. Плотиналарды классификациялоо үчүн критерийлер төмөнкүлөргө негизделет:
1) плотинанын бийиктигине;
2) топтолуучу суунун көлөмүнө;
3) плотина бузулган учурда коомчулук, мүлк жана суу ресурстарынын сапаты үчүн тобокелдикке;
4) плотина бузулган учурда потенциалдуу чыгымдардын өлчөмүнө жана мүмкүн болуучу зыянга;
5) суунун сапатынын өзгөрүү ыктымалына;
6) плотина бузулган учурда социалдык-экономикалык таасирге;
7) плотинанын мамлекеттер аралык маанисине.
3. Плотиналардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча комиссиянын сунушу боюнча Министрлер Кабинети республикалык, бассейндик жана райондук маанидеги плотиналарды эксплуатациялоону жана техникалык тейлөөнү өркүндөтүү боюнча инспекциялоону, мониторинг жүргүзүүнү жана чараларды көрүүнү уюштуруу тартибин аныктайт.
72-берене. Плотиналардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча комиссия
1. Министрлер Кабинети көз карандысыз техникалык орган катары плотиналардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча комиссия түзөт.
2. Плотиналардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча комиссия плотиналарга жүргүзүлгөн инспекциялоонун натыйжасы боюнча Министрлер Кабинетине сунуштарды берет. Министрлер Кабинети мүмкүн болуучу өзгөчө кырдаалдарды болтурбоо максатында плотина ээлерине жана/же пайдалануучуларына аткаруу үчүн милдеттүү болгон оңдоо же курулуш иштерин жүргүзүү жөнүндө көрсөтмөлөрдү берет.
3. Плотиналардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча комиссия плотиналарды инспекциялоо боюнча сунуштарды иштеп чыгат жана белгиленген тартипте аларды Министрлер Кабинетине берет.
4. Плотиналардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча комиссия коопсуздук жөнүндө отчет даярдайт жана аныкталган кемчиликтерди четтетүү боюнча сунуштамаларды берет:
1) республикалык маанидеги плотиналар үчүн - 5 жылда кеминде бир жолу;
2) бассейндик маанидеги плотиналар үчүн - 10 жылда кеминде бир жолу;
3) райондук маанидеги плотиналар үчүн - 15 жылда кеминде бир жолу.
73-берене. Плотиналарды каттоо
1. Плотинанын ээси жана/же пайдалануучусу ушул Кодекс күчүнө кирген күндөн тартып 6 айдын ичинде аны каттоо үчүн тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өтүнмө берүүгө милдеттүү. Каттоого өтүнмө белгиленген форма боюнча берилет жана плотинанын ээси же пайдалануучусу, плотинанын жайгашкан жери жана өлчөмү, конструкциясынын бөлүктөрү жөнүндө маалыматтарды жана башка керектүү маалыматтарды камтыйт.
2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын плотиналарын каттоону жүзөгө ашырат жана маалыматтар базасын жүргүзөт, анда ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн маалыматтар камтылат.
3. Плотинанын ээси жана/же пайдалануучусу плотинанын конструкциялык элементтеринин ишиндеги ар кандай өзгөрүүлөрдү жана аныкталган кемчиликтерди, ошондой эле аны эксплуатациялоодогу кемчиликтерди жана көйгөйлөрдү көрсөтүү менен аны күтүү жана техникалык тейлөө жөнүндө толук баяндоо аркылуу, тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жылдык отчетту берет.
12-глава. Ирригациялык жана башка суу чарба иши
74-берене. Ирригациялык жана дренаждык тутумдарды техникалык тейлөө боюнча иштерди аткаруу
1. Ирригациялык же дренаждык тутумдун ээси жана/же пайдалануучусу аны талаптагыдай күтүүнү жана техникалык тейлөөнү камсыз кылат. Мамлекеттик же муниципалдык ээси же болбосо пайдалануучу бул иштерди өз күчү менен же подряддык уюмду тартуу менен аткарууга укуктуу.
2. Оңдоо жана реабилитациялоо иштерин жүргүзүүдө суу чарба курулмаларын жана каналдарын бөлүү тилкелеринин чектериндеги бадалдуу өсүмдүктөрдү жана бак-дарактарды кыюу, ошондой эле санитардык кыюу жана куураган бадалдарды кыюу айлана-чөйрөнү коргоо боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, суу ресурстары боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, суу чарбасы боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, Кыргыз Республикасынын суу мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашпастан жүргүзүлөт.
75-берене. Ирригациялык тутумдарды күтүүнү жана техникалык тейлөөнү камсыз кылуу боюнча пландар
1. Дефекттик актылардын негизинде суу берүүчүлөр ирригациялык жана дренаждык тутумдарды күтүү, техникалык тейлөө жана реконструкциялоо боюнча пландарды иштеп чыгат. Пландар бир жыл ичинде жана келечекте аткарууга эсептелип иштелип чыгат.
2. Ирригациялык жана дренаждык тутумдарды күтүүнү жана техникалык тейлөөнү камсыз кылуу боюнча ар жылдык пландын минималдуу мазмуну төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) аткаруунун долбоордук наркын аныктоо менен алардын түрлөрү. ирригациялык жана дренаждык тутумдары боюнча талап кылынуучу оңдоо иштеринин көлөмүн аныктоо;
2) оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн аткаруучуларды тандоо, сугат сезонунун башталышын эске алуу менен оңдоо иштерин баштоонун жана аяктоонун календардык мөөнөтү;
3) ирригациялык жана дренаждык тутумдарды күтүүгө жана техникалык тейлөөгө каражаттарды керектөөнү жана суу берүүчүнүн финансылык мүмкүнчүлүктөрүн аныктоо.
3. Ирригациялык жана дренаждык тутумдарды реконструкциялоо (реабилитациялоо) боюнча келечектүү пландын минималдуу мазмуну төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) реконструкциялоону талап кылуучу ирригациялык жана дренаждык тутумдардын тизмегин аныктоо;
2) иштин көлөмүн белгилөө жана аларды аткаруунун долбоордук наркын аныктоо;
3) пландаштырылуучу иштердин экономикалык натыйжалуулугун аныктоо;
4) учурдагы жылды камтуу менен жакынкы 5 жылга иштерди аткаруунун графигин иштеп чыгуу;
5) аткарууга пландалган иштерди каржылоо булактарын жана подрядчыларды аныктоо.
76-берене. Ирригациялык жана дренаждык тутумдарды күтүүнү жана техникалык тейлөөнү каржылоо
1. Мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган ирригациялык жана дренаждык тутумдарды күтүү жана техникалык тейлөө мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын, суу берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдүн эсебинен жүргүзүлөт.
2. Мамлекеттик же муниципалдык ирригациялык жана дренаждык тутумдарды реабилитациялоого финансылык чыгымдар мамлекеттик бюджеттен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка булактардан камсыз кылынат.
77-берене. Ирригацияга жана дренажга дотация
Жогорку Кеңеш Министрлер Кабинетинин сунушу боюнча ирригацияга жана дренажга жыл сайын дотация белгилеши мүмкүн.
13-глава. Суу чарба курулмаларына менчик укугу жана пайдалануу. Жер фондунун жана ирригациялык фонддун жерлери
78-берене. Ирригациялык, дренаждык тутумдарга жана суу чарба курулмаларына болгон менчик
1. Ирригациялык, дренаждык тутумдар жана суу чарба курулмалары мамлекеттик жана муниципалдык менчикте болушу мүмкүн.
2. Министрлер Кабинети суу чарбасы боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча мамлекеттик ирригациялык, дренаждык тутумдардын жана суу чарба курулмаларынын тизмесин бекитет жана мезгил-мезгили менен кайра карап чыгат.
3. Бирден ашык суу пайдалануучуну тейлеген же тейлөөсү мүмкүн болгон райондор аралык, облустар аралык жана мамлекеттер аралык маанидеги ирригациялык, дренаждык тутумдар жана суу чарба курулмалары мамлекеттин гана менчигинде болот.
4. Муниципалдык менчикте турган ирригациялык жана/же дренаждык тутумдар жергиликтүү кеңештин чечими боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекетке акысыз өткөрүп берилүүсү мүмкүн.
5. Ирригациялык, дренаждык тутумдар жана суу чарба курулмалары шаар статусуна ээ болгон калктуу конуштарда муниципалдык менчик объектилеринин статусуна ээ болуусу мүмкүн, атап айтканда:
1) алар жергиликтүү бюджеттердин эсебинен курулган жана эксплуатацияланган учурда;
2) мамлекеттик менчиктен акысыз өткөрүп берилген учурда.
79-берене. Ирригациялык фонддун жерлерин пайдалануу
1. Ирригациялык фонддун жерлери ирригациялык багыттагы суу чарба курулмаларын, ошондой эле коллектордук-дренаждык тутумдарды жана тиешелүү инфратүзүм объекттерин эксплуатациялоо, техникалык тейлөө жана оңдоо үчүн колдонулат.
2. Ирригациялык фонддун жерлеринде, мындай жерлерди, суу чарба курулмаларын же алардын бөлүгүн төмөнкүлөр үчүн берүү учурларын кошпогондо, ирригациялык ишти камсыз кылуу менен байланышпаган иштерди жүргүзүүгө, анын ичинде курулмаларды курууга тыюу салынат:
1) көрктөндүрүү;
2) гидроэлектрстанцияларын же энергиянын кайра жаралуучу булактарынын объектилерин куруу жана иштетүү;
3) балык чарба иши.
3. Ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн максаттар үчүн суу чарба курулмаларын максаттуу пайдаланууну камсыз кылууну, анын ирригациялык режимин жана курулманы эксплуатациялоонун коопсуздугун сактоону караган келишимдин негизинде суу чарба курулмаларын 5 жылга чейин убактылуу пайдаланууга берүү суу чарбасы боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ишке ашырылат.
4. Ирригациялык фонддун жерлери Министрлер Кабинети аныктаган тартипте убактылуу чектелген пайдаланууга берилиши мүмкүн.
5. Суу чарба объектилеринде эксплуатациялоо жана/же оңдоо иштерин жүргүзүү максатында бадал-дарак өсүмдүктөрүн кыюу айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан уруксат албастан же аны менен макулдашпастан жүргүзүлөт.
6. Гидротехникалык курулмаларды долбоорлоодо, курууда, реконструкциялоодо жана эксплуатациялоодо тарыхый-маданий мурас объектилеринин сакталышын камсыз кылуу боюнча чаралар каралууга жана өз убагында жүзөгө ашырылууга тийиш.
80-берене. Суу фондунун жерлерин пайдалануу
1. Суу фондунун жерлери убактылуу (мөөнөттүү) пайдаланууга Министрлер Кабинети аныктаган тартипте төмөнкү максаттар үчүн берилиши мүмкүн:
1) айыл чарба муктаждыктары үчүн;
2) токой чарба муктаждыктары үчүн;
3) балык чарба муктаждыктары үчүн;
4) аңчылык чарба муктаждыктары үчүн;
5) жер участокторун белгиленген тартипте трансформациялоодон кийин энергетика чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу боюнча объектилерди жайгаштыруу үчүн;
6) жеңил конструкциядагы байланыш курулмаларын (капиталдык эмес) орнотуу үчүн;
7) рекреациялык иш-чараларды жүргүзүү үчүн;
8) маданият чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын тарыхый-маданий мурас объектилеринин жок экендиги жөнүндө корутундусу болгондо башка максаттар үчүн.
2. Жеңил конструкциядагы (капиталдык эмес) байланыш курулмаларын орнотуу үчүн суу фондунун жерлеринен 36 м2ден ашпаган өлчөмдөгү аянтты пайдаланууга берүүгө жол берилет.
3. Суу чарба курулмаларынан 1000 метрден кем эмес узундуктагы участоктордо дарыялардын нугунун жана алардын жээктеринин абалын начарлатууга алып келүүчү ишти жүргүзүүгө жол берилбейт.
4. Суу ресурстары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган айлана-чөйрөнү коргоо, суу ресурстарын башкаруу, тарыхый-маданий мурас объектилерин коргоо кызыкчылыгында же Министрлер Кабинетинин чечими менен аныкталуучу башка себептер боюнча Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында же белгилүү бир жерлерде суу объектилеринин жээктерин пайдаланууга чектөө киргизиши мүмкүн.
81-берене. Суу объектилеринен жана суу фондунун жерлеринен шагыл жана башка материалдарды казып алуу
1. Шагыл казып алууга уруксат суу ресурстары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан пайдалануучунун өтүнмөсү боюнча ушул Кодекстин 4-главасында аныкталган тартипте берилген учурларды кошпогондо, дарыялардын нугунан, алардын жээктеринен жана коргоо зоналарынан шагылды жана башка материалдарды казып алууга тыюу салынат.
2. Ушул беренеге ылайык берилген уруксат 5 жылга чейинки мөөнөткө жарактуу.
3. Уруксатта төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:
1) казып алууга жол берилген шагылдын жана башка материалдардын көлөмү жана тиби;
2) шагылды жана башка материалдарды казып алуу каражаттары;
3) уруксатка тиркелүүчү планга ылайык шагылды жана башка материалдарды казып алууга жол берилген аймак;
4) уруксат ээсине уруксат боюнча маалыматтарды жыйноого, мониторинг жүргүзүүгө жана отчеттуулукка тийиштүү талаптар.
4. Эгер шагыл казып алуу төмөнкүлөргө зыян тийгизиши мүмкүн болсо, уруксат берилбеши керек:
1) суу менен байланышкан коомдук жумуштарга;
2) суу объектилеринин жээктеринин бекемдигине;
3) суу фаунасына;
4) учурдагы суу пайдалануучулардын сууну пайдалануусуна;
5) суу чарба курулмаларынын коопсуздугуна;
6) тарыхый-маданий мурас объектилерине жана алардын коргоо зоналарына.
5. Шагыл жана башка материалдарды казып алууга уруксат бергендиги үчүн уруксат ээлеринен акы алынат. Акынын өлчөмү жана шагыл казып алууга уруксат берүү жол-жобосу Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
14-глава. Кыргыз Республикасынын суу мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
82-берене. Кыргыз Республикасынын суу мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
Кыргыз Республикасынын суу мыйзамдарын бузган жактар Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине жана Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчилик тартат.
83-берене. Суу объектилерине келтирилген зыян үчүн жарандардын жана юридикалык жактардын жоопкерчилиги
1. Суу объекттерине жана суу чарба курулмаларына юридикалык жана жеке жактар тарабынан келтирилген зыяндын, анын ичинде алынбай калган пайданын орду ыктыярдуу түрдө же соттун чечимине ылайык толтурулат.
2. Кыргыз Республикасынын суу мыйзамдарын бузгандыгына байланыштуу суу объектилерине жана суу чарба курулмаларына келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча доолор суу мыйзамдарынын сакталышын контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же мүлктүк кызыкчылыктарына зыян келтирилген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет.
3. Орду толтурулган зыяндын суммасы Кыргыз Республикасынын республикалык же жергиликтүү бюджеттерине которулат.
4. Кыргыз Республикасынын суу мыйзамдарын бузуунун натыйжасында суу объектилерине жана суу чарба курулмаларына келтирилген зыяндын ордун толтуруу шарттары жана тартиби ушул Кодекс жана ага ылайык кабыл алынган Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.
84-берене. Кыргыз Республикасынын суу мыйзамдарын бузуу менен жасалган бүтүмдөрдүн жараксыздыгы
Суу мамилелерине байланышкан жана Кыргыз Республикасынын суу мыйзамдарын бузуу менен жасалган бүтүмдөр жараксыз болуп саналат.
15-глава. Суу жөнүндө бирдиктүү маалымат тутуму
85-берене. Суу жөнүндө бирдиктүү маалымат тутумунун мазмуну
Суу жөнүндө бирдиктүү маалымат тутуму төмөнкүлөрдүн маалыматтарын камтыйт:
1) мамлекеттик суу кадастрынын;
2) мамлекеттик мелиоративдик кадастрдын;
3) суу чарба курулмаларынын мамлекеттик реестринин;
4) сууну пайдаланууга уруксаттардын жана сууну пайдаланууга атайын уруксаттардын реестринин;
5) булгоочу заттарды агызууга уруксаттардын реестринин;
6) ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды агызуу чөйрөсүндөгү суу берүүчүлөрдүн реестринин;
7) суу жана ирригациялык фонддордун жерлери жөнүндө;
8) негизги суу чарба курулмаларынын, анын ичинде суу сактагычтардагы плотиналардын жана дарыялардагы коргоочу дамбалардын абалы жана туруктуулугу жөнүндө;
9) Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу башка маалыматтарды.
86-берене. Мамлекеттик статистикалык отчеттуулукту жүргүзүү тартиби
Суулардын абалы жана пайдалануу жөнүндө мамлекеттик статистикалык отчеттуулукту жүргүзүү тартиби, ошондой эле отчеттуулуктун маалыматтарын түзүүдө, берүүдө жана пайдаланууда мамлекеттик органдардын, суу пайдалануучулардын жана башка кызыкдар тараптардын иш-милдеттери, укуктары жана милдеттери Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
87-берене. Мамлекеттик суу кадастры
1. Мамлекеттик суу кадастры суу объектилеринин абалы, аларды пайдалануу жана коргоо, алардын суу ресурстары, суу пайдалануучулар жөнүндө системалаштырылган расмий маалыматтардын жыйындысын туюндурат.
Мамлекеттик суу кадастрына киргизилген ар бир суу объектиси боюнча маалыматтардын каттоо номери, аталышы жана физикалык-географиялык, гидрологиялык, укуктук жана экономикалык көрсөткүчтөрү камтылган комплекстүү мүнөздөмөлөрү болушу керек.
2. Сууну пайдаланууну мамлекеттик эсепке алууну жүргүзүү, контролдоо жана коргоо тартиби, мамлекеттик органдардын жана суу пайдалануучулардын сууну пайдаланууну эсепке алуу, контролдоо жана коргоо чөйрөсүндөгү укуктары жана милдеттери Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат жана мамлекеттик суу кадастрын жүргүзүү үчүн негиз болуп саналат.
3. Мамлекеттик суу кадастры бирдиктүү тутум боюнча жүргүзүлөт жана төмөнкүлөр жөнүндө системалаштырылган расмий маалыматтардын жыйындысын билдирет:
1) суу объектилеринин жана алардын суу ресурстарынын абалы жана аларды пайдалануу;
2) суу пайдалануучулар;
3) жер үстүндөгү суулардын көлөмү жана сапаты;
4) жер астындагы суулардын көлөмү жана сапаты;
5) суунун режими, сапаты жана пайдаланылышы;
6) суу фондунун жерлери;
7) суу чарба курулмалары;
8) тарыхый-маданий мурас объектилери (алар болгон учурда).
4. Суу ресурстарына мамлекеттик мониторинг жүргүзүүнүн маалыматтары мамлекеттик суу кадастрына киргизилет, ал суу ресурстарын башкаруу, суу чарбасын өнүктүрүүнү пландоо, суу фондун сарамжалдуу пайдалануу жана коргоо үчүн зарыл болгон маалыматтар менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлөт.
5. Мамлекеттик суу кадастры Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү жобого ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан жүргүзүлөт.
6. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыктыгына карабастан юридикалык жактардан жана жеке жактардан - суу пайдалануучулардан алардын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен мамлекеттик суу кадастрын жүргүзүү үчүн зарыл болгон маалыматтарды тоскоолдуксуз жана акысыз алууга укуктуу.
88-берене. Мамлекеттик мелиоративдик кадастр
1. Мамлекеттик мелиоративдик кадастр суу объектилери жана башкы суу бассейндери боюнча сугат жерлеринин мелиоративдик абалы жөнүндө маалыматтардын системалаштырылган жыйындысын билдирет жана төмөнкүлөрдүн негизинде белгиленет:
1) байкоо жүргүзүлүүчү иштеп жаткан бардык скважиналар боюнча жер астындагы сууларды минералдаштыруу жөнүндө маалыматтардын;
2) отчеттук жана андан мурунку жылдардагы сугат жерлердин шор басып кетишинин сүрөтүнүн маалыматтарынын;
3) сезондук өзгөрүүлөрдүн өзгөчөлүктөрүн жана андан мурунку жылдардын статистикасын эске алуу менен байкоо жүргүзүлүүчү скважиналардын көрсөткүчтөрү боюнча жер астындагы суулардын деңгээлдеринин өзгөрүүсү жөнүндө маалыматтардын.
2. Мамлекеттик мелиоративдик кадастр суу чарбасы боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Министрлер Кабинети бекитүүчү жобого ылайык жүргүзүлөт.
3. Суу чарбасы боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыктыгына карабастан ишканалардан, мекемелерден, уюмдардан жана суу пайдаланган жарандардан мамлекеттик мелиоративдик кадастрды жүргүзүү үчүн зарыл болгон маалыматтарды тоскоолдуксуз жана акысыз алууга укуктуу.
89-берене. Суу фондун пайдаланууну эсепке алуунун жана контролдоонун мамлекеттик тутуму
1. Сууларды пайдаланууну мамлекеттик эсепке алууну жүргүзүү, контролдоо жана коргоо тартиби, мамлекеттик органдардын жана суу пайдалануучулардын укуктары жана милдеттери, ошондой эле сууларды пайдаланууну эсепке алуу, контролдоо жана коргоо чөйрөсүндөгү талаптар Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат жана мамлекеттик суу кадастрын жүргүзүү үчүн негиз болуп саналат.
2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик суу фондун түзүүчү бардык суу объектилери жана аларда топтолгон суу ресурстары, ошондой эле суу объектилеринен курулмалардын жана техникалык түзүлүштөрдүн жардамы менен алынып коюлган жана калктын муктаждыктары жана экономиканы өнүктүрүү үчүн пайдаланылуучу же болбосо суу объектилерине агызылуучу суулар мамлекеттик эсепке алынууга, контролдонууга жана корголууга тийиш.
3. Суу фондун пайдаланууну эсепке алуунун, контролдоонун жана коргоонун мамлекеттик тутуму төмөнкүлөрдү карайт:
1) суунун көлөмүн жана сапатын мүнөздөөчү параметрлерге тутумдуу байкоолорду жана өлчөөлөрдү, анын ичинде суу объектилерине мониторинг жүргүзүүнү уюштурууну;
2) стационардык байкоо жүргүзүү станцияларынын жана посттордун түйүнүн, көчмө (ташыма) өлчөөчү приборлорду жана түзүлүштөрдү, байланыш линияларын, маалыматтарды чогултуу, иштеп чыгуу, топтоо жана сактоо каражаттарын камтыган инфратүзүмдү түзүүнү жана өнүктүрүүнү;
3) суу мыйзамдарынын, сууларды пайдалануу жана коргоо чөйрөсүндөгү башка ченемдердин жана эрежелердин сакталышына мамлекеттик көзөмөл жүргүзүү функциясын ишке ашырууну;
4) мамлекеттик суу кадастрын жүргүзүүнүн негизинде суу объектилерин эсепке алууну жана каттоону;
5) суу фондунун жерлерин пайдаланууну эсепке алууну жана каттоону;
6) мамлекеттик реестрди жүргүзүүнүн негизинде суу чарба курулмаларын эсепке алууну жана каттоону;
7) сууну пайдаланууга берилген уруксаттардын/лицензиялардын негизинде суу пайдалануучуларды эсепке алууну жана каттоону;
8) сууну пайдалануу жана коргоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик статистикалык отчетту жүргүзүүнү;
9) суу пайдалануу жана коргоо чөйрөсүндөгү ченемдик камсыздоону;
10) суунун көлөмүн жана сапатын өлчөө методдорун жана каражаттарын метрологиялык камсыздоону;
11) суунун абалы, аны пайдалануу жана коргоо жөнүндө маалыматтык камсыздоону;
12) суу ресурстарынын көлөмүнүн жана сапатынын жол берилген көрсөткүчтөрүнө, суулардын көрсөткүчтөрүн өлчөөлөрдүн тактык ченемдерине коюлуучу талаптарды регламенттөөчү жана суу объектилерине өндүрүштүк жана башка иштин тийгизген таасиринин чектерин жөнгө салуучу ченемдик-техникалык, санитардык-гигиеналык жана метрологиялык камсыздоо тутумун.
90-берене. Маалымат тутумдарына коомчулуктун жетүүсү
Ушул Кодекстин 91-беренесинин 2-бөлүгүндө аныкталган учурларды кошпогондо, коомчулуктун өкүлдөрү бирдиктүү маалымат тутумуна жетүү укугуна ээ.
91-берене. Маалымат тутумдарында камтылган маалыматтарга жетүүгө чектөөлөр
1. Бирдиктүү маалымат тутумуна Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик же кызматтык сыр болуп саналган, ошондой эле жеке маалыматтарга таандык болгон маалыматтар киргизилиши мүмкүн эмес.
2. Юридикалык же жеке жак уруксат берүүгө же уруксат алууга өтүнмө берүүгө тиешелүү маалыматтын купуя болуп саналгандыгы жана мындай маалыматтын реестрде болушу ага экономикалык зыян же чыгым алып келүүсү мүмкүн экендиги жөнүндө арыз менен реестр жүргүзүүчү мамлекеттик органга кайрыла алат. Ушундай өтүнүч менен кайрылган учурда арыз ээси ага келтирилиши мүмкүн болгон экономикалык чыгымдын жана зыяндын ыктымалдыгынын далилин берүүгө тийиш.
16-глава. Суу мамилелери жаатындагы эл аралык кызматташуу
92-берене. Эл аралык суу мамилелери чөйрөсүндөгү кызматташуунун негизги принциптери
Кыргыз Республикасынын аймагында түптөлгөн жана анын чегинен сыртка агып чыккан дарыялардын суу ресурстарын пайдалануу жаатындагы мамлекеттик саясатты жүзөгө ашырууда, ошондой эле сууга байланыштуу көйгөйлөр боюнча эл аралык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө Кыргыз Республикасы төмөнкү принциптерге жана жоболорго таянат:
1) өзүнүн аймактык чек араларынын аймагындагы суу объектилерине, суу ресурстарына жана суу чарба курулмаларына мамлекеттик менчиктин өзгөчө укугун таануу;
2) сууну, аны пайдалануунун бардык атаандаштык түрлөрүндө өзүнүн экономикалык наркына ээ болгон жаратылыш ресурстарынын түрү катары таануу;
3) суу боюнча эл аралык мамилелерде сууну пайдалануу үчүн акы төлөө;
4) кызыкдар мамлекеттер тарабынан түзүлгөн жана келишим түзүүчү тараптардын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирүүчү эл аралык келишимдердин негизинде Кыргыз Республикасынын суу ресурстарын эл аралык пайдаланууну жүзөгө ашыруу;
5) Кыргыз Республикасынын суу ресурстарын пайдаланууда адилеттүү жана акылга сыярлык, ошондой эле сарамжалдуу негизде өз ара экономикалык пайда алууга жетишүү эл аралык келишимдер менен каралат;
6) өзүнүн дарыяларынын агымын жөнгө салууну жана сууну пайдалануучу-мамлекеттерге суу берүүнү жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын суу пайдалануучу-чектеш мамлекеттерден эл аралык маанидеги суу чарба курулмаларын курууга, реконструкциялоого жана эксплуатациялоого коротулган чыгымдардын жана зыяндын ордун үлүштүк толтурууга укугу;
7) эл аралык суу чарбалык макулдашууларды жана долбоорлорду ишке ашырууда чет өлкөлүк өнөктөштөр менен өз ара мамилелерди рыноктук экономикалык негизде ишке ашыруу;
8) суу ресурстарын, суу объектилерин жана аларга чектеш жерлерди сактоо, коргоо, өнүктүрүү жана комплекстүү пайдалануу боюнча программаларды жана долбоорлорду иштеп чыгууда, инвестициялоодо жана биргелешип ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын чектеш жана башка кызыкдар мамлекеттер менен өз ара аракеттенүүсү;
9) суу ресурстарын үнөмдүү пайдаланууну камсыз кылуучу техникалык каражаттарды жана технологияларды иштеп чыгууда жана ишке киргизүүдө чет өлкөлүк өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү;
10) суу чарба тутумдарын, курулмаларды жана түзүлүштөрдү жабдуу жана техникалык жактан кайра жабдуу үчүн механизациялоо, автоматташтыруу каражаттарын, эсептөө техникаларын, жабдууларды жана приборлорду түзүү жана ишке киргизүү боюнча илимий-изилдөө, тажрыйбалык-конструктордук жана технологиялык иштеп чыгууларды инвестициялоону жүзөгө ашыруу.
93-берене. Биргелешкен эл аралык суу чарба программаларын жана долбоорлорун каржылоо
Кызыкдар мамлекеттердин катышуусу менен биргелешкен эл аралык суу чарба программаларын жана долбоорлорун каржылоо тараптардын үлүштүк каржылык катышуусуна жараша жүзөгө ашырылышы мүмкүн. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирүүчү эл аралык келишимдердин шарттарында өз ара кызыкчылыктарды эске алуу менен суу чарба программаларын жана долбоорлорун каржылоонун башка формалары да каралышы мүмкүн.
94-берене. Эл аралык суу мамилелери чөйрөсүндөгү эсептешүүлөрдү жүргүзүү
Биргелешкен суу чарба программаларын жана долбоорлорун жүзөгө ашыруудагы эсептешүүлөрдүн жана төлөөлөрдүн тартиби Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттер менен түзүлүүчү эл аралык келишимдеринин шарттары менен аныкталат.
95-берене. Суу объектилерин, суу ресурстарын жана суу чарба курулмаларын эл аралык пайдалануу маселелерин жөнгө салуу
1. Кыргыз Республикасы менен башка мамлекеттердин ортосундагы суу объектилерин, суу ресурстарын жана суу чарба курулмаларын пайдалануу маселелери алардын ортосундагы эл аралык келишимдер, ошондой эле эл аралык ченемдер менен жөнгө салынат.
2. Кызыкдар тараптарга суу ресурстарын берүүнүн шарттары, анын ичинде суу бөлүштүрүү көлөмдөрү Кыргыз Республикасынын калкын биринчи кезекте камсыздоону жана экономика тармактарынын суу ресурстарына болгон келечектүү керектөөлөрүн эске алуу менен, өзүнчө эл аралык келишимдер менен аныкталат.
96-берене. Стратегиялык мааниге ээ болгон суу чарба объектилерин коргоо
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчиги болуп саналган жана стратегиялык мааниге ээ болгон Токтогул, Күрпсай, Таш-Көмүр, Шамалды-Сай, Үч-Коргон, Киров, Орто-Токой, Папан суу сактагычтарынын, Чумыш плотинасынын, Чоң Чүй каналынын жана башка ирригациялык курулмаларынын коопсуздугун жана натыйжалуу иштөөсүн камсыз кылуу максатында бул суу чарба курулмаларынан суу ресурстарын пайдалануучу мамлекеттер тарабынан чыгымдардын үлүштүк ордун толтуруу шарттарында алар Кыргыз Республикасы тарабынан атайын коргоого алынууга тийиш.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
2025-жылдын 30-апрелинде |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |